Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Эмне кылса экен? Чалышы керекпи? Чалбай эле койсочу? Деги эмнеге үмүттөнүп жатат Бегимай? Бир кезде таштап, Болуштун кучагына кире качкан өзү. Акчага азгырылган Арсен эмес. Жигитти чанган Бегимай эле го... Бирок... Бирок ал азыр ушунча жылдан бери канчалык өзүн алдап келгени менен, жүрөгүнүн караңгы бир бөлүгүнө Арсенге болгон сезимин бекитип койгонун сезди. Болгону учурунда ал сезимдерди «анын акчасы жок, аны менен кадимки турмушту эле кечиресиң, жомок болбойт, чет мамлекеттерге саякат, шоппинг болбойт» деген шылтоолор менен жаап-жашырып койгон экен.
Эмичи? «Жиндилик кылыптырмын» деди кыз өзүнчө бир чекитти тиктеп отуруп. Эми ал жигиттин түспөлүн көз алдына тартып алып суктанып отурду. Зыңкыйган жигит болуптур. Көздөрүчү? Оттуу көздөр, арбап ала турган, жинди кыла турган, баш ийдирип ала турган көздөр. Бир кезде ошол көздөр сүйүүгө толуп турчу. Бегимайды бир башкача берилүү, ишеним менен карап турчу. Азырчы? Азыр ал көздөрдө жалын, өзүнө-өзү ашыкча ишенүү, айткандан кайра тартпоо, өжөрлүк, куулук толуп алгандай. Анда адамды чакырып турган өзгөчө бир жагымдуулук, ошол эле кезде «хе, сен мага ким болуп калыптырсың?» деген текебердик айкалышып калыптыр. Көздөр унутулчудай эмес. Бегимайдын жүрөгү онтоп алды. Жүрөк байкуштун көксөп келгени ошол көздөр, ошол орой, катуу колдор, ишенимдүү чыккан каргылданган үн болчу тура. Кечээ ошол кол кармаганда, ошол көз караганда, ошол үн шыбыраганда жүрөк балкып эрип, тентек кулундай алда кайдагы сезимдерге берилип кетти го... Жыргал болду жүрөккө... Жагымдуу азап тартып жатты кыз жүрөгү.


ххх


Болуш бул күнү кеч келди. Бир күн Бегимайдыкында, бир күн өз үйүндө, аялы Аруужандын маңдайында болот. Кыязы, ак никеде өткөн ондогон жылдар адамдарды бири-бирине биротоло көндүрүп салат окшобойбу, болбосо Аруужан Болуштан ажырашууну талап кыла алат болчу. Жаш токол таап алганын көрүп турса да, жүрөгү жанчылып жатса да күйөөсүнөн алыстай албай койду. Керек болсо ичинен аны актады. Мындай энергиясы ашып-ташып турган, анча-мынча жаш жигиттерден чапчаң жүргөн эркекти моюнунан жип менен байласаң да жаш өткөн соң, көздүн нуру өчүп, сулуу жүзгө бырыш түшкөндөн кийин, сымбаттуу мүчөнүн сыны кеткенден кийин кармап туруу мүмкүн эместей туюлду Аруужанга. Албетте, башында кыр көрсөтүп таарынымыш этти, урушумуш болду, бирок акыры көнүп берди.
Болуш Аруужандын биринчи сүйүүсү, өз каалоосу, биринчи өпкөн жигити да болгон. Кезинде бул экөөндө тең бири-бирине болгон сүйүү алоолоп күйүп турчу. Алардын үйүндө дайым күлкү жаңырып турар эле. Үй-бүлөм дегенде эт-бетинен кетип, күн-түн дебей уйку көрбөй «биз башкача жашашыбыз керек! Менин балдарым чет мамлекеттерде окуйт. Аларда каалаганы болот, эч нерседен өксүү болбош керек» деп жүрүп Болуш далай бийиктикти багындырды. Балдары, Аруужаны, алардын келечеги ага өзгөчө шык берип турчу.
Мына ушул өжөр, чыдамкай, өзгөчө акылдуу, үй-бүлөсүн, балдарын биринчи орунга коюп жүргөн, алар үчүн жанын берүүгө деле даяр болгон Болуштун бир кемчилиги бар. Ал ашыкча кыз жандуу эле. Үй-бүлөсүн эч убакта таштабасын билет, Аруужанга чыккынчылык кылып жатканын да туят, бирок көңүлүнө толгон кызды кыя карап өтө албай калмайы бар. Эч эле өзүнө-өзү ээ боло албай калат. Качан ошол кыздын жүрөгүн ээлеп, анын бардык сырларын билип, аруулугун булгап бүткөндөн кийин гана баягы жырткыч сезими тынчый түшөт. Көксөөсү суугандай болот. Бирок жашоодо сулуулар көп экен. Эми гана бир кыздан көңүлү кала түшүп, кийинкисине көз арта берчү. Ошол мүнөзү жаштыгында бар болчу, карылыкка аяк басканда да калган жок. Бирок Болуш кыз жандуулугун эч убакта кемчилик катары көрчү эмес. «Күчтүү эркек бардык тарабынан күчтүү болуш керек. Ал кыздын жүрөгүн да, жаңы бийиктиктерди да багынтканды билиш керек» дечү.
Ошентип жүрүп капыстан Бегимайга жолукту. Бул кыз өзгөчө болчу. Болуштун табитиндеги эң идеалдуу кыздай көрүндү. Балким, сүйүп калды. Айтор, жоодураган кара көздөрү таптакыр күнөөсүздөй сезилген, узун буттары эликтикиндей түптүз, кымча белдүү, басканы да, турганы да назик, ар бир манжасынын кыймылы эле өзүнчө бий сыяктуу көрүнгөн, адамды тартып турган башкача шыңгыр күлкүсү бар бул кыз Болушту өзгөртүп койду.
Кыз да чын дилинен Болушка жолуктурган тагдырына ыраазы болуп келген. Болуштун көңүлүн табууга ал чын дилинен аракет кылчу.
Бирок кечээки түн көп суроолорду пайда кылып койду. Ооба, Бегимайды кумар азгырды. Жинди кылды. Арсендин колу тийгенде эле дене бою дирт этип, балкып калып жатты. Кечээкидей кумарлуу, жыргалдуу түн кыз башынан али өтө элек болчу. Жигиттин чымыр, булчуңдуу денеси, орой мамилеси кызда уктап жаткан каалоолорду ойготуп таштады. Ал кайрадан Арсенди көргүсү келип жатат, кайрадан кечээкидей кумарлуу түндү көз алдына тартып жатат.
Бирок сырттан Арсен эмес, Болуш келди. Чачын ак баскан, чендейген курсак байлаган Болуш кирди. Мурда Бегимай аны сымбаттуу эле эркек деп эсептечү. Бирок кечээ Арсенди көрүп алгандан уламбы, айтор, азыр Болуш анын көзүнө кейпи суук картаң адамдай көрүндү.
– Кандай, алтышка?- Болуш Бегимайды жүзүнөн сүйдү.
– Жакшы. Өзүңүз?
– Эмне маанайың суз?
– Жо-ок, жакшы эле.
– Сен бир аз башкачасың го?- кирип келгенде эле моюнуна асыла калчу Бегимайды тааныбай турду. Кыз көздөрүн ала качат. «Бул эмне менин көзүмө чөп салганбы?» деп ойлоп кетти Болуш.
– Жо-ок, жакшы эле баары. Мен жаңы эле турган болчумун. Жууна калайынчы, ээ?- деп шашкалактап жуунуучу бөлмөгө жөнөдү.


ххх


«Бегимай, эсиңе кел! Сен кечээ Болушка чыккынчылык кылдың. Ал сага баарын берип жатат го, жашооң жомоктогудай. Арсен сага кайтып келер-келбесин билбей туруп колуңдагы ырыскыдан баш тартпай тур. Арсендин кечиримине татыш үчүн толтура убакыт кетет. Ал деги кечиреби? Кечирбесе, кайтпаса Болуштан баш тартуу канчалык туура? Туура эмес. Таптакыр туура эмес. Эч нерсеси жок каласың, Бегимай!» Бегимай муздак суунун алдында туруп алып өзүнө-өзү акыл үйрөтүп жатты. Өзүн колго алды да, жылаңач денесине халатын жармаштыра коюп ваннадан чыга калды.
– Кечирип коюңузчу, бир аз ыңгайсыз сезип жаткам өзүмдү,- деди ал, төрдө сыналгы тиктемиш болуп вискиден ууртап отурган Болуштун маңдайына барып.
– Түшүндүм,- деди Болуш жылмайып.
– А сиз мени сагынган эмессиз го, ээ?
– Сагындым...
– Сагынган киши сиздей болбойт,- деди Бегимай кыткылыктап. Анан үстүндөгү халатын жайбаракат чечип таштап жылаңач калды. Анын денеси көркөм болчу. Болуш шилекейин кылт жутту. Кыз күтүп отурган жок, Болуштун алдына отура калды, анын көйнөгүн чечип баштады...


ххх


«Бул эмне мынча жагымсыз?» Болуштун ар бир өпкөнү, сулуу денесин мыжыкканы кызды жиндентип жатты. Мурда кантип байкабаган? «Ушунчалык жийиркеничтүү беле?» кыз суроолоруна жооп таппай турду...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(16)
19.09.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Маршруткада, тыгынга карабай окуп бара жатам))
19.09.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
aytkulova, жанындагыларда окуп бара жатыптырда анда))
20.09.2017. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aytkulova,а баракелде азаматсын
19.09.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сагаааа!
19.09.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Блиин мына кызыктын баары
19.09.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми олдуго
19.09.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бегимай "эки тоонун чобун энседи" го. Болбогон кыз экен.
19.09.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир сук эки тойдон кур калат дечү беле.
19.09.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Убагында Бегимай таштап кетпесе Арсен да мынчалык байып кетпесе керек эле,Арсен акылдуу жигит Бегимай таштап кетсе шөмтүрөп ичип кетпей ошол кырдаал курчутуп ийгиликке жетишти.
19.09.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
belka,Бирок таза акча менен эмес арам акча менен
19.09.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коойчай болмок беле ушундай
20.09.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайп болдуго бул жагы
21.09.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы чыгарма экен
23.09.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарманы кайдан тапсак экен акыркы учурда бул жума чыкса кийинки жума чыкпайтат кутуш керек болуп калды жээ бул чыгарманы таап окуп бутуш керек болуп калды
23.09.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жерине келгенде бутуп калтат
17.11.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байдын койнунда коркуп жатканча, кембагалдын койнунда кутуруп жат)
Эми келечеги бүдөмүк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо