Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Толгонай Арзыкеева, ырчы: «DESPACITO» ЫРЫНЫН МААНИСИН БИЛБЕЙ ЭЛЕ ЫРДАГАМ»

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Дүйнө элин «Despacito» деп ырдаткан популярдуу ырды кыргыз кызы да майын чыгара аткарып, интернет айдыңында мактоолорго арзый алды. Мукам үнү менен күйөрман топтой алган бийкечтин аты-жөнү Толгонай Арзыкеева.

Аты-жөнү – Толгонай Арзыкеева
Туулган күнү, жылы – 11-февраль, 1998-жыл
Билими – Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетинде 2-курста окуйт
Үй-бүлөдө – 5 бир тууган
Хоббиси – Сууда сүзүү

– Кандайсың, Толгонай? Маегибизди дароо эле пуэрто-рикалык ырчы Луис Фонсинин ырынан баштасак. «Despacito`ну» эмнеден улам аткарып калдың?

– Жакшы. Негизи мен жан дүйнөм каалаган иштерди жасайм. «Despacito» ырын биринчи укканда эле жагып калды. Анан курбуларым, интернеттеги күйөрмандар «ырдап көрбөйсүңбү» дей беришти. Ал кезде мен ырдын маанисин, сөздөрүн толук билчү эмесмин. Кайырмасын аткарып, Инстаграмдагы баракчама жүктөп койдум. Кийин ырдын текстин карап чыгып, ушул ырды аткарганым үчүн уялып калдым. Бирок жыйынтык жаман болгон жок. 2 ай аралыгында баракчама катталгандардын саны эки эсе көбөйдү.

– Ошол каверден кийин иштешүүгө сунуштар болуптур...

– Көптөгөн каттар келди. Орусиялык продюсер «кыздардан турган топко үнү, келбети сендей кыздар керек, командабызга кошул» деп сунуш кылды. Мындан тышкары казактардан да сунуш түшкөн. Апама айтсам, «сени билем, чет өлкөдө иштей албайсың» деп көңүлдөнбөй койду.

– Алгач ырчы эмес, актриса катары таанылдың окшойт...

– Актриса эмесмин, актёрлук чеберчилик боюнча билимим жок. Бирок кичинекей кезимден бери эле ырдайм. 2015-жылдан тартып интернеттин активдүү колдонуучусу болуп, жаккан ырларды аткарып, видеолорду жүктөп баштагам. Видеолорду көргөндөн кийин жарнамалык роликтерге чакыруулар болду. Эң биринчи «Ата» кондитердик фабрикасынын жарнамасына тартылдым. Андан кийин Нурмат Садыров, Данияр Эрматовдун клиптерине, анан «Кокуй кошуна» тасмасына тартылдым.

– Азыр чыгармачылыгыңа жардам берген адам барбы?

– Учурда бир адамды менеджерим деп айта албайм. Чыгармачылыгыма апам түшүнүү менен мамиле кылып, менеджерим болуп жүрөт. Бирок менеджер дайыма жанымда жүрүшү керек, апамда андай шарт жок. Себеби мен үйдүн улуусумун, менден кийинки бир туугандарым кичинекей болгондуктан, аларга кам көрүүдөн убактысы ашпайт. Апамды кыйнап «мага жардам бер» дей албайм. Азыр жаңы эки ыр жаздырдым. Бирок ал ырларга клип тартып, анан гана элге тартуулагым келет.

– Рахмат маегиңе!


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


“Despacito” ырын аткарып таанымал болгон Толгонай Арзыкеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
19.09.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аябай сулуу, татынакай кыз, чыныгы таза сулуулук бар ушул кызда)))
19.09.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
mentol,ооба аябай жылдыздуу сулуу экен уну да соосоонун эл аралык конкурстарга катышып Кыргыз элин таанытчу кыздарыбыздын бири экен,ийгилик каалайм
19.09.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mentol,Сенчелик эмес баары бир
19.09.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эмки жылы эмгек синирген наамды бергиле эми
19.09.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш эле кызкен оо куну бир каналдар маеа берип жатат тим эле ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-20 11:10:15
20.09.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aikeeboni, мазактоого жол жок! Эскертүү!
19.09.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай жылдыздуу кыз.Жагат мага.Татынашка
Emu-Janyl түзөттү 2017-09-19 15:17:19
Медиа-портал
19.09.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы бул кыз коптогоон еле ырларды жакшы ырдаган интернетте коруп казашкабы деп ойлогом соонун иштерине ийгилик
20.09.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ulik.uma04, Crokus, темадан алыс билдирүүлөргө орун жок! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү! ulik.uma04, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! 10 күн БАН!
21.09.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бул кызды чоон эле кыз деп ойлоп журсо жаш эле кыз экенго))
23.09.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын! Ийгиликтерди каалаймын! Жаны поколение фонограммага эле ооздорун кыймылдатпай Аябай мыкты, талантту, профессионалдуу болгондоруна аябай кубанычтамын! Кыргыз элди дуйного билдирген, биз сыймыктанган кыздардар бол! Алга!
ritulek түзөттү 2017-09-23 21:19:14
Медиа-портал
24.09.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
Медиа-портал
26.09.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кыз баягы Кокуй кошуна деген кинодо ойногон кыз эмеспи?
Медиа-портал
28.09.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйомго эх почтасына жазам жоп жок Мендей Бир ашык байкуш балага
15.10.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai ele ozundu zvezda sezgen kyz ekensin Tolgonai , murda jonokoi kyz dep oilochumun.bar bol .
10.01.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сени суйом Толгонай!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо