Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Динара Акулова: «АБДУМАЛИК МЕНЕН ЭЛДЕШПЕЙМ»

№392 7-13-май, 2010-ж.

Блиц маек

Акыркы күндөрү «Динара Акулова менен Абдумалик Шерматов жарашат экен» деген сөздөр айтылып жүргөн. Ошондон улам Динара эжени маекке тарттык.

– Динара эже, сизди «Маликанын атасы менен жарашат экен» деп уктук...
– Мен Москвага Абдумалик менен элдешкени эмес, бир чети жумуш менен, бир чети кызымды атасына жолуктурайын деп баргам. Жумуш менен дегеним, Москвага кызым экөөбүздү биздин элчилик «Добрые песни России» аттуу чоң сынакка катышуубузду өтүнүп чакырышкан. 6-мартта өткөн сынакка Малика катышып, фестивалдын лауреаты катары диплом менен сыйланды. Мен конок катары ырдаган элем, мага искусствого кошуп келе жаткан салымым үчүн медаль тапшырышты. Кызым сынактын 27-апрелдеги финалына чакыруу алган. Бирок өлкөдөгү кырдаалдан улам бара албай калдык.
Москвада 7-8-мартта Абдумалик уюштурган майрамдык концертке катыштык. Малика бойго жетип калды. Атасына жолугуп турганы эле туура деп ойлойм. Себеби атасын кичинесинен бери көрө элек. Абдумаликке сахнадан “кызыңызды кичине кезинде көрдүңүз эле, бүгүн элдин таланты болуп чоңоюп калды. Кызыңыз менен сыймыктанасызбы?” дедим. Анын көзүндө сөз менен жеткире алгыс сыймык турду. Ар бир наристе ата-эне мээримине бөлөнүп, бактылуу болсо деп тилейм. Маликаны ата да, эне да болуп эч нерседен кем кылбай чоңойтконум менен, дале бир нерсе жетпей жаткан сыяктанат.
– Малика атасы менен жолукканда кандай абалда калды?
– Кызым ата деп айта албай же мага тарта албай ара жолдо калгандай. Азыр Абдумаликтин үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Кызымдын атасы катары бактылуу болушун каалайм. Ошентсе да кызына көбүрөөк көңүл буруп турса дейм.
Мен чет мамлекетке кеткенде айрымдар бирөөгө турмушка чыгарып же элдештирип коюшат. Кечке эле сыртымдан ар кимге күйөөгө берип же элдештире беришип, турмушка да чыкпай калдым, тамаша.
– Чыгармачылыгыңызга кайрылбай кетпесек болбос, жеке концертиңизди берем деп жаткандай болдуңуз эле...
– Эли-журтубузда тынччылык болуп турса, буюрса, сентябрда туулган күнүмдө концерт бергени жатам.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(2)
10.05.2010. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне учун биздин чон курактагы ырчыларыбыз оздорун карашпайт,Динара эжебиз да ааяябай семириптир,йога,фитнес менен еще тамакты азыраак жесе эле арыктайт болчу.А смотреть противно!
11.05.2010. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дааа Дининара эже просто забросила себя. А так маамды жакшы коргон ырчысы болчу. Ал озун чындык эле таштап салды себеби мына Гульнура Сатылганова эжебизди карагылачы жаштар менен тен таймашып журот ырлары да алдыда жаштар орто курактуулар жана каарылар арасында да популярдууу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо