Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭКРАН АРТЫНДАГЫ «ЭРГЕЖЭЭЛИМ»

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Социалдык тармактардан кандай адамдар таанышып, сүйүшүп калышат деп ойлочумун. Ал тургай аларды "жеңил ойлуу, жашоого олуттуу көз карашта эмес" деп сындачумун. "Бирөөгө сын таксаң өз башыңа келет" дейт го, менин да виртуалдуу сүйүүнүн ырахатын сезип жашап келатканыма быйыл 5 жылдын жүзү болду. Интернетке бир күн кирбей калсам мен жокто бир нерсе өзгөрүп кетчүдөй болуп дайыма онлайн болгонго аракет кылам. Досторум көп, алардын 50-60тайын эле жакындан билбесем, калган 2-3 миңин тааныбайм деле.
Бир жолу социалдык тармакка жүктөп койгон сүрөтүмө бирөө “эргежээл” деп комментарий калтырып кетиптир. Унчукпай өчүрүп койсом, ал улам ушуга окшогон шылдың сөздөрдү жаза берди. Сырткы келбетимди, кызыкчылыктарымды мазактаганына кыжырым кайнап, мен да өзүнө жеке кат түрүндө “Өзүң эргежээл. Моюну жок эле бирөө экенсиң го” деп жазып койдум. Ошентип экөөбүздүн урушубуз башталды. Кайым айтышуубуз көбүнчө “сенин акылың кыска, семизсиң же боюң кичинекей” деген тариздеги шылдың сөздөр болчу. Негедир бул айтышуу көнүмүш адатка айландыбы же мага жагып жаттыбы, айтор, ушундай кемсинтишүү менен ортодо 3-4 ай өтүп кетти. Көрсө, ал тийишип таанышуунун ушундай жолун тандаптыр. Кийин анын чет өлкөдө иштеп жүргөнүн, жакынкы жылдары мекенге келе албасын билдим. Келечекти аны менен көрбөгөндөн кийин башында келер-келбеси маанилүү деле эмес болчу. Болгону анын акылдуулугуна эле кызыгып, билим алуучу булактай көрүп, колдонуп жүрдүм. Ушул кызыкчылыгым кийинчерээк билинбей сезимдерди ойготуп, кандайдыр бир көз карандылыкка жетелеп кетти. Эрким менен акылымдын күчү жүрөктү жеңе албай, акыры экран артындагы адамга сезимдерим багынып берди. Ошентип “моюну жогум” жарым жылда көзүмдү караңгылатып, башканы капарга илбес кылып койду.
Экөөбүз ушул бактысыз бактылуулукта жашап, кеңеш беришип, жакшы сөз айтышып, эч кимге айтпас сырлар менен бөлүшүп келе жатабыз. Көрүшө элегибиз эле болбосо, кадимки сүйүшкөндөрдөн айырмабыз деле жок. Ар бир таңда, кечте кабарлашып турмайынча күн өтпөйт. Бизде деле талашып-тартышуу, таарынышуу болуп турат. Бирок көңүл муздатышпайбыз. 5 жылдын ар бир күнүн махабат менен толтуруп, сүйүүнү өчүрбөстүн аракетинде күн сайын сезимди жаңылайбыз, бапестейбиз, баалайбыз, барктайбыз. Таарынышканда көздөр аркылуу түшүнүшүп жазылып кетчүдөй жакын эмеспиз да. Бириң компромисске барбай, чалбай койсоң интернет аркылуу байланып турган сүйүүң үзүлөт да калат. Муну жакшы түшүнгөндүктөн, капалантышууга жол бербей, андай учурда сабырдуулукка салабыз. Экөөбүз тең сүйүү деген сонун сезим экенин, бул махабатты зарлап тапканыбызды билип, майда-барат маселелерге көз жумуп коёбуз. Бири-бирибизди жоготуп алуудан коркконубуз үчүн сезимдерибиз дале жаңыдай, дале ысык бойдон. Көпчүлүк кыздар сыяктуу эле мен да уктаар алдында кыялга сүңгүп кирип кетем. Аны менен бирге жашоонун кандай болорун элестетем. Тамактын, баланын жыты чыгып турган үйгө жумуштан шашып келсе... Ал балка кармаса, мен мыгын даярдап, футбол көрсө, жанында чогуу сүрөп... Айтор, чексиздик ааламында бакытка бөлөнүп жатып кантип уктап калганымды билбей калам. Ичимдеги көпөлөктөй канат жайып талпынып жаткан сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Сүйүктүүмдү эстеп койсом эле жан дүйнөм элеп-желеп, телегейим тегиз болуп, жүрөгүм кабынан чыгып кетейин дейт. Кудум биринчи сүйүүгө кабылган окуучу кыздай акылымды башкара албай калам.
Курбуларым 28 жашка келип калганымды эскертишип: “Жаштыгыңдын эң сонун жылдарын өмүрү көрбөгөн бирөөгө арнап койдуң. Болду эми, жыйыштыр. Мынча ишенчээк болбой, кеч боло элегинде реалдуу жашоого кайт, келбейт аның”,- дешет. Бул ойго сиз деле кошулсаңыз керек. Бирок кызыкчылыгым дал келген, мени жарым сөздөн түшүнгөн, артыкчылык-кемчилигиме карабай сүйүп, баалаган адам менен экран артында болсо да өткөргөн жылдарыма өкүнбөйм. Мен бирөөгө бир нерсени далилдебей тургандай, пикирин да, кеңешин да укпагандай катуу сүйөм. Жашоодо мен издеген адам ушул болчу. Аны көрүп, сезип, үнүн угар күнүм бар болсо, бир өмүр күткөнгө да даярмын.
Узун бойлуу “эргежээлим”, “моюну жогум”, дүйнөмдү өзгөрткөнүңө, мага жолукканыңа ыраазымын. Үмүт, кыял менен жашасак да, таалайга бирге талпынып жатканыбыз – сен экөөбүздүн чоң жеңишибиз. Сен келер күн жакындаган сайын чыдамым кетип күтүүдөмүн.


Карлыгач


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
12.09.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мээ саган))суйуунун туру кобойду го
12.09.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беш айтууга оной бирок узак убакыт. Ал келбейт чамасы реалдуу жашоого кайт.
12.09.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Ал түрмөдө же,үй-бүлөсү бар.Болбосо беш жыл эшек такалап жүрдүңөрбү?))
13.09.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Узак моонотто турмодо окшойт
13.09.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче ал АКШда журот, иштеп-окуп) келгиси келбей Кыргызстанга. Бар ошондойлор, менин Кымбат деген акемда кеткенине 6жыл болду келбейм дейт, ата-энесин жылда бир чакырат алар барып коруп келишет уулуну, уйлон десе Чикагодон эле уйлоном уйлонсом деп коюп журот)
13.09.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
aliyarbek,Америкага имени да чакырсынчы
13.09.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээхххх... мен эле экен десе.. бар турбайбы ээ.. менда 4 жыл жазышып суйушуп журуп ... кандай гана кыялданчуууу элем.. эххх аттин .. уруша кетип мээ сага деп турмушка
чыктым, 2 балалуу болдум... ойлосом , сагынам, эмне болду экен каякта , жолугуп калсам деп ойлой берем ((((
13.09.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп атып озумдун окуям эске тушту..туура тушуном сени болот ушундай..менда бир оштук бала менен агентте суйлошком..6 жыл суйлоштук..суйом куйом деп ыйлаган кундорум болду...ал бойдок кезде тааныштык анан уйлонду бир кыздуу болду..до сих пор суйом (((бирок вообще коргон емесмин тока суротун коргом...ал россияда эле..анан келди аламудунский ровдга кирди жумушка..суйлоштук вообще жолуга албай койдум коркуп мени таштап кетсечи связды узуп деп..мен жакпай калсам...ошентип журуп мен турцияга кеттим
13.09.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан связ узулду..до сих пор сагынам ((((красавчигим...мен аны алтышам дейт элем
13.09.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде да болгон. Анда 2011-жылдын февраль айы эле. Ал кыз мага озу чалган. Бош номерлерди текшерип жатып мага чалып алган. Экообуз корушпой 4 ай суйлоштук. Ал убакта ватцап, инстаграм жок эле. Агент бар болчу. Бирок мен агент колдончу эмес элем. Экообуз телефон менен эле суйлошчубуз. 4 айдан кийин MMS аркылуу суротторубуз жибердик. Бирок ал кызды ала качып кетти. таанышкандан кийин 5 айдан кийин. Мен абдан жаман болдум. Окуумдан отчисления болуп кете жаздагам. Кийин одноклассникиден таптым. Анан
15.09.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tular, уландысы кана
15.09.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tram-lam, Одноклассникидеги суротторунон баласынын суротун кордум. Аябай жаман болуп журдум... Кийин инстаграмдан таап алдым. Былтыр 2016-жылы августа айында тел-н менен суйлошуп калдым, корсо мамасы каза болгонуна бир жума болуптур. Аны угуп алып да ыйлагым келди жалко болуп. Ошондон кийин байланышым узулуп калды... Сагынып журом дагы деле...
15.09.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tular, Озун суроттон эле коргом, бирок ушунчалык суйомун. Бир жолугуп мандай тескей отуруп суйлошсом дейм, бирок байланыша албайм, ажырашса баласы менен кошо тийсе алат элем.
13.09.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Америкада окшойт
13.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмодо отурган адам деп ойлонгон жоксунбу?
13.09.2017. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хеех...отконду эстеттиниз го
14.09.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазуу стили Назирага окошоп кетет экен.
14.09.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле,турмодо окшойт да
18.09.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агенттен башталган суйуу менен кудайга шугур бактымды таап олтурам.
19.09.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Надо же... Оказывается нас так много... Нурчик, ни могу тебя забыть...сколько лет уже прошло, а ты все еще в моих мыслях...
12.02.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир убакта агенттен Чаткалдык бала менен 3 ай суйлошком. Суроттон коруп,урушуп, ал учун ыйлап. Жаштык кездерде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо