КАЙНЕНЕ-КЕЛИН КАНТИП ТИЛ ТАБЫШУУ КЕРЕК?

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Кайнене менен келиндин канга сиңген тиреши үй-бүлөнүн урашына эле алып келбей, кээде криминалдык түскө да өтүп кетүүдө. Бир аз убакыт мурун «кайненеси жашатпай койду» деп кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан келиндин кылыгы коомчулуктун төбө чачын тик тургузду. Канткенде бул таймашты жок кылып, бир үй-бүлөгө айлануу керек? Психолог АЙЗАДА ТАНАЕВА менен чогуу жооп издедик.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК КЕЛИП ЧЫГАТ?

  • Эркек аялзатынын идеалы катары өз энесин көргөндүктөн, энесине окшош кызды издейт. Эгерде энеси жана келинчеги жумшак болсо, маселе жок. Ал эми экөө тең күчтүү мүнөздүн ээси, лидер болсо, үй-бүлөдөгү чечүүчү орун үчүн эки аял өздөрү байкабай күрөшөт.
  • Кайненелер 50-55 жаштарда келин алышат. Бул учурда аялзатынын эң оор абалы – климаксты башынан өткөрүп жаткан учуру болот. Тез жини келип, болбогон нерсеге кыжырланып баштайт.
  • Келин үчүн башка эрежелер, башка үй. Анын психологиялык абалы туруксуз. Ордун тапканча убакыт керек болот.
  • Айрым кайнене өзүнүн карып баратканын, үй-бүлөдө жаш аял келгенин, анын таасири бар экенин кабыл алгысы келбейт. Кызганычтык менен карап келинин атаандаш катары карайт.


КЕЛИНДЕР ҮЧҮН КЕҢЕШ

1. Сиз бул үйгө келин болуп келдиңиз, үйдүн салтын, эрежесин кабыл алууңузга туура келет. Жаштардын «кааласаң да, каалабасаң мен ушундаймын, кабыл ал» деген жакшы көргөн фразасын үйдүн босогосун аттап жатканда эле таштап коюңуз. Ордуна улуулардын «Ким ийилбесе, ал сынат» деген макалын акылыңызга жазып коюңуз.
2. Кайнене монстр эмес. Биринчи күндөн эле кайненеге каршы стереотип менен барган туура эмес. Үйрөнүүгө, кабыл алууга даяр болуңуз. Ал сизден тиричиликти, алыш-беришти, карым-катнашты жакшыраак билет эмеспи.
3. Кайненеңиздин психологиясын, эмнени жакшы көрөт, эмнени жаман көрөт, сүйүктүү сериалы кайсы, кайсы абысыны менен өч, иликтеп койсоңуз жардамы тиет. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда бир тема жаралышына жардам берет.
4. Кайнененин көзүнчө уулу менен кучакташып, өбүшүп турганыңыз болбогон нерсе. Анын энелик сезимдерин аяп, башка жерден эмоцияңызга жол бергениңиз акылдуулук.
5. Жактырбай жатканын билсеңиз деле үмүт өчүрбөңүз. Күлүп-жайнап, чайын сунуп, абалын сурап мамилени өзгөрткөнгө аракет кылсаңыз бир күнү болбосо, бир күнү өзгөрөт. Күйөөңүздү сүйсөңүз, аны төрөгөн аялдын да бир жакшы жагын сөзсүз көрө аласыз. Жок дегенде сиздин аракетиңизди күйөөңүз баалап ыраазы болот.
6. Энесин күйөөңүзгө жамандабаңыз. Башыңыздан сылап «сеники туура» дебейт. Эркектер аялдай стресске туруктуу калк эмес. Жашоосундагы эки жакын адамдын бирин жакшы, экинчисин жаман көрө албайт. Эркек үчүн бул чатак чечилбеген дилемма, андыктан колдон келишинче эки аялдын ортосундагы нерсени эркектин кулагына жеткирбей бүтүргөнгө аракет кылгыла.
7. Батпай жатасыңарбы, «өзүбүзчө бөлүнөлү» деп ачык айтыңыз. Өз алдынча болуп тиричилик кылуу жаш үй-бүлө үчүн пайдалуу чечим.
8. Күйөөңүз абалыңызга кайдыгер карап, кайненеңиз менен тил табышууга мүмкүн эмес болсо, башкача айтканда, абалды оңдоонун башка такыр жолу жок болсо, криминалдык жолго барбастан, абал оңолгуча кетип калганыңыз оң. Баш менен дубал сүзгөн абалга караганда, өзүңүздү сактап калуу үчүн майдандан чыга турууга туура келет.
9. «Кайнене үчүн ажыраштым» дешет. Сиз кайненеге эмес, күйөөгө тийдиңиз, эмне үчүн кайнене үчүн күйөө менен ажырашыш керек? Ал эми сиздин үй-бүлө, ал үчүн күрөшүү сиздин колуңузда.

ИДЕАЛДУУ КАЙНЕНЕНИН ПОРТРЕТИ

  1. «Керегем, сага айтам, келиним, сен ук». Кыргыздар келинге нааразычылыгын кыйыр мааниде айткысы келгендиктен ушул макал келип чыккан. Кайнене келинди бооруна тартып, кемчилигин жымсалдап, ыгы менен акырын айтканы оң. «Колуңдан келбейт турбайбы, энең үйрөткөн жок беле?» деген кер какшыктын ордуна, «үйрөнүп кетесиң, баарыбыз эле ушинтип үйрөнгөнбүз» деп койсо алда канча акылдуулук.
  2. «Келиндин келгендегиси эстен кетпейт» дейт. Кайнене биринчи күндөн эле «кызым» деп кайрылганы оң. Каарын чачпаса, ага ишенип, кабыл алганын билдирсе, келин үчүн чоң бакыт.
  3. Ден соолугу чың тукум алып келиши үчүн кайнене келиндин ден соолугун карап, боюнда бар учурда, андан кийинки кырк күн оор жумушка салбай аяганы туура. «Биз деле ат чаап жүрүп төрөчүбүз, өлүп кетпейт» дебеш керек. Мурункулар ат жалында жүрүп төрөсө, азыркы аялдар бардык шарты бар төрөтканаларда төрөп жатышат. Бирок төрөттөн каза болгондор көп.
  4. Идеалдуу кайнене келин менен уулдун ортосунда болгон ички иштерине кийлигишпейт. Эгерде чатактары ырбап бара жатса гана уулуна тартпай, экөөнө тең калыс сөзүн айтат.
  5. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» деген кеп бар. Жакшы кайнене келинин кайын эже, кайын сиңди, абысын, коңшу-колоңдун ушагынан коргойт. Аны «тигинин келини минтиптир, сен эмне антпейсиң?» деп салыштырбайт. Анын келбетин, арыгын-толугун, сулуу-ырайы сууктугун башкалар менен талкуулабайт. Уулу ошол аялды тандаса, демек, бир татыктуу жери бар экенин эске алат.
  6. Өзү менен келинин салыштырбайт, атаандашпайт.
  7. Келинге кызматкер катары карабайт. Чарчаса аяп, «эс алып ал» деп айтат. Замандын агымы менен болот.
  8. Уулунун бактысы үчүн келиндин кемчилигине көз жума алат же тарбиялап чыгарат.
  9. Акыркы жана эң негизгиси, чын жүрөктөн келинин сүйүп өзүнө татыктуу орун басар катары көрөт.


КАНДАЙ КАЙНЕНЕСИЗ?

Жаркын Балыкбаева, актриса:
– Укмуш кайненемин дебейимби (күлүп). Келиндериме үн катпайм, эркин коём. Ал дагы бирөөнүн баласы, жүрөгүн ооруткум келбейт. Өзү билип кылса кубанып калам, кылбаса капа болбойм. Мурункуга салыштырмалуу келиндерден ыйман кетти. Өзүмдүн апам келиндерин катуу кармачу. Жууркандарын сыйрып ыргытып, «тургула» деп кыйкырып катуу башкарчу. Келиндери үн катышчу эмес. Азыркы келиндер бирди айтсаң, сага экини айтат. Эки ооз сөз чыга электе тейтеңдеп түйүнчөгүн түйүп «кетем» деп баштайт. Ажырашкан азыр оңой болуп калбадыбы, мурункулар жабышып эле оокатын кылып үй-бүлө болуп кетишчү.
Антейин десем, кайненелердин деле каары кээде далай жерге алып барат. Күйөөсү келинчегине жардамдашса кайненеси «сен жөн отур, бул үйгө кызмат кылганы келген, жасасын» дейт экен. Эми ушу жакшыбы, экөөнүн баласын колунан алып соорото турса жаманбы?

СИЗ КАНДАЙ КЕЛИНСИЗ?

Назми, ырчы:
– Мен кандай келинмин? Жакшы келинмин. Жалгыз кыз болгондуктан өз апам мага үй тиричилигин эрте үйрөттү. Баарын билип эле турсаң кайненең деле сага ыраазы болот экен. Мен кайненемден кызматымды аябайм. Апам мени жакшы көрөт, сыймыктанат. Башка кайненелердей болуп ушактап, ички иштерге такыр кийлигишпейт. Мен кайнене болгонумда деле келиниме аябай түшүнүү менен карайт болушум керек. Азыр кайнененин ишеничине кирсең, кийин алар сен үчүн да опол тоодой тирек болуп берет. Ошон үчүн кайненени жакшы көрүш керек, сыйлаш керек. Келиндерге кеңешим, жаман нерсе издебеш керек. Көп нерсени көз жума билиш керек, жакшылык эле кыла бериш керек, жакшылык баары бир жеңип чыгат жана айланып келет. Мен апама жакшы келин болсом, кийин мага жакшы келин туш келет деп ишенем.


Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(92)
21.09.2017. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менин кайненемди тушунбойсун, жакшы болсо андан откондо жакшы Адам жок, жаман болсо андан откондо жаман Адам жок. Мага жасаган жакшылыктарын, сооко жеткен ачуу создорду менен жууп салат. Негизи чогуу жашаган аябай оор болот экен. Эмне калабыз Айла жок чыдаш керек, жалгыз уул. Жолдошум маманкин сыночек. Кайненемдин созу ал учун закон
24.04.2021. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
B.GULNARA,жолдошун лох
21.09.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайнэне менен келиндин ортосундагы мамиленин бузулушуна копчулук убакта кайнсинди жана кайнэжелердин себепкер болуп калышы коп катталган учурлар да кездешет жашоодо. Ошол себептуу келин кайнсинди-кайнэжелердин тилин табуу койгойуу бар деп ойлоймун.
21.09.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненем толук аял болгондуктан кышында сапожкасын кийгизип берет болчумун, анан "сапожка кийгизгенди уйрон кийин балалуу болгондо кереги тийет" дегенден кийин кийгизбей калдым :)
21.09.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силердин комент окуп атып уйдон чыкпай отура берип,жумуштан да кечиктимм
21.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
менин да кайын энем озунчо эле жомок. анын баарын айта берсем, ушак болот. кыскасы, азыр эки балам мн торкундомун. куйоом келип кетет. жумуштан да чыгып калдым. кайын атам да кайын эне, кайын синди да кайын эне. нервденип атып колу бутум тырышып больницага туштум. ошондо да ишенбей койду ооруп атканыма. неврологияга жат денен фельдшер жата элекмин. торкундо, балам кичине болуп.кайран энелер кызын бополоп остургон. аныболсо башка бироолор кор кылат((((
25.09.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love_you, Ошода кээде ушунчалык кыйналган кор болгонуман эч Кыз торогум келбейт. Ал дагы мага окшоп кыйналышын каалабайм
21.09.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тайэнемдин келини бар эле, 7 жыл болду арабызда жок. Таженебиз келиндей болуп жумуш кылчу эмес, озуда толлук келген таркылдаган жан эле, кайнилерин синдилерин козу, аппак квз деп тергечу, баарыбыз жакшы корчубуз. Ал женебиз рактан кайтыш болгондон кийин тайенем катуу кайгырып сахар болуп ооруп калды, азырга чейин эстеген сайын ыйлай берет
21.09.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул теманы эле кутуп отургансынар го, комментарийлер тексттен да кызыктуу экен
21.09.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен да жаза кетейин))). Тыкылдап жумуш жасап журуп ооруп калдым. Апам (кайынэнем) торкунуно бар деп кетирип жиберди. Ата-энем жок (томолой жетим кызмын) кайда барам деген суроого синдине айт Москвада иштеп журот акча салсын, каратсын деди. Синдиме болгонун тушундурдум. Синдим (2 эле кызбыз) батириме, дарылануума болгон кучун, акчасын жумшады. Неврология жактан да коп оорудум. Азыр жакшымын Кудайга шугур. Бирок ажырашып тындык. Андагы коп созду жазбасам да тушунгон адамга белгилуу.
21.09.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх кыйын эки тарапка тен####
22.09.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайненелердин баары эле жаман деп болбойт. Балам бактылуу болуп тынып, тынчып жашаса деп аракет кылгандар да бар, бирок ошол нерсени көтөрө албаган келиндер деле толтура. Болоор болбос нерсени апасына жеткирбеши керек, үйдөгү сөздү көчөгө айтып чыкпаш керек. Күйөөңдү төрөгөн аялды жаман дебей көңүлүн алыш керек. Каарыган адамга сый-урмат, ыссык тамак аш, жылуу сөз керек. Келин үй бүлөөдө өзүнүн ордун билүү керек. Түшүнүшүп жашоо кыйын деле эмес.
22.09.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Беш кол тен эмес да.Мисалы менин кайненем оз кызындай мамиле кылат силер бактылуу болсонор болду деп турат.Кудайга чексиз шугур айтам дайыма.Кайнене жаман болбойт ал балдарынын бактыны ойлойт.келиндерде туура эмес тушунук бар ажырашуунун баарына эле кайнене куноолуу болот деген карс
22.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхх мен бойдокмун жакында уйлоном,коптон бери менин журогумду ойкоп келген маселе ушул.Уйдо жалгыз баламын эжем жана карындашым бар.Апам менен келинчегимдин мамилеси кандай болоткен деп эле ойлонуп калам кееде,бирок Апам айтып калат келиниме жакшы Кайнене болом деп.Эмнеге дегенде Апамы Чон энем катуу кармаган жемелеген урушуп калчу,эми келини коп болсо дагын кайненелер ошондой болот окшойт.
22.09.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен келин болгонума,18 жыл болду,эки кызыбыз бар, Азыр америкада жашайбыз ,кыздарым кр жакшы лицейде билим алышат,бирок 18 жылдан бери,кайненеме жакпадым ,кайын журтка канча жардам кылдык,билишкен жок.кредиттерин жабып бердик,кайненем ушкурунсоле 100$ жонле салынат.жамандык,жакшылык биздин милдет. Кайненемдин жаман жагы бар торкунумо асылат,алардын жашоосу жакшы.Кыздарым барса,мени аябай каргаптыр,ошяктан келбей калсын деп,мурун кыздарым айтса ишенчуумесмин, диктофонго жаздырып алыптыр,окунучтуу
23.09.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jeri88,Ии итко, бу ичтин куйгону. Суйлоно берсин сиз главной жашоонуздан оорун табыпсыз. Азаматсыз, Бир жыл акча салбай коюунузда кредитим бар деп шылтоо кылып ошондо балким мурдуна суу жетет. Андай адамга млн. Долл берсенизго деле ыраазы болбойт Бир билип коюунуз. Ыраазы болбосо сооп да тийбейт Ошо учун токтотунуз. Эн Жак вариант кредит алдык акча жок деп коюунуз.
23.09.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо, арманым аттын башындай, силерге айтып женилдегим келет.
23.09.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошо, келгенде эле кайна энем жанагынтип тосуп алды, башында жакшы эле жашадык, кийин куйоом апасын тилин алып ура баштады -Кет, апам сени кетсин деп жатат деп. Кайра онолуп калат кечирим сурап кайра апасына жолукса кайра башталат. Мен келгенде уйу страшный эле эски эч кандай шарты жок, жолдошум экообуз эптеп ремонт кылдык 3 жыл дегенде буттук мен 3 жылда меенетимди кошпогондо 4.5-5 мин $ акча коротупмун.Кайна энемдин каккы турткусуно чыдап эле жургом унчукпай, Бир куну туугандар чалып прописканд
23.09.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Прописканды алып кет деди, макул алдым уйго коеюун десем кайна эне койдуртпай койду- Эмне кереги бар деп кыйкырып жолдошума уй кайна энеге жазылган.5-6 жолу кайрылдым басып кетти унчукпай ошентип 7-8 айдан кийин Алыстагы туугандарымдыкына койдум менин жумушума гор. прописка керек эле ансыз албайт ошентип иштен айрылдым. Жолдошум апасын созун угат 2 жолу ЗАГС тан отолу десе апасы кыйкырды болбой койду баласын бузуп, мейли дедим. Бир куну келди кышылдап кун ыссыкта, кайдан келдиниз десем Силердин
23.09.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силердин тагдырынарды чечип келдим. Деди корсо козу ачыктарга барып дуалатса керек.- Мен силерди ары же бери кылам деп басып акшыя кирип кетти уйго. Туулган кунум келди ошентип куйоом менен урушуп кеттим Бир аз апасы келип калып кайним экоо урганга чейин барды, кийимдеримди ыргытып кочого салды, кайна эне суйлонуп: Оф уга менен ажыраш десе эле ажырашпайт, кетир деп канча айттым, канча уруштурсамда табышып алат кайра эле. Шылтоо таппай жаттым эле, жакшы болбодубу деп мени кочого чыгарып коюушту
23.09.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлай албай же кулон албай шок болуп самсалап подружкам жакын жашайт эле ошого бардым чонтогумдо 3 сом бар экен. Ыйлап стресс болуп жатып калдым, канча акча канча мээнетим кетти эле Ошо уйго жашайм деген учун мен акча коротком. Эми нолдо талаада ара жолго таштап койушту, 2 кундон кийин курдаштарым урушуп бар акчанды берсин де бар уйуно деди баргым келбей аран бардым ачка болчум барып ыйладым акчамды бергилечи уят эмеспи десем, кайсы акча сен Бир сом кошкон эмессин дейт.
23.09.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлап жатсам куйоом жинге тийип телефонунун камерага тартып отурат. Ужас. Учоолоп уруп салды. Эсимде жок козум ачсам больницада жатыпмын кок ала денем. Башым ооруп кускум келет.Милиция келди заявление жаздым. Бирок эч Ким караган жок Корсо заявление тушкондо эле куйоомо чалыптыр милиция Лар тааныш курсташ достору экен. Мен. Караганда жок. Мейли кудайым салдым дедим болницага карыз болдум 5000 дей залогко таштайын десем алтындарыман бери алып коюушкан айла жок убактылуу паспортмду таштадым,
23.09.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоом чалды коркутуп Заявление ал болбосо ининдин чонтогунон наркотик салып каматам деди. Мен уккан кулагыма ишенбедим ыйлап жатып калдым. Мен суйгон Адам, мен ага жолукканда ичимен соз бергем мен ага жомоктогудай жашоон у тартуулайм бактылуу кылам деген. Бала торойм озуно окшош деп кыялданчу элем. Мына Ошо Адам мага кылган кесепети мен озумон да аны суйчумун. Алдым заявление ни кетип кал деди мени чет жака, Бир туруп келип ыйлайт кайра жашайлы деп кайра башканы суйлойт.
23.09.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошентип эмне кылмак элем мени баарыбир бу жакта карманан эч Ким жок деп кетип калдым чет олкого. Мына 23 сентябрда 7 ай болот экен буйруса шугур машина алам деп кайра акчамды чогултуп жатам. 2-3 айдан кийин кетем кыргызстага кесибим менен иштейм машинамды чекчейип айдап.
23.09.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлойм ЗАГС созсуз ото тургандай кылып койсо окмот балким мен оз мээнетимди алар элем,4000$ оной акча эмес Бир участок келет эле уй салып алат элем. Ошо ЗАГС жок канча кыздар кор болуп жатат мендейден миндей эркектер эмне алар коркпойт колдонуп кетет мендей болуп кочого калтырып салат экен.аябай коркуп калдым баардык эркек ушундай болсо анда билбейм. Окмот Бир чара корбосо кыздар аябай кор болуп кеттик
23.09.2017. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суранам мурунку закон келсин. ЗАГС жок баласын роддомдон чыгарбай турган Ошо закон жакшы эле.
23.09.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арманымды айтып женилдеп калдым. Окуугандарга Рахмат. Комментарии , суроо кутом.
23.09.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZHaziko, ушундай макоолор менен жашап, ден соолугундан ажырагандан коро, жалгыз тынч жашаган жакшы. Чакчайып жаны машиненди айдап, жакшынакай журо бер. Кудай бир эшикти жапса, экинчисин ачат дейт. Сен созсуз бактылуу болосун!
25.09.2017. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gugi, Рахмаат
24.09.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ZHaziko,кундун тени жарык,тени карангы кыйынчылыктын артында созсуз эн жакшы кундор бар. Мен арманымды айтпай эле коюун бирок сеникинен да оор эле,эч кимге айтпай ыйлап балдарымдын жашоосун ойлоп журуп акыры Жаратканым баарына жакшы тушунук берди,менден кийинки келиндери мендей чыдай албады,азыр кайненем откон кундор учун кечирим сурайт,балдарым чоноюуп студент апалап турат. Мен да жакшы кайнене болгум келет азыр жашоом баары жакшы Аллага шугур. Сабыр керек сабырдын тубу сары алтын.
25.09.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko,сиздин окуяныз менин окуяма аябай эле окшош экен. Мен да азыр кызым менен чет олкодо жашайм. Убагында аябай кордошкон. Сиз айткандай Бишкектеги милициялар арызымды карабай койгон, канча уруп бармактарымды сындырганга жеткен, нерв болуп озумду озум олтургум келген кундор болгон. Апасы баткендик, бакшыдан башы чыкпаган жинди, экоолоп урган кундор толтура болчу, жеген тамактарымдан бери эсептеп, элдин козунчо калп эле жакшы болуп, уйдо канымды ичишчу, апамдардын колунда жок болгонун билип
25.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko, оюна келгенин кылышчу. Эх кайран жаным, кызым атасыз калбасын деп болгон кучумду жумшагам, ыйлай берип карып да кеткем. Кудайга салдым, азыр 6 жыл болду акыркы жолу кубалап жибергендерине. Мага да апасы загс кийин аласынар деп той да, загс да кылдырбаган, кийин мени кубалап жибергенден кийин бир баткендик кызга уйлонуп, мага чалып мен кыйынмын, мен баймын, мен бактылуумун, сен кочодо калган бомж, проститутка , мен сени менен каалагандай ойнодум деп жургон, акыры телефонумду и почтамды
25.09.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHaziko, очурдум,болгон связьды токтоттум, кызыма ушундай атанын кереги жок экенин тушундум. Аябай акчага муктаж болуп ,кичине тамак ашка жардам бер десем жугунду жалко, мага кызындын кереги жок менин уул балдарым болот деген.Ошондой эле азыр эки баласы бар экен.Мурун аябай капаланчумун,бирок азыр ойлобойм да.Сиз коп кайгырбаныз, жашоо деген ур, токмок, кайгы эмес, буюрса сиз да озунузго ылайык адамды жолугаттырсыз.Орустар айтмакчы, все к лучшему.
23.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде да кайын эне бар, келинди кулдай жумшап, какшык создон башка жакшы созу жок. Тамакты тандап жеп, нан жапсан жактырбай кесек деп жеген. Уйуно баруудан журогун титирейт, дагы эмне деп жиберет деп, айла жок укчуубузду угуп ичи бизден ызааланып сыртыбыздан жылмайып ары жок адамдай кайра уйубузго келебиз. Жакшы дагы уйубуз болок. Оо кудай ошончо кордук кордук, озубуз кандай кайын эне болот экенбиз?
23.09.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уйлонбой эле коюш керек
24.09.2017. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыркы заманда баласынын бактысын ойлогон кайненелер азайып кеткендей мага
25.09.2017. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеч болсо деле менин кайненем жонундо эки ооз соз жаза кетсем. Кайненем укмуш алтын аял. Мурда жаман коро берет элем суйлоно берет деп. Бир куну эшике чыгып мороженое жеп келгиле деп кызым экообузго 500с берди. Озу ооруп атсада ишке кетип атат. Мен иштебей бала менен уйдо болчум. Кайненем кеткендеин ойлоп карасам почти кундо акча берет кийим сатып берет продукты кылып келет только жакшылык эле кылат. Анан озумо айтым значить мен эч нерсени корбогом мен жаманмын деп. Азыр эне кыздайбыз мама деп
26.09.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кайненеме да соз жок, канча жакшылылык кылып, ич кийиминен бери жанылап кийим кече алып берсем да кордум же рахмат дебейт, патасын беришин да билбейт, кийим кечем толтура тебелеп кийип койгом дейт, хотя начар эле журчу
21.10.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а менин кайненем алтын.Аман болсун бар болсун омуру узун болсун торубуздун корку болуп ысык чайымды ичип бактылуу карылыкты корсун.Кайнеме мин мертебе ырахмат айтам балсын ушинтип тарбиялагандыгы учун.Балдарымдын атасын суйуп туруп анан кантип энесин сыйлабай жакшы мамиле кылбай койушум керек?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо