№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.
Президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти. Маалыматты Төрөбаевдин шайлоо штабынан «Супер-Инфо» гезитине билдиришип, 17-сентябрь күнү саат 18:00дө Жалал-Абад шаарынын “Курманбек» стадионунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлер Бакыт Төрөбаев жана Өмүрбек Бабанов расмий түрдө элге кайрылуу жасашарын тастыкташты. Кайрылууда үгүт иштерин бирге жүргүзүү жана президенттикке эки талапкер Бабанов жана Төрөбаевдин саясий тандемин түзүү боюнча толук маалымат берилмекчи. Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаров дагы бул саясий тандемге кошулуусу мүмкүн."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |