Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Клара Алибекова, ырчы: «АЙРЫМДАР «ДЕНИ-КАРДЫ СОО КЛАРА ӨЗҮ ИШТЕБЕЙБИ» ДЕП ЖҮРӨГҮМДҮ ӨЙҮТҮШТҮ»

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

– Клара, салам. Шайлоого иштеп жатасыңбы? Кечээ телефон чалсам, «Жалал-Абаддан келе жатам» дедиң эле?

-Кандайсыңар? Шайлоого буга чейин бир жолу иштегем, ошондон бери иштей элекмин. Бул сапар эки партия менен сүйлөшүүлөр болгон, бирок бир чечимге келген жокпуз. Жалал-Абадга ата-энеме барып, туугандарыма жолугуп, чер жазышып бир апта жүрүп келдим.

– «Кларага жардам беребиз» деген кайрымдуулук акция жүрүп жатат. Кандай жардам болууда?

-Чындыгында ошондой иштер болору тууралуу маалыматым жок эле. Шоу чөйрөсүндө жүргөн тааныш эжелер телефон чалып айтышты. Ошондо биринчи жолу угуп таң калдым. Эжемдер дагы угушкан экен, «сен эмне, кайрымдуулук деп элден акча чогултуп, такыр эле кароосуз калдың беле?» дешти. Акцияны уюштуруп, интернет баракчаларына таратып жаткан журналист эжеге байланышып, «эже, муну чыгарарда бир ооз мени менен кеңешип койсоңуз болмок» дедим. Жарыянын алдындагы комментарийлер ого бетер жүрөгүмдү өйүттү. Айрымдар мени ооруп калган окшойт деп ойлошуптур, кээ бирлер «менде 500 сом бар, ошону кошом» десе, дагы бири 1000 сом бермей болуптур. «Дени-карды соо Клара өзү иштебейби?! Ырчылар ушинтип элден акча чогултуп жашай беришсе болобу?» деген да комментарийлер жүрөт. Эл деген эл да, кандай маалымат чыкса ишене беришет. Ал жарыяны ошентип көпчүлүк башкача кабыл алыптыр. Жазылгандарды окуп, ой жүгүртүп көрсөм, окурмандарды ошондой ойго түртө тургандай эле маалымат кетиптир. Азыр турмушум эл катары өтүп, эл көргөн күндү мен да көрүп жатам. Эл чогулткан акчага муктаж эмесмин. Кудайга шүгүр, мени колдой турган ата-энем, бир туугандарым бар. Бир жагынан ал эжеге рахмат, чыгармачылыгыма колдоо көрсөтөйүн деген жакшы ой менен ошол ишти уюштуруптур. Күнүмдүк тиричилигиме эмес, чыгармачылыгыма жардам берели дегендердин оюн текеберленип четке какпайм, албетте. Бирок айрымдардын жазгандарын окуп, өзүмдү жегенге наны жок отургандай сезип кеттим.

– Негизи сенин акча тапчу булагың чыгармачылыкпы же кошумча иштер менен да алектенесиңби?

-Кудайга шүгүр, чакыруулар дайыма болуп турат. Кыргызстандын кайсы бурчуна болбосун тойлорго барам. Элим дагы менден жаңы ырларды, жаңы клиптерди күтүп жатканын сезип, учурда жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатам. Ар бир нерсенин убакыт-сааты келиш керек окшойт. Башка иш менен алектенбейм.

– Ушуга чейин артка кылчайып өкүнгөн учуруң болдубу?

-Эч нерсеге өкүнбөйм деле. Бир ойлогонум Байыш экөөбүз үйлөнгөндө чоң концерт берип, андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү үй алганбыз. Тагдыр экен, ажыраштык. Ошондо Байыштын сунушу менен үйдү экиге бөлгөнбүз. Азыр ошого өкүнөм. Бала менде калып жаткандан кийин үйдү бөлбөй эле мага берип койсо болмок экен. Азыр ушул оюмду айтсам, «анда жаш болчубуз да» деп кутулуп кетет.

– Жылдыз белгиң чаян эмеспи. Чаяндар чындыгында күчтүү келишет. Уулуң Байэлди канчадан бери жалгыз тарбиялап келе жатасың, бул деле күчтүүлүктүн бир белгиси болсо керек...

-Ооба, он үч жылдан бери уулумдун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатам. Ойлоп көрсөм, мурун турмушту анча түшүнчү эмес экенмин. Жашоодо өйдө-төмөндү көрдүм, башыман көп нерсени өткөрдүм. Ошондон кийин мен бир топ эле чыйралдым.

– Байэл азыр өткөөл куракта экен, сөзүңдү укпай койсо атасына чалып арызданган учур болобу?

-Атасына чалып, арызданып айтайын десем, аны менен дайыма чогуу эмес. Мен эч кимге даттанбайм. Өткөөл куракта чын эле бала өзгөрөт экен. Мага азыр уулум чоң кишилердей ой жүгүртө баштагандай, көп нерсени түшүнүп калгандай сезилет. Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт.

– Бала чоңойгон сайын анын ичкен-жегени, баскан-турганы көбөйөт эмеспи, атасы жардам береби?

-Кандай десем, такыр жардам бербейт деп айтканым туура эмес. Кээде эстегенде жардам берип турат. Азыр уулум 13 жашта. Ушул кезге чейин эле өзүм багып келе жатам, алимент деле өндүргөн эмесмин. Бирок бул нерсе керек экенин акыркы күндөрү ойлонуп жүрөм.

– Жакында эле телеканалдардын биринде мурунку жолдошуң Байыш Момунов экөөң түз эфирди алып бардыңар. Ошондон улам айрымдар «экөө кайра жарашты беле, жооп алып берип коёсуздарбы?» деп суроо узатып жатышат.


-Көрсөтүүнү алып баруу боюнча мага Байыштан сунуш келген. Ал көрсөтүүнү эки ырчы беш күн түз эфирде алып барыш керек экен. Мен аны угуп, таң калдым. «Экөөбүз чогуу чыксак, эл эмне дейт, жубайыңыз кандай ойдо калат?» деп каршы болдум. Бирок экөөбүздү алып барат деп жарыя кетип калгандыгын айтты. Интернетке кирип көрсөм, чын эле ошондой жарыялар жайнап кетиптир. Ошону менен 1-күнү чогуу алып бардык. Мен буга чейин алып баруучу болбогондон кийин оңоюраак ишти аркалап, көрүүчүлөрдөн келген суроолорду окуп бердим. Эртеси жумуштарым менен жүрүп, түз эфирге кечигип калдым. Түз эфир деген күтүп турбайт экен, убакыт өтүп кетти, анда Байыш жалгыз алып барды. Үчүнчү күнү мени менен эч ким байланышкан жок. Эфирди карасам, Байыш жубайы менен алып барып жатат. Ал дагы мага окшоп көрөрмандардан келген каттарды окуду.
Эфир тууралуу сурайын деп кийин Байышка телефон чалсам, "Жубайым сени менен сүйлөшөм деп жатат. Сен эмне аялы бар эркекке телефон чаласың, менин үй-бүлөмдү бузгуң келип жатат",- дейт. Ушул жерден Байышка кайрылып кетким келет. Байыш, адегенде алып баруучулукка чакырган сенби же менби? Сага ушуга чейин деги бир жолу чалып көрдүм беле? Мен сенин үй-бүлөңдү бузайын деген ниетим жок. Мен сенсиз эле жакшынакай жашап жатам.

– Рахмат маегиңе, максаттарың жүзөгө ашсын.

"Уулум мектепте орто окуганы менен, спортко кызыгып, футбол ойноп жүрөт".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(76)
19.09.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Байыш, сени да бир кун кудай жазалайт.
19.09.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Клара кандай дося.Аяш апамдарга жакшы барып келдинби.Байел жакшыбы.эмне жоксун.Малика.Инаят
24.09.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mikra,эмне номери жокпу досЯнын
19.09.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бир убактарда живой легендага айланган чиркин! Байыш ушунча создорду угуп, кантип басып журот болду экен. Жооп берчуу кун келет. Эркек болсо, эки аялын тен багып, экоо менен тен жашамак. Эки-уч аялды ооз ачырбай, багып жашаган чыныгы эркектер бар. Же азыркы аялы ото тын, же озу былжыраган бош.
19.09.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Клара буюрса баары жакшы болот,кичине тыныраак болчу,ото эле жоошсун
19.09.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ырлары жагат
20.09.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Байыш Кларага уйлонуп элге таанылып алды эле. Азыр унутулуп баратат. Ошого Клараны эл колдоп жакшы короорун билет. Байышты тойго чакырбай калышты. Клара менен Элге дагы таанылып алайын деди да. Эми кийинки санда Байыш чыгат. Озу зв этти деп. Клара вообще мамиле кылбай койушун керек эле.
21.09.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Jaziko80
Оба тура айтасын,
20.09.2017. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушу Байыш деген эркек ХХХ ХХХ ваще жаман кором, аман эле блёолсун Кудай жазасын берсин, а Клара бир аз озуно тын болбосон Байыш жа аялы далайды коргозот
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:30:35
20.09.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AKlaraM, кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
20.09.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alibay, эскертүү! Провокация жаратпаңыз!
20.09.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин суйгон ырчым
ишинизге ийгилик
20.09.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алименты толотуш керек. Ушундай ХХХ эркектер кобоюп кетти торотот анан озунун курсагын багып журо беришет жоопкерчилик жок
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 11:22:06
20.09.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Venerochka, оозеки эскертүү! Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
20.09.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байыш дегенди коргондо итиркейим келет ХХХ эмес,аны алимент толотуш керек срочно! Жубайын клипке тартырып аларды биро коройун дегенсип. Клара Алибекованын ыры бала кезди жылуу эстетет бактылуу бол Клара!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 12:20:06
20.09.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nazgul20, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
20.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфо Назира Айтбековадан интервью алыныздарчы сураныч?
20.09.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
nazgul20,аны мн булар 3 жыл соттошуп аран бутуптур эээлестет интервью деп журушконун
20.09.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
молодец бирок баланы озу тарбиялап жатканы,Байыш бул жерде эркекчилик кылбаган жалгыз таштап коюп и уйду болобуз дегени аялдык
20.09.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Байыш Кларанын арты менен байыш. Жанышы дилясы жоголуп эле кетти го. Эркекче балана уй алып бергин
20.09.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Djal1987,туп туура
20.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыр деле сотко жазыныз алиментке менин классташ кызын деле 15 жаштагы баласына ошентти баарын чогултуп эсептеп беришет экен сотто. Точно уй алып бериши кк тологусу келбесе
20.09.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай жакшы адам Клара эже. Дагы деле аябай назик, ак көңүл экен. Ошол адамдын баркына жете албаган адамга сөз жок
20.09.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ииий чыйралчы ушинтип журо бербей.Сени коруп эл да жудоп кетип атат.Чыйралдым дейсин дагы канчасы алдап,канчасы пайдаланса дагы аль-даш-ты деп коюп отурасын.Иии бул жактале чыдабай кетет киши.
Bintu.Ibrahim түзөттү 2017-09-20 22:05:21
21.09.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Биз Кларанын ырлары менен чонойдук, Байыш жаш кыздын башын айланытып ( суйуго арбап дегеним ) алды атын элге таныты таштап койду, уйалбай уйду болуп алганын баласы учун жон койсо болмок, негизи Байыштын укпайм дагы
22.09.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай кандай жаратса ошондой да.Жоош бош адамдын неси жаман.дуйно ак кара менен курулат...
Клара конул бурба кандай болсон ошондой боюнча кал.себеби алма эч качан лимон же груша боло албайт
22.09.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой тооба ээзилгени ээзилген качан корбо, баласы 13 чыкты дагы эле бошошокону бошошкон.Тыныраак болуп тарс тарс суйлоп бир ишти кармап олуттуу болсо болгудай жашка келдиго. Эртен баласы уйлонсо келини муну колунан жетелеп чыгарып койгудай туру бар ушул кыздын. Клара айланайын тыныраак болчу баары артта калды,прошлыйды унут, озунду кармап чыгармачылыкты колго алып иштесен андай 1комнат уйдон 10ду алмаксын буга чейин, былжырабачы айланайын, суйлоп буткучо эле журогум сыгылып кетет. Озгорчу.
AKCAHAT түзөттү 2017-09-22 15:46:28
22.09.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bayish oto xxx ekensin. Azyr dele uy aperip koygon bolmok. Klipti tartypsin jubayim dep birok
22.09.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bayeldi dele koshup koyson bolmok uyati jok. Dinara da kyzyk ayal eken dayima ak koynok kiem. Men yrdayim of menin birinchi mahabatimdi dep ele jurot dayim.
22.09.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bayish Sen ebak abroyundu jogotkonsun. Erkeksinbi balani kara ataday bolup. Bala jaratkandi Bilgen son karagandi da bil xxxx
23.09.2017. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Байыш, Клара менен уулун арасат кылбай кайра уйлонсо болот эле 2 аял кылып мусулманчылыкта коп аял алууга уруксат берилген.ошондо элда тынчыйт баласыда атасы менен оздору бактылуу болмок. Клара эн жонокой жакшы аял ...
23.09.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tazagul, 2 аял алууну мыйзам чектейт... Сен Чубак ажына ишенбе, ал качан болсо мыйзамды бузуп, артынан эскертуу алып жели чыгып отуруп калчу адаты бар...
Patriot7 түзөттү 2017-09-23 13:45:02
23.09.2017. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кларанын жонокойлугунон пайдаланышканда болбосо эмгиче даалайын аркасынан чуркатмак Байыш чанында калмак.
23.09.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны уйлонуп той концерт откорушуп Кларанын таланты менен Байыш элге таанылды эле.Клараны да ара жолго таштап бактысыз кылды.Эркектик сапаты болсо аялым сени менен суйлошом деп жатат дейт беле.Бекер ага турмушка чыккан да.Колдогон эркекке турмушка чыкса Клара эн алдынкы ырчылардын сап башында журмок.Вообще Байышты жашоого чийип сал.
23.09.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Клара эже! Только вперед. А Байыша пусть Аллах накажут. Не обращайтесь.
25.09.2017. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байыш озу уяты жок адам. Бир жылы биздин айылга концерт коюп барып, элдин баары кирип болгондон кийин концертти буттуруп кетип калышкан. 5-6 ыр ырдап болгону.
25.09.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан тойго чакырышат экен деп отурбай иштесе болбойбу? Той жок болуп калса анда жанын кантип багат? Кичине кезинде тим эле митаам, чакчандаган кыз эле, азыр эмнеле бошошот тушунбойм ушу кызга. Тарс-тарс иштеп эле жалгыз баласын тыкылдап бакса болот да,дагы жакшы 2-3 баласы жок. Байышка гоо эми соз жок, жакшы жигит эмес экени онунон эле корунуп турат. Балана каралаш эээй Байыш, жасагандан кийин анын келечегин да ойлош керек да.
25.09.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара мен сага бак тилейм.эски ырларынды жанылап ырдачы.ырларынды сагындык
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо