
-
8-сентябрь, жума намаз учурунда өлкөнүн бардык мечиттеринде МЬЯНМАДА каза болгон мусулмандарга арналып куран окулат. Маалыматты муфтияттан таратышты.
-
Мамлекеттик БАЖЫ КЫЗМАТЫ 8 айдын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмүнөн 20,9 миллиард сом жыйнаган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 2,6 миллиард сомго жогору.
-
Өлкөнүн Волейбол федерациясынын президенти болуп кайрадан мурунку башкы прокурор ЭЛМУРЗА САТЫБАЛДИЕВ шайланды.
-
КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАСЫН жакынкы 3 жылда 4,5 пайызга көтөрүү пландалды. Аталган маалымат 2018-2020-жылдарга карата республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо учурунда айтылды.
-
Сентябрь айына карата өлкөдө ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 м3 14,39 сом деп белгиленди. Август айында да баа ушундай болгон.
-
“ДҮЙНӨНҮН БАКТЫЛУУ ЖАШООЧУЛАРЫ жашаган өлкө” рейтингинде Кыргыз мамлекети 122 өлкө ичинен 98-орунга татыган. Казакстан 60-орунга чыккан. Ал эми эң бактылуу адамдар Норвегияда жашаары аныкталды. Маалыматты “The Spectator” журналы жазып чыкты.
-
Түштүк Корея инвесторлору Кыргыз өлкөсүнө жаңы ИНФЕКЦИЯЛЫК КОРПУСТУН курулушу үчүн 10 миллион доллар берүүгө даяр. Мындай маалымат 4-сентябрда эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.
-
2016-жылы “ТЕЗ ЖАРДАМ” кызматынын дарыгерлерине жарандар тарабынан 17 кол салуу болгон. Бул тууралуу Бишкектин Медициналык "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
-
Өлкөнүн 450дөн ашуун айыл аймагындагы 9 гана айылда АЯЛ КИШИ жетекчилик кылат. Мамлекеттин башкаруусуна аялдар аз тартыла баштады. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева парламент жыйынында билдирди.
-
Бишкектин муниципалдык БАЛА БАКЧАЛАРЫНДА 2017-жылы 1252 окутуучу эмгектенет. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33кө аз. Бул тууралуу калаанын Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
-
Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылдын январь-август айларында курулуштарды жүргүзүү үчүн 730 компанияга СЕРТИФИКАТ берилген.
-
2017-жылдын 7 айында 2016-жылкыга салыштырмалуу ДОЛЛАР 2,8 пайызга, евро 4,8 пайызга арзандаган. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
- Өлкөдө Д.С. аттуу жаран "ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИ" террордук тобунун мүчөсү" деп кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ал учурда аталган мекеменин тергөө абагына киргизилген.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg