«МУНАБИЯ» ТАСМАСЫНЫН ДҮЙНӨЛҮК БЕТ АЧАРЫ КОРЕЯДА ӨТӨТ

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

Кинорежиссёр Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтө турган 20-эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Тасмада Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Улан Султангазиев, Сакен Карабаев, Гүлзинат Суранчиева жана башкалар роль аткарышкан. Режиссёр тасма тууралуу буларга токтолду: «Тасма Казат Акматовдун «Мунабия» чыгармасынын негизинде тартылды. Бул чыгарманын жаралуу тарыхы жөнүндө агай менен көзү тирүүсүндө сүйлөшкөн болчумун. Агай «СССР учурунда карачай улутундагыларды Көлгө көчүрүп барышкан. Бир канча убакыттан кийин алар кайра көчүп кетишет. Бирок арасынан бир кыз көчпөй жашап калат. Анын үй-бүлөсү бар кишини сүйүп кетпей калганын кийин түшүндүм. Чыгарманы ошол окуянын негизинде жаздым» деген эле. Жазуучу ал каарманын Мунабия деп атаган. Кийин өзүнүн кызынын атын да Мунабия койгон болчу. Тилекке каршы, кызы 17 жашында жол кырсыгына кабылып каза болуп калбадыбы.
Кино чыгармадан бир аз башкачараак. «Мунабия» фильминин дүйнөлүк бет ачары 13-19-20-сентябрь күндөрү Пусан шаарында өтөт. Бул кыргыз киносунун атын чыгаруу максатында жасаган иш-аракетибиз».


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
19.09.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы чыгарма,20жыл мурун аябай кызыгып окудум эле.Тасмасын чыдамсыздык менен кутом.
20.09.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул китепти коптон бери таппай жаром.
23.09.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба,жакшы чыгарма.
26.09.2017. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-курсумда окугам. Жакшы чыгарма. Казат Акматов озунун бир маегинде
-"Менин жана Казак жазуучусу Мухтар Шахановдун жубайларыбыздын боюнда болуп калды. Мукем экообуз, аялдарыбыз экоо тен уул торосо дос, бири уул бири кыз торосо куда болобуз деп атташтык. Кийин менин аялым биринчи тороп Мукеме суйунчулоп атын Сайкал койгону атам десем Мухтар Шаханов "Кой башка ат кой,эртен келинибизби биз кантип Сайкал демек элек", дейт. Аяш кыз торосо кандай болот?-десем -Жок уул торойт-деп б
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо