ЖУРНАЛИСТ ЖАЗГАН КИТЕБИ ҮЧҮН 4 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Журналист Зулпукаар Сапанов «Кыдыр санжырасы» деген китеби үчүн 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Жогорку Соттун тараткан маалыматына караганда, Сапанов Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) боюнча айыптуу деп табылган. Кылмыш ишинин козголушуна ал жазган «Кыдыр санжырасы» китебиндеги айрым бөлүктөр себепчи болгон. Дин таануучу Кадыр Маликов ал китепте Алла Тааланы «шайтан» деп атап, «кыргыздар мусулман болгон эмес» деп жазган. Ошондой эле пайгамбарларга жана ыйык китептерге да акарат келтирген. Китептеги мындай учурларды көрсөткөн диний ишмерлердин кайрылуусунан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөөнү УКМКга тапшырган.
Журналисттер жана сөз эркиндигин коргоо боюнча түзүлгөн уюмдар Сапановго карата чыгарылган өкүмдү «жеке пикири үчүн адам соттолбошу керек» деп сындашууда. Сапановдун тарапташтары шаардык сотко кайрылышмакчы.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо