Ырчылардын көчөсүндө майрам. КИМ КАЙСЫ ТАЛАПКЕРГЕ ЫРДАЙТ?

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Ушул жылдын 15-октябрында өлкөбүздө президенттик шайлоо өтөрү белгилүү. Шайлоонун үгүт иштери башталды дегиче ырчылардын “ити чөп жеп”, капчыгы калыңдаары маалым. Президенттик шайлоодо ким кайсы талапкерди колдоп ырдаарын тизмектедик.

ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУ МИРБЕК АТАБЕКОВ, АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ БАШТАГАН ӨНӨРПОЗДОР СҮРӨЙТ

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоп ырчылар Мирбек Атабеков, Курал Чокоев, Ильяз Абдыразаков, Урмат Усенов, Неля, Нурмат Садыров жана куудул Абдылда Иманкулов үгүт иштеринде кызмат кылып жүрүшөт. Көпчүлүк ырчылар ким көп төлөсө, ошол тарапка агылат эмеспи. Бирок Бабановду колдогон айрым ырчылар буга чейинки шайлоолордо деле анын партиясына ырдап келишкен. Саясатчы туруктуу ырчылардын армиясын түзүп алган көрүнөт.

ЖЫЛДЫЗДАР ПАРАДЫ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДО

Президенттикке дагы бир талапкер Сооронбай Жээнбеков үчүн Самара Каримова, Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков, Бактияр Токторов, Съездбек Искеналиев, Гүлнара Тойгонбаева, Иса Өмүркулов, Гүлзада Рыскулова, Сайкал Садыбакасова, “Кыз-Бурак” тобу сыяктуу популярдуу ырчылар ырдашат. Ырчылардын көбүн өз тарабына имерген Жээнбеков ыр сүйүүчүлөрүнө майрам тартуулаары турган иш.

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВДИН ТӨРҮНӨН ОРУН АЛГАНДАР

Бакыт Төрөбаевдин командасынын сап башында ырчылар Аваз Акимов, Темир Назаров, төкмө акын Азамат Болгонбаев бар. Бул талапкер ырчыларга короткон каражатты башка жакка жумшагысы келдиби, айтор, азырынча ушул өнөр адамдары менен чектелиптир.

АДАХАН МАДУМАРОВГО АЛП КУУДУЛДАР ҮГҮТ ЖҮРГҮЗӨТ

Ажо болом деп турган дагы бир талапкер Адахан Мадумаровду колдоп куудулдар Рахман Разыков, Тынар Курбаналиев, “Беш тапан” тобунун жигиттери элге күлкү тартуулашат. Адатта саясатты “чымчып” турган куудулдар Мадумаровдун канатынан орун алган соң ошол курч тамашаларынан жазбаса болду.


ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ...

ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВ, алпаруучу:
– Бул жолку шайлоодо кайсы бир талапкер менен иштешип, үгүт ишине катышуудан баш тарттым. Анткени бир да талапкердин программасы менен тааныша элекмин. Үгүт иштерине катышуунун артында өнөр адамдарынын чоң жоопкерчилиги турат. Мисалы, шайлоочу саясатчынын кылган ишин билбеши мүмкүн, бирок ырчыны жакшы билет, балким, добушун ошол ырчы колдоп ырдаган талапкерге бергиси келет. Үгүт иштеринде ырдоо – бул ошол талапкердин көз карашын, идеясын тең бөлүшүү деген сөз. Мына, өнөр адамдары “наамдарды туура эмес берди” деп чырылдап жатышат, мен айрымдарын уруштум. “Өзүңөр күнөөлүүсүңөр, өзүңөр ким көп төлөсө ошого чуркап ырдап жүргөндүн кесепети” дедим.

ОМАР, ырчы:
– Ырчылар үгүт иштеринде элдин маанайын, көңүлүн көтөрүү максатында гана барып ырдашат. Бул биздин ишибиз. Биз эч бир шайлоочуну мажбурлап бир талапкерге кол койдуруп жаткан жокпуз. Башкысы, ким кандай убада бербесин, ким кандай ырдабасын, мен шайлоочуларды жүрөгү каалаган талапкерге добуш берүүгө чакырат элем.


СОҢКУ СӨЗ
Адатта үгүт иштери башталганда эле ырчыларды борбордон таппай калчу элек. Бул жолку шайлоодо ырчылардын соодасы анча жүрбөй калган, сыягы. Дегенибиз, көпчүлүгүнө байланышканыбызда, “тойго буйрутмалар көп”, “шайлоодон тапкан акчаны тойдон деле таап алам”, “сунуш түшкөн, бирок ойлонуп жатам”, “иштерим көп” деген жөнөкөй себептерин айтып жатышты. Кыязы, талапкерлер ырчыларга мурункудай каражат короткусу келбей калган окшойт. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ырчылар 2 миң доллардан 30 миң долларга чейин алганын уккан жайыбыз бар. Ал эми бул жолку шайлоодо президенттикке талапкерлер ырчыларды 5 миң доллардан 25 миң долларга чейин ырдатып жатышканын эшиттик.
Ал эми президенттикке талапкерлердин калганы атактуу ырчы, чоорчулары жок эле жер-жерлерде эл кыдырып, программалары менен тааныштырып жүргөнүн айтышты.


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(54)
19.09.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдылда Иманкулов эми Адахан Кимсанбаевичке чуркайт.
19.09.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдылда Иманкулов "Бабановду колдобой калдым" дегени журот го
19.09.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ойлон! Кыргыз элим ойлон! Туура ар ким кимди шайласа өзүнүн ыктыяры, мен аны шайлагыла буну шайлагыла деп айтпайм. Кыргыз өлкөбүздүн келечеги үчүн жакшы иштеген ыйман ынсабы бар талапкерди колдойлу! Качанга чейин биздин да коңшу өлкөлөрдүн президентериндей президент келет экен деп көзүбүз күйүп жүрөт. Азыр убакыт бар акчага сатылбай татыктуусун тайдайлы туугандар!
20.09.2017. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Бабановду таластыктар , Жээнбекоавду Оштуктар колдоп жатышат экенда.
20.09.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Бабановду колдойм оштук болсом да
20.09.2017. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бабановту колдойм дечу элем бир созунон ирээнжип калдым эмитен эле озун президент сезип алганынан.
20.09.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу талапкерлерге тушунбойм да эмне кылышат ырчы -чоорчуларды толпа кылып ээрчитип агитация жургузуп акча коротуп,Бабанов 35 миллиондон ашык акча коротуптур угут ишине,Кыргызстанда 6 миллион адам бар го, 1 миллиондон ар бир адамга эле берип койсо болгону 6 миллион эле сому кетмек да. Эл да байып калмак, добуштарын созсуз бермек, 1 уйдо 4 адам болсо 4 миллион сом. Бабанов эми президент болуп калса ошо 35 миллион сомун кайра оордуна келтирем деп дагы жешке туура келет элге жаман корунуп
20.09.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Asyl10,6 миллион эле сому кетиш үчүн элге 1 эле сомдон бериш керек болуп калат да 6 миллионду 1 миллионго көбөйтчүү
25.09.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl10,хе-хе-хе
20.09.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эсептен арта калсан керек ээ
20.09.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jalalabad93, сын-пикириңиз болсо, gazeta@super.kg электрондук дарегине кат жолдоңуз! 3 күн БАН!
20.09.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буйруганы болот
20.09.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу бироо келсе болот эле
20.09.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖОГОРУДА талапкерлердин арасында Мадумаровдон башка ишене турган инсан Жок экен!
21.09.2017. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elitta,Ооба да көзгө басар жалгыз Мадумаров болсо☺, башкасы эшек такалап, тезек терип жүрүшөт
21.09.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Elitta, Адахандын оозунан келет колунан келбейт озунун жердештери колдошпосо керек кыйратып эмне кылып койду экен ал. Мен билгенден еч нерсе
24.09.2017. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
shirin_kyz88,Жердештерине эмне кылыш керек.Кыргыз мамлекетине кылсын.
20.09.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылардын кочосундо элемес тушундо да майрам болуп аткандыр.Шайлоо качан болот экен деп:)))
21.09.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
татыктуу жол башчы келсе экен кыргыз элим да дуйно элдерине окшоп онуккон олкодо жашасак кана жок дегенде балдарыбыз жакшы жашоодо жашаса
21.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кыргыз элими ырчыларына, акчасына, коркутканына, бийлигине карап эмес өзүңүздөрдүн жүрөгүңүздөр кабыл алган инсанга добушуңуздарды бериңиздер. Келечекти ойлойлу кыргыз элим.
22.09.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чуркаган албайт, буйруган алат деп койчу беле
22.09.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
а мен болсо ойлоп журупмун эмнеле баары ырчы бийчи артис болуп жатат биринин артынан бири озуп корсо кеп мында турбайбы
22.09.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arlen92, порталдын башка колдонуучусун кемсинтүүгө болбойт! Эскертүү!
22.09.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Омурбек Бабанов татыктуу талапкер
22.09.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринеда ишенбейм тынч еле болушсун
23.09.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жалганчы ажыдаар кетип ордуна экинчи жалганчы ажыдаар келет урушуп эмне кыласынар.Кордук 6 жылда кыйратты эмикиси жыргатабы?!Баары оз кызыкчылыгын ойлогондор элди ойлобойт алдашат.Мигранттар орустарга тен укуктуу женилдик болду дешет.Корот элем оздору же балдары мигрант болуп тентишсе укуктуу женил экенин .Шайлоону ар торт жылда кылыш керек.Акмактардын бири да президенттике татыктуу эмес баары аферистер!!!
24.09.2017. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанды онуктуро турганы келсекен эми.
24.09.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бабанов болот буйруса биздин президентибиз.))
25.09.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinajanka, порталдын колдонуучуларын алдоону же чаташтырууну максат кылган билдирүү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
25.09.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бабанов татыктуу президент
25.09.2017. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенерибизди билбей калдык негизи кабина чечет ошондой экенин билип туруп жетекчилер неге кысымга алат тушунбодум,аларга оюбузду ачык айта албайбыз эгер айта турган болсок алар жок шылтоо менен иштен ала турганы айдан ачык. Ким болсо да заманыбыз тынч болсун.
25.09.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан деген президент келселе болду
26.09.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларга кеткен кайран доллар)
04.10.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Мадумаров президент болсо жакшы болмок деп ойлойм
04.10.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30.000 доллар дейби ырчыларга эле ээ эмне эле ырчыларын байыйт десе корсо ушинтип тез эле байып алышат тура оозу мурдун кыймылдатып эле фонограмма менен илгери ырчылардын уйу машинеси деле болчу жмес эле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо