Эмил Эсеналиев, актёр, тамашоучу: "ДЭҢ-ДЭҢ" ДЕП АЙТА БЕРИП БУЛ СӨЗДӨН ӨЗҮМ ИРЕНЖИП БАШТАДЫМ"

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Бул сапар SUPER.KG порталынын маек төрүнөн актёр, тамашоучу, күлкү жаратуучу жана келечектеги ырчы Эмил Эсеналиев орун алды. 1 саат бою кызыктуу суроолорго жооп берип, тамашаларды аткарып, атүгүл ырдап берип күйөрмандарынын сунушун четке каккан жок.

Маек башында порталдын журналисти Эмил мырзага: «Калк арасында сиздин лакап атыңыз мезгил-мезгили менен алмашып турат. Азыр «Дэң-дэң» болуп калдыңыз окшойт?» деген суроо салды.

-
Ооба, көпчүлүгү «Чала спортик», «Дэң-дэң» деп калышты. Бирок ал тамаша менен мен коомдогу болуп жаткан, биздин маданиятыбызга туура келбеген нерсени юмор кылып көрсөтөйүн дедим. Эл тамаша катары туура кабыл алып, көпчүлүгү «дэн-дэң» сөзүн мода кылып алышты. Бирок модага айлантып алуунун кажети жок. Дайыма «дэң-дэң» деп айта берип өзүм иренжип баштадым бул сөздөн. Демек, бара-бара коомчулук да бул сөздөн тажап, унутулуп калат. Бирок калк арасында мага "жаштарга туура эмес кылыктарды үйрөтүп жатасың" дегендер да бар. Акылы бар киши видеолорумда мен кылган нерселерди кайталабайт.

– Сиздин чыгармачылыгыңызга ата-энеңиздин көз карашы кандай?

-Атам «жумуштагы кесиптештерим «дэң-дэң» балаң кандай жүрөт" дешет, ал эмнеси?» деп сурайт. Мен дагы билбейм деп коём.

– Эмил, сен эмоционалдуу адамсың. Үйдө казан-аяк кагышканда жубайыңа кол көтөргөндөй көрүнөсүң.

-Жок. Бирок колунан катуу кармап, силкип койгон учурлар болгон. Ал эми аялга кол көтөрүүгө өздөрү жеткирет. Мисалы, жолдошу, балдары бар, бирок башка менен жүргөн аялзатын көргөндө менин деле ургум бар. Айткан кебиңди укпаса, түшүнбөсө уруш керек. Андайларды урбаганда эмне?

– Айрым тамашаңыздын тарбиялык маанисин көрбөйм. Мындай видеолорду таратуунун максаты эмне? Эл арасында атыңызды өчүрбөстүн амалыбы?

-Эл арасында атымды өчүрбөстүн амалы.

– Сени «Тамашоудон» тапталып чыккан күлкү жаратуучу катары тааныйбыз. Бирок «Тамашоудон» кеткенден бери деңгээли төмөн «мамбетский» видеолорду тартып аброюңду түшүрүп жаткан жоксуңбу?

«Тамашоу» жаңы чыкканда «Тамашоу» КВН болбойт, «мамбет» болот» дешкен. Ошол 20га чукул «мамбеттер» чогулуп алып Астана, Москвага чейин барып, кыргыздын желегин желбиретип келген. «Мамбет» видео деп жатпайсыңарбы, интернет тармагында активдүү бир кыз бар. Аты-жөнүн айтпай эле коёюн, аны силер да тааныйсыңар. Видеолорунда сөгүнүп-сагынып жатса, эмне үчүн анын роликтери элита болуп эсептелет? Мен ошону «мамбет» варианттагы видео деп ойлойм.

– 2015-жылы «ыр жаздырып жатам, ырчы болом» дегенсиң. Арадан 2 жылдан ашуун убакыт өттү, чоң сахнага ырдап чыгууга эмне тоскоол болуп жатат?

-Жаздырган ырларым бар, бирок элге алып чыга элекмин. Мен тигиндей ыр өтүмдүү болуп жатыптыр, ошондой ыр аткарайын дебейм. Жан дүйнөмө жаккан ырларды гана аткарып коём. Голливуд тасмасына тартылгандан көрө, жергиликтүү радиодон ырым жаңырып турса ошол мага бакыт. Тамада болгонума байланыштуу тойго ылайыктуу ыр жаздырайын деп жатам.

– Жубайыңызды окутпай койгондо ата-энеси кандай көз карашта болду?

– Кайнатам менен кайненем кызынын жашоосуна кийлигишпейт. Менин ата-энем да үй-бүлөлүк жашоомо аралашпайт. Мактагандай болбоюн, жубайым токтоо, дээринде бар адам. Кээде ачуум келип сүйлөнүп, кыйкырып калганда мени менен ажылдашып айтышпайт, урушчаак эмес.

– Кайнатаңыз чыгармачыл адам. Сиздин чыгармачылыгыңызга көз карашы кандай? Кандай сындарды, кеңештерди айтат?

–Кайнатам (ред.: актёр Марат Козукеев) менен чыгармачылыгым тууралуу кеп кылбайбыз. Бирок Саматтын (ред.: Эркинбеков) концертинде «таланттуусуң, бирок чыгармачылыгыңды олуттуу деңгээлге көтөрүшүң керек» деген пикирин айткан. Менин деле улуу инсандардан сабак алсам, жаңы деңгээлге көтөрүлсөм деген кыялым бар.

– Жубайыңыздын актрисалык билими барбы?

– Жогорку окуу жайда окуп жаткан, бирок турмушка чыгып, балалуу болгондон кийин окуусун аяктай албай калды. Анын үстүнө бир үйдө бир артист болуш керек. Үйлөнүүдөн мурда «окубайсың, иштебейсиң» деген шарттар коюлган. Эгер макул болбосо баш кошпойт элек.

– Тамада эмессизби, «Ставкам доллар эмес, сом» деп айтасыз. Эгерде той ээси ыраазы болуп доллар берсе албай коёсузбу? Тойдо ыңгайсыз абалда калган учурларыңыздан айтып берсеңиз?

– Тойго барганда ставкамды сом менен айтам. Элибиз көнүп алган окшойт, доллар сунуштагандар да бар. Берип жатса, «жок албайм, мен сом деген болчумун» деп албай коймок белем? Ала берем. Кызыктуу, бирок ыңгайсыз абалда калган учурлар көп. Бир жолу Самат (ред.: Эркинбеков) экөөбүз тойго барып «Лагман» деген тамашабызды аткармай болдук. Мен лагман чойгон кишинин образын аткарып жатып бутумду көтөрсөм «тарк» деген үн чыгып кетти. Ошентип шымым айрылып, аябай жаман абалда калгам. Дагы жакшы ошол мезгилде телефон колдонгондор видеого тартып алган эмес.

– Тойлордо Азамат Исмаилов менен чогуу тамадалык кылып каласыздар. Тапканыңыздарды урушпай эле бөлүшүп аласыздарбы?

– Көбүнчө чакыруулар боюнча Азамат жоопкер болот. Мен аны «шеф» деп коём. Эгер той ээси менен мен сүйлөшсөм, бүткөндөн кийин маанайымды түшүрүп алып, машинага отуруп «айда, кеттик» дей берем. Азамат «эмне болду, акчасын бербей койсо барып сүйлөшөлү» дейт. Мен болсо «2000 сом берди, ошону сен эле ала берчи, мас болуп калыптыр, аларга теңелбей эле койчу» деп тамашага салам. Акыркы тойго барганда Азамат мага 250 сом берип «жакшы иштедиң, азамат» деп жатпайбы. Бул биздин ортобуздагы тамашабыз десем болот. Чындыгында чогуу тапкан каражатты урушпай-талашпай бөлүп алабыз.

– Балалыкка барууга мүмкүн болсо жашооңузда эмнени өзгөртмөксүз?

– Мени төрөгөн апам 9-класста окуп жүргөндө бул дүйнө менен кош айтышкан. Балалыкка барсам, апамдын жанында көбүрөөк болуп, убактымдын көбүн апам менен өткөргөнгө аракет кылмакмын. Башкаларга да айтар элем, ата-энеңердин жанында болуп, аларды сыйлагыла, урматтагыла. Себеби эртең эмне болорун эч ким билбейт.

– Алыскы Москва шаарынан салам! Эмил, качан курсакты жок кыласың?

– Негизи аракет кылып жатам.
3 ай мурда салмагым 100 килограммга чейин жеткен. Курсакты чыгарыш оңой, бирок жок кылыш кыйын экен.

– Эмил, сен аябай жаман сөгүнөт турбайсыңбы. Бир жолу угуп калып кулагым кызарып кеткен. Сени тамашаларыңда эле «прикол» үчүн сөгүнүп коёт дечүмүн. Үйдөн деле ошондой сөздөрдү айтасыңбы?

– Калп айтканда эмне, сөгүнөм. Сөгүнүү жакшы, жаман, орточо деп бөлүнбөйт, баары эле жаманга кирет. Ачыгын эле айтыш керек, бардык эркек сөгүнөт. Коомдук жайларда, эл арасында жүргөндө өзүмдүн белгилүү экенимди унутуп сөгүнүп алам. Бир же эки жолу көрүшкөн адам жүрөгүнө жакын кабыл алат деп ойлонбой эле ачылып сүйлөшө берем. Ал эми үйдө жүргөндө сөгүнбөйм. Анткени балам чоңоюп келе жатат. Уядан эмнени көрсө ошону алат.

"Уулум Хамза тай-тай басып калды. Кеч жаткан күндөрү уктап эс алайын десем эрте эле ойготуп, иш күнүмдү баштап берет. Өзүңдүн балаң болгондон кийин "барчы ары" деп уруша албайт экенсиң".


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Кайнатам (ред. М.Козукеев) олуттуу ролдорго өтүшүм керектигин айтты" дейт Эмил Эсеналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
17.09.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын, Эмил! Анча мынча ырчымын дегендер уялып кетти болуш керек сен ырдаганда).
19.09.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинодогу ролдору жагат бирок тамашаларын корсом дагы азамат эконун анегдот айтканындагы кулгонун корсом жиним келип кетет
19.09.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинизге ийгилик. Уй-булоолук бакыт каалайм.
19.09.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле башкачараак кулуп койосузда видеодо
19.09.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эльдананын тамашаларын айтты окшойт "мамбет" деп.
19.09.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
solntse95,ой плюс баскам минус басылып кетти.Оа мен дагы ошо го деп ойлоп атам
19.09.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ото эле ХХХ Адам экенин бмлинип калды интервьюнан. Эми килейип чон жигит болуп калдын. Дайыма эле ден ден деп денкилдеп журо бересинби. А тамашалырына токтолгум деле келбейт.бирок казыр ушундай томон денгээлдеги ырчы чоорчунун заманы брлду. Анан мамбет дебей эле койгула,Мамбет деген чон аталар болгон ,абдан жакшы киши лер. ХХХ ХХХ ХХХ адамдарга тенебесенер
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-19 12:19:06
19.09.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
19.09.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,эн туура
19.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
тамашалары жакпайт.
19.09.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Негизгиси уй булоолук бакыт каалайм. Тамашаларыныз абдан жагат
19.09.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жубайына таң калам кантип окуудан баш тартты?акчадан кыйналат десем андай деле көрүнбөйт Эмир билимден кабары жок десем вроде билимдүү анда эмнеге окутпай койду экен??билим эч качан артык болбойт го дейм
19.09.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Согунгон, аялга кол которгон, жубайын окутпай койгон эркектерден кудай сактасын. Бар бол Эмил.
19.09.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аялын кордойт окшойт уйундо. Мага ошондой сезилди
19.09.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аялы кандай кийинип алган ХХХ.дагы чачын жайып алыптыр. Келиндей болуп койнок менен ак жоолук салынып келсе жакшы корунмок.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:51:54
20.09.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batma08, эскертүү! Мазактоого жол жок!
19.09.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХХ, кичине озун скромный алып, видеоролик тартса турмушка тасирдуу нерселерди тартса болот эле, каяктагы патсанский нерселерди тартат, тамашоунун бирда баласы жакпайт, жаман жадатты тамашоудогу балдар кайсы сайттын видео болумуно кирсен ушулар жадатып
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:52:55
20.09.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
19.09.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакпай калды
19.09.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сапсим эле звезда болуп кеткендей сезип кеткенго. Аялына жалко. Аялга кол которуш керек болсо алсыз экенсин. Байкуш кайын журтун окуп жаман болсо керек. Тамашоу чыгып калды да бактынарга болбосо ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 10:55:24
20.09.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelemdedin, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-20 11:04:12
19.09.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Любой эркек согунот дептирго беш кол Тен эмес. Согунбогон эркектер толтура. И ещё аялына кол которгон эркек эркек эмес!!!
20.09.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аялды да аялдай сыйласаң анан жакшы аял болот. Урам деген эркек атттуулар ошо аялга төңкөйт, өздөрү деп. Урбайм,мен эркектик намысымы түшүрбөйм дегендер кандай кырдаалдар болбосун колун тийгизбейт, аялын сыйлап эле өзү дагы сыйга, жубайынын мээримине бөлөнүп эле жүрөт. Уруш керек дейт го
20.09.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elli_88, эскертүү!
Кемсинтүүгө тыюу салынат!
20.09.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Болгонун жашырбай айтыптыр
20.09.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кол которгон эркектен Кудай сактааа
20.09.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол сөздүн маанисин айтып койгулачы.
21.09.2017. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озунун апасы отуп кетиптир,эненин аял кишинин кадырын деле ордун деле билипсин,аялын да баландын энеси,бироонун кызы ,аялына да жакшы мамиле кылып согуп урбай сыйлагын,Алладан берген аманат болот аялын
21.09.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жубайы чыдамдуу жан окшойт, бардык эркек согунот деп эле согуно бересинби, журокту айлантып кускум келет согунгондорду корсом, ыймандуурак болчу
22.09.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Корс грубый корунот
22.09.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эльдана Форайсты айтса керек "интернет тармагында активдүү бир кыз бар. Аты-жөнүн айтпай эле коёюн, аны силер да тааныйсыңар. Видеолорунда сөгүнүп-сагынып жатса, эмне үчүн анын роликтери элита болуп эсептелет?
"деп
23.09.2017. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялын өзүнөн ылдый көрөт экен. Окуйм десе албай коймокмун, кыйкырып, согуп салам, колун катуу кармап силкип коём, ажылдаса уруп салам. Уффф... Аялы, кайын журту окуп жаман болду го. Жакчу, эми болсо ойлонуп калдым. Көрсө, адам менен сүйлөшүп туруп, жагат же жакпайт деш керек турбайбы.Энени да, аялды да сыйлаш керек.
23.09.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялымды урам дебей эле, уйдо согунбойм деп жататго. Кочодо эркек болуп уйдо жакшы жар, Ата болсо болдуда.Эмне эле тантырап урат, согот деп жатасынар...
23.09.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой тобо создорду бурмалап тескери коментарий бергенге даярсынар. Кайсы жерде жазылып турат аялыма кол котором же согом дегени шумдук капырай кыргыздар кандай кана калкпыз. Аман бололу.
24.09.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуганда бөлөк, видеону көрсөң башка ойго кетет экенсиң. Өйдөдө жазганым үчүн Эмилден кечирим сурамакмын, видеону көрүп башка ойго келдим. Сага ийгилик, үй бүлөлүк бакыт каалайм. Баарынарды видеону толук көрүп анан ойунарды жазгыла демекмин. Эмил алга!!!
25.09.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага дагы азыр жакпай калды кобунчо гейге окшоштордун образын аткара берет,жакпайт кыздарга окшоп
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо