Франциялык ПСЖ футбол клубунун фаворит оюнчулары Неймар менен Эдисон Каванинин ортосунда пикир келишпестик пайда болду. Буга 17-сентябрдагы «Лион» клубу менен болгон беттеш учурундагы айып соккусу себеп болгон. «Лиондун» дарбазасына пенальти тебүү үчүн ПСЖнын амбициясы таш жарган эки чабуулчусу ошол жерде топ талашып, чырдаша кетишкен. Натыйжада топту шаша-буша Кавани дарбазага тээп cалган. «Барселонада» кадыр-баркка ээ болуп келген Неймар ПСЖдагы Каванинин мындай мамилесине ачууланганын оюндун жүрүшүнөн байкоого болот. Дүйнөлүк ЖМКлардын тараткан маалыматына караганда, Кавани менен Неймардын чыры кийим алмаштырчу жайда да уланып, мушташа кетишкен. Франция чемпиондугу үчүн болуп жаткан беттеш 2:0 эсебинде ПСЖнын пайдасына чечилгени менен, эки мыкты чабуулчусунун чырына себеп болуп калды.
Неймар мындай пикир келишпестиктен кийин Кавани менен бир клубда ойной албай турганын билдиргени айтылууда. Ал ПСЖнын президенти Нассер Аль-Хелаифиден Каванини сатууну сураган. Ал эми Аль-Хелаифи эч кандай маселе жоктугун айтып, «бардык чырды журналисттер чыгарып жатат» деп билдирген. Ошондой эле Франциянын курамасынын мурунку оюнчусу Кристоф Дюгарри «Неймар күчтүү оюнчу. Бирок ал ПСЖда босс эмес» деп, Каванини сатуу тууралуу сунушун сындаган. Клуб жетекчилигинин айтымында, айып топту биринчи Кавани, андан кийин гана Неймар тепкенге укуктуу. Буга чейин чийиндин сыртынан айып тобун тээп Неймар бир нече жолу гол жаратып, ишенимге кирген. Оюндагы чырга карата «Реал Мадриддин» машыктыруучусу Зинедин Зидан «биздин клубда баары алдын ала бөлүшүлгөн» деген оюн айтып, ПСЖнын машыктыруучусун сындап өттү. Кавани өзү болсо Неймар менен эч кандай чырга барбаганын айтып, анын клубга көнүп кетиши үчүн колунан келген жардамын берүүгө даяр экенин билдирүүдө. Эске салсак, ушул жылдын жайында 25 жаштагы Неймарды ПСЖ «Барселонадан» 222 миллион еврого сатып алган. Бул трансфер дүйнө футболунда рекорд жараткан. Эдинсон Кавани болсо 2013-жылдан бери ПСЖда ойноп келет.