Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КРЕСЛОДОН БАШ ТАРТКАМ, БИРОК НААМДАН БАШ ТАРТПАЙМ»

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Мукам үнү менен көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк тапкан, хит ырлары менен аз убакытта жумурай журтка белгилүү боло алган Самара Каримова SUPER.KG порталында конокто болду. Ырчы Эмгек сиңирген артист наамын алгандан бери анын дарегине жөндүү да, жөнсүз да сындар жаап келет. Самара Каримова бул өңдүү талкуулар боюнча пикирин билдирип, күйөрмандары кызыккан суроолорго жооп берди.

– Самара айым, наамыңыз кут болсун! Ушундай абройлуу сыйлык алам деп күттүңүз беле?

– Чоң рахмат. Биринчиден, ушинтип мени алкаган элиме ыраазычылык. Дагы деле толкунданып жүрөм. Ырымды, клибимди кайсы убакыт болбосун эл менен бөлүшүп, күйөрмандарым менен байланыш түзүп, жалпы журтка тааныткан “Супер-Инфо” гезитинин менин чыгармачылыгымда таасири чоң. Убакыттан пайдаланып сиздерге да рахмат айтам.

– Эмнеге музей жетекчиси болбой койдуңуз? Сизден мыкты жетекчи чыкмак...

– Иштеп кетмекмин, менден мыкты жетекчи чыкмак. Бир жумушту баштасам аягына жеткирем. Бирок айрымдар “жашсың, мүмкүн сага эрте” деген сындарды, сунуштарды айткандан кийин өз каалоом менен кызматтан баш тартууну туура көрдүм. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” деп коюшат эмеспи, ошондуктан баары алдыда.

– Самара, сизге сыйлыкты "бийликтеги таасирдүү таанышы алып берди" деп жатышат, буга оюңуз кандай?

– Жок, менин бийликте таанышым жок, өзүмдүн эмгегим, элимдин колдоосу менен алдым. Мен негизи талыкпай эмгектенип, жылдызы жанып турган убакта сыйлык алганды туура деп эсептейм. 60 жашта сыйлык алып, ал жөн эле үйдө турганда эмне? Азыр сыйлык берилгени мага чоң стимул болду, бул наам мага кыргыз элинен “аванс” болсун, мындан ары өмүр бою элге кызмат кылууга даярмын. Сахнага чыкканыма аз эле убакыт болгону менен, көп эмгек кылдым чынында. Наамды баалоо канча жыл ырдаганы менен эмес, иштеген тынымсыз эмгеги менен бааланса жакшы болмок. Мисалы, мен борбор шаарыбызда эле 6 концерт бердим, аймактардагы концерттеримди айтпай эле коёюн. “Бир жолу концерт бербей наам алгандар бар” деп улуу муундагы ырчылар айтып жүрүшөт.

– Наам алыш үчүн кайсы бир мекеме, ишкана же адам өзүн-өзү көрсөтөт, сизди талапкер катары ким көрсөттү?

– Мен наамга Кыргыз Республикасынын театр ишмерлеринин союзу тарабынан көрсөтүлгөм. Документтерди чогултуп, бир жыл мурун тапшырганбыз. Минтип быйыл сыйлык алдым.

– “Наам алганда ата-энем катуу сүйүндү, атамдын кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кетти” дедиңиз эле, азыр элдин сын-пикирин укканда кандай абалда калышууда?

– Атам 3 жолу инсультка кабылган. 8 жылдан бери оор дарт менен алышып жүрөт. Учурда аны апам карайт. Ага мен тууралуу айтылган сындар катуу тийиши мүмкүн. Бирок атам интернетке кирбейт, гезит-журналдарды окутпай коёбуз.

– Самара, сизди үй-бүлөнү да, жумушту да бирдей алып кеткен айым катары абдан сыйлайм. Ийгиликке жетүүнүн сырлары менен бөлүшүп кетиңизчи?

– Ооба, үй-бүлөнү да, чыгармачылыгымды да чогуу алып жүрөм. Кээде балдарымды таштап алыска кеткенге туура келет. Алар ооруса кадимкидей кыйналам, жүрөгүм сыгылат. Бир окуя айтып берейин. Балдарымды көбүнчө апама таштап кетем. Бир жолу 3-4 күнгө сапарга кеткенбиз, үйдө тамак жеп отуруп балам менин клибимди сыналгыдан көрүп калып “ай, Самара Каримова, үйгө келбейсиңби, 4 күн болду. Телевизордон чык” деп кыйкырыптыр. Аны апам мага айтып берип боорумду эзди. Балалуу болгондо ата-эненин кадырын билет экенсиң. Ошон үчүн да репертуарымда ата-эне тууралуу ырларым көп. Көбү мени ата-энеси каза болуп калган деп ойлошот экен. Жок, менин атам да, апам да бар, мен бактылуумун. “Сагынганда атамды” ырын студияда жаздырып жатканбыз. Эгемберди Талипов аккордеон чертип берип жаткан, бир маалда көзү жашылданып калды. Ырдап бүткөндөн кийин “сен бактылуу экенсиң, ата-энеңдин тирүүсүндө бул ырды аткарып жатасың. Менин ата-энем тирүү кезинде ушул ырды жазсам эмне болот эле?” деп аябай ыйлаган. Ата-эне түбөлүк эмес, мен ата-энем тууралуу ырдагандан тажабайм.

– Жолдошуңуздун биринчи никесиндеги балдары менен катташасыздарбы?

– Жолдошумдун биринчи никесинен беш баласы бар. Алар менен катышуусуна мен каршы эмесмин. Жакында эле каникулда биздин үйгө келип кетишти. Мен бирөөнүн баласы, өзүмдүн балам деп эч качан бөлүп караган эмесмин.

– Жолдошуңуздун биринчи жубайы менен мамилеңиз кандай, сиздерди "урушуп кеткен" деп айтышат?

– Мындай кепти сиздерден биринчи жолу угуп жатам (күлүп). Биринчи жубайы менен эч кандай мамилем жок. Аны тааныбайм. Кайненем айтат “ал аял турмушка чыккан, өзүнчө үй-бүлөсү бар” деп. Ал дагы бактылуу, биз дагы бактылуубуз.

– Чачыңыздын узундугу жагат, ага кандай кам көрөсүз?

– Чынында чачка кам көрүш кыйын. Кээде өрүп алып эле жүрө берсем, иним Сагынбек “кечке эле өрүп жүрө бересиңби, чачыңды жасалгалачы” деп уруша берет. Инстаграмдан да окурмандарым көп сурашат. Чачым кошулган эмес, боёлгон эмес, өзүмдүкү. Бир тойдо ырдап жатсам, хирург Мамбет Мамакеев мен тарапты көздөй келе жатат. Ырым бүткөндө жаныма келип чачымды тартып көрүп жатпайбы. Анан залдагыларга “аа, өзүнүн чачы турбайбы” деп колума 100 доллар карматты. “Кана дагы кимиңердин чачыңар узун, акча берем” десе эч ким жок. Негизи мектепте окуп жүргөндө чачымды кыркып эле жүрчүмүн. Кийин Аскеге турмушка чыккандан кийин “чачыңды кырктырба” деп жүрүп эле узун болуп өсүп кетти. “Кырктырсаң, сени сүйбөй коём” дейт (күлүп).

– Тойго чакырсам 700 доллардан түшпөй койдуңуз, “ставкаңыз” эмне мынча кымбат?

– Биздин “ставка” ар кандай коюлат. Кийимдериме, ыр жаздырганга, аранжировкага, косметикага каражат кетет, жол кире деген бар. Кээде чакырылып жаткан аймакка жараша да баа чечилет. Кыскасы, тойдогу“ставкам” жасаган эмгегиме жараша.

– “Эмгек сиңирген артист” наамын алуу сизге эрте го. “Бул наамды алуу мага эрте. Мен эмес, менин атамдай болгон кишилер ала элек, кечиргиле” деп андан баш тартсаңыз замандын Жаңыл мырзасы болмоксуз.

– Бул наамдан баш тарткандай ал кресло эмес. Мен дарегиме айтылган айрым сындарды туура көрүп, пикирлерди сыйлап креслодон баш тарткам. Ал эми наам – бул үй, машина эмес, болгону кичинекей кагаз, сый, баа. Наамды мага хан берип жатат, демек, мага буюрду, андыктан баш тартпайм.

– Жолдошуңуз Ош драма театрынын алдында семичке сатып бизнесин баштаганбы?

– Ооба, бул чын. Жолдошум 8 бир тууган. Ал кезинде көптөгөн кыйынчылыктарды көргөнүн айтып “андай оор күндөрдү эч кимге каалабайм” дейт. Бул анын тарыхы, басып өткөн жолу. Ал баарын нөлдөн баштаган.

– Жолдошуңуз Асан мырза “дагы үйлөнөм, сени да кошо багам” десе макул болот белеңиз?

– Үйлөнүп, ажырашкан оюнчук эмес да. Жолдошумдун да тагдыры экен, мурунку жубайы менен ажырашып, кийин экөөбүз табыштык. Бул суроого Аскем өзү эле жооп бербесе, менде андай ой жок.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Самара Каримова: "Наамдан баш тарткандай-бул кызматтык кресло эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(93)
12.09.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Директор болчудай эмнени кыйратып койду, хотя бы тарыхты жакшы билет бекен?!! Музейдин катардагы кызматкери болууга талапкер бирине толтура талап коюлат да, директор болууга талап, Асандын катыны болуу жетиштуу бекен?!! Суйлосо да ойлонуп жооп бербейби?!!

Ал эми наамга татыксыз!!! Муну элдин 80-90%ти айтып жатат! Ошончо элдин пикири менен эсептешпесе анда уялбагандан озун уял деп олуп кет деш керек!!!
13.09.2017. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Direktor bolboson anda naam berelik dep suiloshushkon go))) Kaisy kylgan emgegi uchun aldy? 10-15 kundop kontsert bergeni uchunbu? Bul degi kachan chykkan yrchy? Eski yrlardy ele janyrtyp atkaryp jurot go, oshonusu uchun aldyby ya? 20 jyldan beri ishtep jurgon artistterdin kee biroosu naam albai bul duinodon otup ketip atat (( Kaisy aryna El Artistisin? Uyat
13.09.2017. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Stavkam AR kandai ,kyimime ,kosmetikama ketet deit go ,kosmetika da ozuno kyinsen da ozuno ,osho kosmetikaga ketken akchany dagy toido yrdap anan tabasynby ,toboo birinchu jolu ugup atam kosmetikasyn kosho aitkan yrchyny.ooba tuura aitasyn aiabai emgektengendirsin ozun uchun. Ozumdun emgegim ,elimdin koldosuu m.n aldym deisin go ,kaisy el seni koldodu ele.sen bul naamdy alganda tan kaldyk,kommenterdi okuchu bir ushu super.kgni achyp,el seni koldop ataby jokpu korosun.allergiya kyldyn go eldi.
13.09.2017. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ити чоп жеп турган мезгили го,кааласа асмандагы айды алып тагып алгысы бар го...Мезгил тараза, жакшы кылган эмгектер элдин журогунон орун таап канча убакыт отсо да унутулбай сакталат.Буга окшогон " фальшивый" наам, мындай адамдардын жеке жашоосу учун ото маанилуу.Озу жок болгондо, наамы кошо жок болот.Элдин журогунон тунок табуу учун наам эмес жакшы эмгегин керек.
13.09.2017. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бир досумдун тою болуп,ушул ырчыны сураса 800$ дептир.Көрсө,анын күйөөсүнүн каражатын да төлөшүң керек экен.Экөө чогуу келет.
13.09.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
IL Suren, тооба элибиз да кызык... Жар жарды менимче бир эле Самара айтбаса керек. 800$ деп айтканга кантип оозу барат эй асмандан тушкөнсуп. Ыйманы ынсабы бар эжекелерибиз бар ошолорду чакырса болбойбу , мисалы А Нарбаева , Г Сатылганова , А Иманалиева, Д Акулова , деги койчу санай берсен ого эле коп. Жоктон тапкансып 1000$ десе да чакыра беришет. Элдин акчасына эмгек синирген болуп чыга келди дагы.
14.09.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Altysha89,туппа-туура,кошулам сага.Маладес.
16.09.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
IL Suren,Аппетит аттыкындайго тооба.800$
13.09.2017. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"Талыкпай иштедим, борбор шаарыбызга эле 6 жолу концерт койдум, аймактарды айтпай эле коеюн" дейт, озу акча табайын деп койду да, тообо, бекер эле койгонсуп айтыптыр ээ. Бирок жамандыр жакшыдыр ушул наам буйруду да. Чындыгында супер инфодон тушпой эле калды, эмгектенди окшойт.
13.09.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интервьюсун окубайм комментарийлерди окусун деп кирдим мен да. Башка ырчы жокпу КРда Самара менен Анжеликадан башкасын чакыргылачы сураныч.
13.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчи аялы турбайбы ээ билбептирмин.
13.09.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне дейбиз сыйлыу кут болсун.Сагынгандаааа Асаандыыыы.деп журо бер.
13.09.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми эмне кылалы? Самаранын акчасы бар башка эжекелерибиздин акчасы жок болсо... Бу жерде Самара эмес Мин. Культура куноолуу. 5000$ болсо мен деле алып коет белки для прикола. Бир эки во жаздырып. Жанагы Бердигулованын Эмгек синиргени илгери эле бар дейтко.Аны да Бир чукубайлыбы? Бош отурбай.
14.09.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
10-15жыл мурун Самара Каримова, Гулжигит Сатыбековго окшогон ырчыларды атарчы ( жалаң тойдо кызмат кылган адам) деп койчуу да баалачуу эмес. Заманга жараша азыр тойго барган ырчылар баркталып атат. "Аяктар баш болгондо" деген ушул экен көрсө. Кыргыз маданиятында бир да профессионал калбаптыр демек. Бул сыйлыктарды эл бербейт, бюрократтар берет. Элдин эч кандай тиешеси жок. Кыргыз интелегенциясынын деңгээли баарыбызга белгилүү.

14.09.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гулжигит Сатыбековдун үнү абдан жагат. Бирок ырларынын сөздөрү эптемей септемей. Ырларынын оранжировкасы начар. Оранжировкага акча сарптап, профессионал музыканттар менен иштебейт. Бек Борбиев болом дейт го чамасы.... Бек Борбиев жаңы чыкканда акындар, музыканттар, ырчылар тоготпой сындашчуу. Анткени музыканттардын деңгээли жогору болчуу. 20 жылдан бери кыргыз музыкасында өнүгүү жок, регресс гана болуп жатат. Бек Борбиевден башка обончу калган жок.
14.09.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондуктан жаш ырчылардын баарынын репертуарында Бек Борбиевдин бири ыры сөзсүз кездеше баштады. Эмне кылсын байкуштар башка обончу жок болсо...
14.09.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
vivaldi,туура айтасын,бул ырчылардын совсем фантазиясы тугонуп буткон.Эски,бирок жагымдуу ырларды талашып ырдай башташты эчтеке таппай.Жакында Манас эпосун болуп,болуп алышып эстрадага салып ырдай башташат.Жана Курманбек эпосун уже эстрада менен ырдап журот го наам алган Гулзада деген неме.А Самаштын вообще озунун ыры жок.Эмгеги жаштыгына карабай 3ту тууп Асанга,анан тойлорго эле синбесе,мамлекетке 4 жылда кайдагы заслуга.Уялбайт деле экен.А азыркы ырчы-чоорчулар Бектин ххх тен келишпейт.
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-14 17:45:18
18.09.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazaroff1974, ууааа ха ха ха ха ха ха ха хааааа ))0 Эмгеги 3 ту Асанга тийди дечи )))) Туура бирок! ха ха ах ой боорууум ха ха хаааа
14.09.2017. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самара Каримова сулуу кыз. Чачы узун. Сахнага кийгени дизайнерлердин кийимин сатып алат. (Анткени капчыгы калың) Бирок үнү эл катары эле, Ортозааар ырчылардан бири десек жарашат. Откондо Селкинчек берүүсүндө ырдаганын уктум. Ишенбесеңер байкагыла, отуруштарда, кечелерде ар бир кыргыздын кызы ушул кыздай ырдай алат. Үнүнүн тембри, диапазону, ырдоо чеберчилиги чабал эле кыз экен. Бирок эмнегедир ушул кызга кресло сунуштап анан ал болбой калса сыйлык сунуштап эле чурулдап эле жатышат.
14.09.2017. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мынча болду Анжеликага деле Эмгек Сиңирген деген наам бериш керек.Самарага 5-6 жыл болуптур, кантсе да Анжелика 20 жылдан бери сахнада жүрбөйбү.......Манастан Чубак кем бекен?
14.09.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асан акабиз Самашка асмандагы айды алып мончок кылып таккысы келет, бирок айга колу жетпейтта.
14.09.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аскем Аскем деп дагы бир ширин кылып сулуулап айтат)))Уятсыз. Тойлордо эле кызматы синбесе кыргыз маданиятына 1 тыйын эмнеги синген эмес. Самара болуп таанылганына 2 же 3 жылдын жузу болду, анда дагы 19кун Ош драм театрды ээлеп алып аты чыккан болбосо пешене жылытаар озунун автордук чыгармасы жок. Менин жеке ырларым жок деп дагы уялбады го, наглость вторая счастья дегени нака ушуларга айтылган.
14.09.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
90% эмес эле 99% элдерге жакпаган окшойт наам алганы, кошоматчылар мактап койсо чын эле татыктуумун деп өзүн өзү алдап жашай берет экен бирөөлөр
14.09.2017. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми бир айтабызбы, эки айтабызбы наам берилди, адилетсиз болсо да берилди. Элге эмгеги сиңбесе да, эл башкарган адамдарга эмгеги сиңсе керек да... Концерт койгонун кайра кайра айтыптыр, ал концертти элге эмгек сиңирүү үчүн эмес, өзүнө киреше табуу үчүн койгонун баары эле түшүнөт.
16.09.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Samarish1216,мен айтайын дегенди.айтып коюпсун
Медиа-портал
14.09.2017. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Аябай жакшы суйлойт экен Билинип турат жакшы тарбия алганы Анжелика окшоп акчасына ептеп ыр жаздырып ырынын же мааниси жок суйлосо былжырап еле журот . Самара молодец сен татыктуусун !
15.09.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер инфо жамааты Самара менен Анжелика келгенде бирден короз кант берип арыраак ойногула дегилечи. Ушулардын чыры менен мактанганы тажатты го озунордун да баркынар кете электе. Булардан башка интервью ала турган ырчы актиса актерлор жокпу? Ушул суроону менден башка да тооолтура адамдар беришет.
18.09.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altynaiB, ))))))))))))))))))))))))))))
15.09.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Самара,

Наамды Аске "папан" эртенки шайлоо угут кербенинде Жээнбековду коштоп-мактап журуун учун аванска алып берди го Жээнбековдун астынан отуп.....

Калп болсо айт!!!
16.09.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Молодец Самара алга кана эми менин да кызым сендей мыкты кыз болуп чонойсо.экинчи никесин эсепке албаганда ал мыкты ырчы уну да соонун.
16.09.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"...Бирок айрымдар “жашсың, мүмкүн сага эрте” деген сындарды, сунуштарды айткандан кийин өз каалоом менен кызматтан баш тартууну туура көрдүм. “Жаш келсе ишке, кары келсе ашка” деп коюшат эмеспи, ошондуктан баары алдыда..."
Жашсын,оз тенинди тапсан болот,5балалуу атандай кишини азгырба деп акыл айткандар болду беле?Бактылуу болунуз, бирок так ушул моралдык жактан калын катмарга жек корунду экенсиз.Албетте, мунун артынан жеке "ийгиликтерди" багындырып атканызды эске ала
16.09.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кетейин."...Документтерди чогултуп, бир жыл мурун тапшырганбыз..."Ото эле эрте "ат салган"экенсиз наамга."...Ал эми наам – бул үй, машина эмес, болгону кичинекей кагаз, сый, баа."Албетте КИЧИНЕКЕЙ КАГАЗ!эмгеги синбей оной жеткен адамга.
Уят эле...
18.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mega777,200 процент кошулам кээ бироо учун кичинекей кагаз болсо эмгеги сингендер учун опол тоодой эмгегинин результаты
18.09.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mega777, ой боой соз эмес бекен!!! Кагаз да дейт! Кадыры болбосо кагаз да! Биир нерсе кылып туруп, ибр жерге таштап жибер анда деп кошо жазбаптырсыз!
17.09.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин заманы Самара менен Анжеликанын болуп калды. Башка ырчы артистер жокбу интервью алгыдай. Бул экөө эс алышса жакшы болот эле. Мен билгенден башка көрүнбөй калган ырчылар көпго.
18.09.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунча каршы жазгандардын ичинде самараны мактап жазгандар атайын жалданылгандарго дейм...
18.09.2017. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Той ырчылар наам алып жатышат. Самарага окшогон. Орустар айтмакчы "мир перевернулся"
18.09.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Менден мыкты жетекчи чыкмак "деп алыптыртго . уят да Эми озун ОЗУ мактаган.
18.09.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайта кайта кирип атасынарбы?менин комментариеме канча плюс басылды брлду экен депчи
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо