Бир бүркүм: КУЛМАТОВ УЛУТТУК БАНКТЫ ЖЕТЕКТЕЙТ...

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

  • МУХАММЕТКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал ушул жылдын 26-августунан тартып президенттин кеңешчиси болуп иштеп баштаган эле.
  • 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдө 2 миңден ашуун жаран КУРГАК УЧУККА кабылганы маалымдалды.
  • Жыл башынан бери өлкөдө 2557 ӨРТ КЫРСЫГЫ катталып, 44 киши каза болгон. Маалыматты ӨКМдан тастыкташты.
  • Өлкөдөгү ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) 300 байкоочусу көз салмакчы.
  • БУУда ортомчулук кылуу боюнча жогорку деңгээлдеги комиссиясы түзүлдү. Ага дүйнө жүзү боюнча 18 адам кирген. Алардын арасында экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА да бар.
  • Жыл башынан бери мамлекеттик карыздын көлөмү
    221,3 миллион долларга өскөн. 31-июлга карата МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫН көлөмү 4 миллиард 286 миллион долларга барабар болгон. Маалыматты Каржы министрлигинен билдиришти.
  • 2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ менен ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин ортосунда 1 миллиард 302 миллион долларлык товар алмашылган. Бул 2016-жылкыдан 14,7 пайызга көп.
  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ менен Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИН 14-сентябрда Орусиянын Сочи шаарындагы иш-чарада жолугушат.
  • Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп АКРАМ МАДУМАРОВ дайындалды. Ал буга чейин Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
  • КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы жаңы ачылган «Достук» көзөмөл-өткөрүү пунктунан 12-сентябрь күнү
    5 миң жаран жана 300 автоунаа эки өлкөгө өткөн.
  • Башкы прокурордун биринчи орун басары КЫЛЫЧБЕК ТОКТОГУЛОВ кызматынан бошотулду. Анын ордуна БӨКӨНБАЙ КАЗАКОВ дайындалды. Буйрукка президент кол койгон.
  • 20-сентябрдан тарта Бишкекте туура эмес жерге токтоткон УНААЛАРДЫН дөңгөлөгүн блокировкалоо башталат. Ага салынуучу айыптын көлөмү 1000 сом. Маалыматты ИИМдин Патрулдук милиция кызматынан таратышкан.
  • Улуттук банктын төрагасы болуп КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ шайланды. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо