Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айганыш Абдиева, ырчы: “8 ЖЫЛ БЭК-ВОКАЛДА ЫРДАП ЖҮРҮП, ЭМИ ЖЕКЕ ЫРЧЫ БОЛУУНУ ЧЕЧТИМ»

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

КААРМАН ЖӨНҮНДӨ:

Толук аты-жөнү –
Абдиева Айганыш Пусурмановна
Туулган жылы, күнү – 1992-жыл, 7-сентябрь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, тун наристесин күтүүдө
Репертуарындагы ырлары- «Бакыт», Ильяз Андаш менен «Кимди сүйөсүң?», Нурмат Садыров менен «Кантип унутам?» жана башка.

– Айганыш, сенин атың шоу-чөйрөсүндө көптөн бери айтылып келет. Бирок эл алдына ырдап чыкканыңа аз эле болду.

– Ооба, чыгармачылыгыма олуттуу көңүл буруп, сахнага чыгып баштаганыма бир жарым жылдын жүзү болду. Бирок ырчылык менен таанышканыма көп болду. 17 жашымда алгачкы жолу Өктөм Сапар уулу менен дуэт жаздырганбыз. Андан кийин Өктөм байке “сен ырдашың керек» деп 2 ыр белекке берди. Дуэтибизди уккан көптөгөн ырчылар бэк-вокалда ырдап берүүмдү суранышчу. Ошентип 7-8 жылдай Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Ильяз Андаш жана башка ырчылардын ырларына бэк-вокалда ырдап жүрдүм. Кошумча башка ырчылардай эле Бишкектеги кафелердин биринде ырдап иштеп жаттым.

– Үй-бүлө демекчи, социалдык тармактарга жолдошуңдун жүзү көрүнбөгөн сүрөттөрдү жүктөйт экенсиң...

– Жолдошум мен ырдап чыгар алдында аны чыгармачылыгыма такыр аралаштырбашым керектигин айткан. Ал мени аябай колдойт, бирок сырттан гана. Эч качан мен ырдай турган концертке мага кошулуп барбайт, үн жаздырчу студияларга баш бакпайт. Болгону моралдык жактан дайыма дем-күч берип турат. Анын үстүнө жолдошум мен үчүн эркектин идеалы, менин өмүрлүк жан шеригим, аны элдин сынына койгум келбейт. Бирок өзүм тууралуу жагымсыз кептерди укканда аргасыздан социалдык тармактарга жүзүн жаап болсо дагы чогуу түшкөн сүрөтүбүздү жүктөөгө туура келет. Мисалы, жакында эле “Айганыштын үй-бүлөсү жок экен, бойдок эле жүрүп боюна бүтүп калыптыр» деген сөздү угуп жаман акыбалда калдым. Анан мына, далилим бар деп сүрөтүбүздү жүктөдүм.

– Эл көзүнө кабылгысы келбеген мырза жубайынын ырчы болушуна кантип макул болду? Деги эле кайын журтуң ырдап чыгам дегениңде эмне дешти?

– 3 жыл мурун турмушка чыгып жатканда “ырчылык мен үчүн хобби эмес, тандаган кесип, аны өмүр бою аркалашым керек» деп айткам. Кайын журтум деле ырдап жүргөнүмдү билишчү. Бирок үйлөнгөн соң жолдошум тараптан “ырдабай эле койсоң болмок» деген кептер айтылды. Ага 1 жыл ичинде мен үчүн үй-бүлө дайыма биринчи орунда экенин, чыгармачылыкка канча көңүл бурсам, андан 10 эсе көп убактымды жолдошума, балдарыма арнаарымды түшүндүрдүм. Ошондуктан менин сахнага чыгышыма макулдугун берген. Айтканымдай эле менде гастролдоп же ыр жаздырып үйгө айткан убактымдан кеч келип, үй иштерине жетишпей калган учурум боло элек. Ошончолук эле ырчылык жеке жашоомо арналчу убактымды алып, жолдошум нааразы боло турган болсо, чыгармачылыкты токтотуп коём. Кудайга шүгүр, азырынча баары жакшы.
Ал эми кайын журтум болсо чыгармачылыгыма түз көз карашта. Алгач ырларым радиодон кетип, клиптерим телеканалдардан көрсөтүлө баштаганда бардык туугандарыбыз толкунданып көрүшчү. Азыр көнө түшүштү окшойт. Кубанычыңды тең бөлүшкөн адамдардын болгону деле чоң колдоо болот экен.

– Туугандар демекчи, өзүңдүн бир туугандарың, ата-энең тууралуу айта кетсең.

– Мен 5 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Үй-бүлөдө уул бала жок, эң эле эркек мүнөз, тарс-турс жүргөнү менмин. Эң кичүү сиңдимден башкасы үй-бүлөлүү, балдары бар. Бизди апам жалгыз өстүргөн, себеби атабыз жаштайыбызда эле каза болуп калган. Ошондуктан апам бизге ата дагы, апа дагы болду. Азыр 1 баланы чоңойтуш кыйын эмеспи, бешөөбүздү бутка тургузган апама ушунчалык ыраазымын. Кичинекейибизде “мунун атасы же коргоочу байкеси жок» деп бизди көптөр капа кылган учурлар болгон. Ошондой кысымдарга туруштук берем деп жүрүп эле ушундай эркек мүнөз болуп калганмынбы деп ойлой берем.

– Учурда кош бойлуу экенсиң, аялзаты үчүн бул өзгөчө мезгил болсо керек?

– Быйыл чет элдик сынактарга катышам деген пландардын үстүндө иштеп баштаган элем. Кудайдын белеги экен, наристе күтүп жатканыбызды билип калып бардыгын токтотуп койдум. Азыр деле зарыл ишим менен көчөгө чыкпасам, көбүнчө үй иштери менен үйдөмүн. Мүнөзүм өзгөрүп жок жерден эле кайгырып же кубанып түшүнүксүз абалда болуп жатам. Башкасы бардыгы жайында.

– Маегиңе ыраазычылык. Чыгармачылыгыңа ийгилик!

Айганыш менен Дайыр Исмадияровдун аткаруусундагы "Бактымды таптым" дуэтине клип тартылган.


Нуркыз Курманбекова
star@super.kg


Айганыш Абдиева: “Продюсер менен келишим алдында турганда үй-бүлөнү тандагам”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
19.09.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соонун кызда,эсен аман эки болок болуп ал
19.09.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан Аллах берген каш менен жүргөн ырчы, чоорчу калбадыбы?
Медиа-портал
20.09.2017. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa sonun kyz bolso kk dep oiloim men dagy,achyk tykyldagan,uluu-kichuugo ordu mn mamile kylgan,madaniyattuu kyz sezilet.Men instada dosmun,jashoodo dagy dos boluunu kaalait elem ushu kyz mn,munozu jagat jopjonokoi Aiganysh kyz.Unu da bar ozgocho,oso turgan aiym.Iygilik jana jenil koz jaryp alsyn demekmin chyn dilden!Den soolugunar chyn bolsun ene-bala.
21.09.2017. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылы жайында,анча мынча Каримбайларга Караганда чётка и ясно ответ береткен. Туура кыласвнар куйоон дагы акылдуу экен.Бактылуу болгула!
22.09.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечки Бишкекте ушул кыз ырдаса кк эле бир жолу.Чыныгы таза үн ушул кызда экен атактуу ырчы болсо кк бул кетишти.Үнүң мага өлллө жакты.
24.09.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кыздын да,Нурлан Насиптин да,дагы коптогон ырчыларды баштап Октом Сапар уулу чыгарган экен,Октомдун озунун бир да интерьвюсу жок окшойт го суперде э?
25.09.2017. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен коз жарып ал
25.09.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Октом Сапар уулунан да интервью алгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо