№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.
Кыргыз өкмөтүнүн канадалык «Центерра Голд Инк. компаниясы менен сүйлөшүүсү курчап турган чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол коюуга жеткирди. Документке 11-сентябрда кол коюлду.
Премьер-министр Сапар Исаков бул кадамды «Кыргызстан менен инвестордун ортосундагы мамиленин жаңы этабы» деп атады. Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, эми алтын кен саясий спекуляциянын объектиси катары колдонушу токтойт, жана бул эки тараптык алаканын жаңы өңүттө жандануусуна түртөт. Жаңы макулдашууда кызыкчылык экология, социалдык өнүгүү жана республикага инвестициялоого акцент коюлат.
Кыргыз жана Канада тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө эксперттердин ою боюнча, экономикага жана республиканын инвестициялык кызыкчылыгына оң таасир берүүчү макулдашуулар жетишилди.
«Ири дүйнөлүк инвесторлор акча салардан мурда кырдаалга, анын ичинде саясий кырдаалга баа беришет. Чыр-чатактуу кырдаал канчалык аз болсо, ошончолук өлкөдө инвестициялык оң климат түзүлүп, ал чет өлкөлүк шериктерди да кызыктырып тартат. Эгер бизге «Кумтөр» жаатындагы негизги маселелерди чече алсак, анда бул канадалык инвесторлор менен болгон кырдаалды байкап отурган башка инвесторлорго да жакшы сигнал болуп берет»,- деп белгилейт Кыргызстандагы рыноктор, соода жайлары жана тейлөө тармактарынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген маанилүү пункт деп 2 тараптын Кыргыз Республикасында жана Стокгольм (Швеция) шаарындагы арбитраждык сотто экологиялык соттук доолашуудагы бардык маселелерди жөнгө салуу деп эсептөөгө болот.
«Дүйнөлүк соттук практиканы жана инвесторлор жана мамлекеттик структуралар араларындагы соттук талашуулардын чечилиш статикасын эске алып, талашты жөнгө салууда жана сүйлөшүүлөрдүн арты менен консенсуска жетүүдө колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү жана варианттарды колдонуу зарыл. Эгер андай болбосо өлкө арбитраждык териштирүүлөргө чоң чыгым коротот»,- деген оюн айтат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн соттук өкүлчүлүк борборунун директору Тимур Шамбетов.
«Талаш маселелерди цивилизациялык деңгээлде сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү керек, анткени Кыргызстанга да, «Кумтөргө» да соттошуу пайдалуу эмес» дегенге Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев да кошулат. Жумакадыр мырза болуп өткөн сүйлөшүү процесстеринде бир катар макулдашууларга жетишилгендиктен аны «тоскоолдуктарды бузуу» деп атады.
Канадалык компания табигатты өнүктүрүү фондун түзүүгө 50 миллион доллар которууга ниеттенип жатат. Каражат курчап турган жаратылышты коргоо жаатында жүргүзүлүүчү иш-чараларга жумшалмакчы. Эң мурун Ысык-Көл көлүнө модернизациялоо жана заманбап тазалоо курулушун курууга жумшоо пландалууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |