ЭНЕ... (Кароосуз калган наристенин тагдырын баяндаган фотороман)

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

(Башы өткөн сандарда)


Арууке Аянаны уруп, коркутканына чыдабай, Кутман менен урушуп кетип тепкичтен түртүп жиберет. Кутман өтө чоң деле жаракат алган жок, бирок Арууке ал үйдө андан ары жашоосун уланта албайт болчу.


– Мен коркуп кеттим. Өзүнө келип баштаганын байкаган соң Аяна экөөбүз качып чыктык. Караңгы түндө бара турган жерибиз жок болчу. Мага кеңеш берген жактоочу Нурлан Асанович эсиме түштү. Ойлонбой эле анын үйүнө бардык.

– Мындан ары эмне кылуу керек? Эртеси Нурлан менен кеңешип, ал Кутмандын мыйзамсыз ишкерлик кылып жүргөнүн, аны оңой эле коркутуп бизди куткарып аларын айтты.

– Ошол күнү эле ал мага жакшы жаңылыгын айтты. Кутман менен тез эле ажыраштык. Кутманды мыйзамсыз иштери ачыкка чыгарын айтып коркуткан экен, ал макулдугун бериптир.


– Нурлан бизге көп жардам кылды. Мен ага өзүмө ишенгендей ишенчү болдум. Аяна да аны атасындай кабыл алды. Убакыт өтүп, биз үчөөбүз толук кандуу үй-бүлө болууну чечтик.

– Жашоо ак жана кара түстөрдөн турат. Биздин жашообузга Аянанын өз энеси да кийлигише баштады. Алар аракты токтото алышпай көчө жашоосун улантып жүрүштү. Дагы акча бербесек, ал кызын кайра тартып аларын айтып коркута берчү. Бир күнү биз баратсак алдыбыздан чыгып Аянаны талаша баштады.

– Бул чыр качанкыга чейин созулмак ким билсин, талашка Аяна өзү чекит койду. «Мен Аруукенин кызымын. Сен төрөгөндүрсүң, бирок мен сенин кызың эмесмин эми. Апа дегим келбейт сени!» деп жаш аралаш кыйкырып жиберди. Энеси селдейип турду да, ары басып кетти, ошол боюнча көргөн жокпуз. Кичинекей болсо да өз бүтүмүн чыгарган кызымды кучактап, жүзүнөн сүйдүм.


– Эне... Мен эне болдум. Азыр мен Аянаны таап албаганда, ал үчүн күрөшпөгөнүмдө эмне болорун ойлогум келбейт. Жашообузда көп кыйынчылык болду, бирок мен аны Аяна үчүн жеңип чыктым. Мени күчтүү кылган, баатыр кылган кичинекей кыз болду. Аны жолуктурган тагдырга чоң рахмат. Жылдар өттү, Аяна жакшы окуп, мектепти артыкчылык менен бүттү. Кичинесинен музыкага шыктуу болчу, азыр эң мыкты кыл кыякчы. Мен ар дайым кызымдын ийгиликтери менен сыймыктанам.


Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(5)
12.09.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кутман мужук болсон адресини жаз. Сага аябай ачуум келди, суйлошо турган соз бар.
12.09.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
suban78,Кутмандын башын эми сен жыга чаппа хаааа хааа
13.09.2017. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
откон сандарын кайдан окуйбуз
17.09.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ойлодум эле Кутманды суйуп калып учоо бактылуу болот депчи
17.09.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu dele balaluu boldubu anan?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо