«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)


Жамиля көзүн ачты. Маңдайында Керем тиктеп турган экен. Коркуп кеткенинен көзүн жума калды. “Түшүм болуш керек, ал менин жаныма кайдан келмек эле?” деди жан талашып. Тилекке каршы, түшү эмес эле. Жамиля үчүн дүйнөдөгү эң жагымсыз үн Керемдики болсо керек. Ошол үн, жек көргөн ошол жүз так маңдайында туруп жай сүйлөп жатты.
– Коркпо, тиштеп албайм мен,- деди ал кыжалат боло. Кыздын титиреп коркуп кеткенине ыңгайсыз боло жаагын сүргүлөп алды. Стаканга суу куюп жанына келди.
– Суу ичесиңби?
Жамиля башын чайкады.
– Мен каяктамын?- деди айланасын тиктеп.
– Ооруканада. Оор жумуш кылып жатып эсиңди жоготуп коюптурсуң. Эмнеге мындай кылдың? Эмнеге биздин үйдөн кетип калдың?
Эрдин тиштеп үн каткан жок. Эмнени айтмак ага? Дили, тили, турушу менен жат адамга абалын эмне деп түшүндүрмөк? Жөн гана кетип калышы керек. Ордунан туруп, эшик тарапка жөнөдү. Башы айлана түшүп босогону кармай калды.
– Сен кайда?
– Тийбе мага!- жөлөй калган Керемдин колун силкип жиберди.
– Кайда барасың бул абалыңда?
– Сенин ишиң эмес!- канча жаш улуу экенин билсе да сен деп кыйкырды. Жаны ачып тиш салууга даяр болуп түтөп турду.
– Угуп тур, сулуу кыз, сабырымды түгөтпө. Сени менен ишим болмок да эмес, болбойт дагы. Бирок мындан ары сенин жашооң менин ишим, түшүндүңбү?- деди да, Керем жулкулдатып барып кайра керебетке отургузуп койду. Жамиля Керемди жек көрө тиктеп алды. Керем аргасыз кетенчиктеп кетти. Эмне жалын бар бул кыздын көзүндө? Жүрөгү кайрадан дүкө-дүк боло түштү. Бул кызды тиктегенде өзү да акырына чейин аңдап түшүнбөгөн бир сезимге туш болот. Керемдин бул сезимге акылы жетпей аң-таң. Мына азыр да бүрүшө түшкөнү менен, кайрат кылып сес көрсөтүп жаткан кызга боору ачып кетти. Бооруна алып кучактаса, маңдайынан сылап экөөнүн баласы боло турганын айтса, пландары менен бөлүшсө...
– Мага жардамыңдын кереги жок. Бооруң ачыбай эле койсун. Сен тууралуу бирөөгө айтат деп жатсаң, коркпой эле кой, эч кимге айтпайм. Болгону мени жайыма кой,- деди Жамиля.
– Эми кааласам да сени жайыңа коё албайм. Билесиңби эмнеге? Анткени сенин боюңда бар. Менин балам сенин карыныңда.
Жамилянын көздөрү чоңоюп кетти. Алакандары менен оозун жаба үч бүктөлүп отура калды. Чын экен да. Эмне болот эми? Кантет? Алибек экөө эмне болот? Аны эстегенде көкүрөгүндөгү муштумдай эт чырылдап жиберди. Оозун күбүрөтө бир нерсе деп жатты. Керем кулагын жакшы төшөдү. “Алибек...” Жамиля ушул ысымды кайра-кайра кайталап шыбырап жаткан эле.


Ххх

Кимдир бирөөнүн кыялын талкалап көрдүңүз беле? Менимче, бул адам үчүн эң оор кылмыш. Мейли чоң болобу, мейли жаш баланын кыялыбы, аны талкалаганга эч кимдин акысы жок. Керем өзү да билбей бирөөнүн кыялын талкалап, бут алдына ыргытты да, койду. Жамиля боюнда бар экенин уккандан бери ыйлап жатты. Керем анын маңдайына отургуч коюп алып жаныбарга эксперимент жасаган окумуштуудай таң кала тиктеп отурду. Сааттар өттү. Бул кызды карап отургандан тажай турган ою жок. Дабышсыз, ыза болгон баладай дирилдеп ыйлайт. Жаштар агат, жүзү жуулуп. Керем үчүн Жамилянын дүйнөсү башкача эле. Адатта ал аялдардан бат тажап кетчү. Мунун ыйлаганын карап отурган да кызык.
– Болду эми, ыйлап бүттүңбү? Эми мени кара, жакшылап ук. Бул жерден үйгө барасың. Эч нерсе болбогондой ишиңди улантасың. Мен энем менен сүйлөшөм. Азырынча эч нерсени ойлобо, мен баарын жайгарам. Анан эсиңде болсун, карындагы баланы бир нерсе кылам дечү болбо. Менин көзүм сенин үстүңдө болот.
– Мен төрөбөйм бул баланы.
– Мен сенден сурап отурбайм. Төрөйсүң, болгондо да бул менин фамилиямды алат. Тунжа фамилиясы канча атадан өтүп келе жатат билесиңби? Кайдан билмек элең бул фамилиянын даражасын. Эми бул бала Тунжа атын алып жүрөт.
– Кандайча?
– Жамиля, сен эстүү кызсың. Мени жакшылап ук. Бул балага менин фамилиямды берүүнүн бир гана жолу бар. Ал... Демек, мындай, сен Ахмедге, менин иниме турмушка чыгасың.
– Эмне-е?- Жамилянын көзү чакчайып кетти.
– Ахмед акылы кем болгону менен, башка мүчөсү соо. Кадимкидей эле эркек. Ал тургай айрым эркектерден да күчтүү болушу мүмкүн. Эч ким анын баласы эмес деп ойлобойт. Баналдуу көрүнүш. Үй кызматчысы кем акыл уулдун башын айлантып боюнда кылып алды дешет. Эч бир адам ал бала менин балам экенин билбеши керек. Ушул учурду өткөрүп жиберсек калганын мен жайгарам. Ахмед көп жашабайт, дарыгерлер “көп болсо дагы 5-6 жыл жашашы мүмкүн” дешкен. Андан кийин сен баланы мага калтырасың, Ахмеддин мураскери катары менин кароомдо калат. Сен каалаган суммадагы акчаңды аласың да, мамлекетиңе кетесиң. Албетте, кааласаң. Каалабасаң бул жакта...
Ал сөзүн бүтпөй токтоду. Бир ирмемге төрөлө турган баласы, Жамиля үчөө үй-бүлө болуп жашап жатканы көз алдына тартыла калды. Тим эле жонун жыбыраткан жагымдуу сезим.
Жамиля аны таң кала тиктеп турду. Алдында эч нерсе болбогондой баарын жай түшүндүрүп жаткан Керемдин көпкөк көздөрүн тиктеп туруп жырткычка окшоштурду. Куду кол салууга даярданып келе жаткан жырткыч. Башка кылганы аз келгенсип, кем акыл инисине үйлөндүрмөкчүбү? Жамилянын тагдыры менен топ ойногондой эле ойномокчубу? Денесин кордоп, эч нерсе болбогондой алдында турат, эми сезимин, адамдык ар-намысын да тебелемекчи. Кыз ачуусун араң ичине катып жатты. Колунда болгондо, күчү жеткенде бул көк көз эркекти тытып жеп салмак беле, ким билсин.


Ххх

Алибек Бишкекке түнү менен келди. Аны студент досу тосуп алмак. Азамат менен кучакташып көрүшүп, түз эле аэропортко жөнөштү.
– Дос, эми жакшы бар. Бир беттеген нерсеңден артка кайтпайсың. Жамиляны тап, тез келгиле, экөөңөр стамбулдук болуп кетпей,- деди тамашалаган Азамат.
– Аза, апамдын абалын сурап, мага WhatsApp менен жазып тур, ээ. Апам телефон менен байланышка чыга албайт. Иштери чыгып калса жардамдашып тур. Атам деле бир аз убакытта жумшарып калар.
– Кабатыр болбо, аяш атам менен энем менде.
Достор кучакташып коштошушту. Учакка отурган Алибек жеңил дем алды. Эми чоң шаардан Жамиляны кантип табат? Болгону колунда Жамиля чогуу кеткен Зина эженин телефон номери бар. “Табам” деди өзүнө ишенимдүү. Учакка биринчи жолу отурушу эле, такыр уктай албай койду. Жанындагыларга көз салды. Жанында өзүнөн 5-6 жаш улуу жигит да терезени ойлуу тиктеп отуруптур.
– Иштегени кетип жатасыңбы?- деди ал салмактуу.
– Ооба.
– Биринчи жолу баратасыңбы?
– Биринчи жолу.
– Аа, көнүп кетесиң.
– Көнөрбүз.
– Тосуп алчу адамдар барбы?
– Жок, эч ким жок.
– Анан кайда барганы жатасың?
– Билбейм.
Тиги ойлонуп калды. Алибек Данияр деген жигитке кыскача окуясын айтып берди.
– Кыздын артынан бара жатсаң кыйын жигит экенсиң. Аның соо жүрсө болду эми. Ал жакка барса эле биздин кыздар башкача болуп өзгөрүп кетишет.
– Жамиля антпейт...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(26)
12.09.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен 1️⃣
akus түзөттү 2017-09-12 09:23:57
13.09.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
akus,куттуктайбыз
12.09.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен экинчиии
12.09.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш Жамилия
12.09.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Керем ит экен кем акыл инисине алып берем деп. Эми кызыгына келди....
12.09.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Биринчи экинчилерге -ЖЫГАЧ медаль! !!
12.09.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чыгармада акчасына бийлигине ишенип жаш кыздын тагдырын каалагандай калчаган Керемге баш ийип, ал буйруган жашоону жашаганга аргасыз алсыз кызды эмес оз тагдыры учун курошкон эрктуу, кучтуу кызды корууну каалар элем. Мен Жамилянын ордунда болгондо баланы торомок эмесмин.Анткени ал Жамилянын каалоосу эрки менен болгон иш эмес.Алдырып салмакмын куноосу Керемге деп. Бирок анда чыгарма бутуп калмак.))
Менимче чыгарманын журушундо бала торолот.Керем мн Жамилянын ортосундагы бала учун согуш
linara түзөттү 2017-09-12 12:04:10
12.09.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуу менен аяктайт. Анда, тилекке каршы банальный Золушканын баянындан башканы коро албайбыз.Бирок азыркы заманда Золушка баяны кызыктырчуу тема эмес. Акылы, кучтуу эрки менен жашоону озгорто алган, агымдан суурулуп чыгалган характердеги
каармандар актуалдуу жана тарбиялык мааниге ээ деп ойлойм.
linara түзөттү 2017-09-12 12:05:58
13.09.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
linara, Кыз боюнан алдырып салат, башында кызга кол салганда алдыда канчалык азап кутуп турат дегенинен билсе болот.
Бирок Алибек кечет болуш керек кызды. Бирок ушул сыр ортолорунда калат.
12.09.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз. Такыр чарасы жок калды. Ушул акчасы коп иттер куйгузот го
12.09.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болгону 18 жашта, жанындагы акчасы бийлиги бар көптү көргөн эркек. Жамиля 200 жолу эрктүү болгондо да насили аял.Бул эрк, акыл, күч менен чыгып кете алчу абал эмес го(((
12.09.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дааааа... кызыгы эми башталат окшойт Алибек келсе
12.09.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алибектин конулу кантээркен (((
13.09.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамиля антпейт!


ушуну окуганда ыйлап жибердим го...
13.09.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын барганына 2 жума болгондо иш тапкан экен, анан жумушка кирип апасына биринчи айлыгын жонотсо, коп болсо арадан 2 же 3 ай откон. Кантип туркчону ушул аралыкта ушундай денгеелде суйлоп, тушунуп калмак эле!?
Университеттен кучтуу багыт менен 3 айда уйроносун. Бул окуя баштан откон дешти беле?
14.09.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibars, Алибек ата-энесине дыйканчылыкты жыйнап алганга жардам берип журуп кузду откорбоду беле. Окууну жаны аяктаган кыз майд, ашып барса июнда кеткен. Айылда эгиндер ноябрда бутуп калат. 5-6 айда туркчону уйронууго болот. Туркчо Кыргызчага окшош эле.
13.09.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дегеним ортодо Керим менен апасынын суйлошуулорун эшиктин артынан тыншап угуп баарын тушунгону тан калычтуу. Бул деген болгон окуядан алынган дегенинен жазып жатам. Бир аз окшоштуруп жазса болмок.
13.09.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштан откон эле окуя болуш керек
14.09.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жамилиянын апасы огой апа.
15.09.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде торой турган болсо, балким кыз торолуп калса, анда Керемдин планы ишке ашпай калабы....
15.09.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии байкуш кыз. Эмнеге Турцияга кетсе эле бузулуп кетишет деп ойлошот. Беш кол тен эместа.
17.09.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче Алибекти олтуруп салышат
18.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысы качан чыгат
18.09.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдай албай баратам. Мага баарынан да атасынын башынан өткөн окуя кызык болуп жатат
19.09.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан чыгат 776 саны. Айтып койгулачы, сураныч
19.09.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AselBaika, саламатсызбы!
https://www.super.kg/article/show/42063/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо