Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мээри Шакулина, ырчы: «ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗГАНДАР БАЛДАРЫҢДЫ ОЙЛОП, ДУШМАН АРТТЫРБА ДЕШСЕ ЖҮРӨГҮМ ТИЛИНДИ»

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

Мындан бир нече жыл мурун кыргыз эстрадасында Мээри Шакулина деген ысым пайда болгон. Ал «Сагынба», «Кечир», «Сүйүү келсе», «Айтпа, айтпа» деген өңдүү ырлары менен элге таанылган эле. Акыркы убакта таптакыр эле сахнадан алыстап кеткен ырчыны айрым ыр ышкыбоздору өзгөчө ысымы аркылуу эстесе, айрымдардын көңүлүндө ыры, келбети менен калды.

– Мээри, кандайсың? Кыргыз эстрадасына өзгөчө ысым менен аралаштың эле, бул ысымды ким тандаган?

– Кудайга шүгүр, рахмат. Жакшы жүрөбүз. Өзүмдүн аты-жөнүм Мээрим Шакулиева. Убагында ырларым менен элге бир аз да болсо таанылдым. Ошол учурда иш-чараларда, концерттерде сахнага чакыруу учурунда атым бир аз ыңгайсыздык жаратары байкалган. Анткени ал кезде кыска ысым менен сахнага чыгуу мода болчу. «Сахнага чакырганда узун экен» деп Ташкент кызы Гүл Мээри Шакулина деп кыскартып койгон.

– Чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеттиң, буга турмушка чыкканың себеп болдубу?

– Албетте, биринчи эле себеби ошол болду. «Кыздын барар жери күйөө, буудайдын барар жери тегирмен» дегендей, мен дагы турмушта өз бактымды табайын деп турмушка чыгып, эне болдум. Жаңы турмушка чыккандагы, эне статусуна ээ болгондогу сезимдер эч нерсеге алмашкыс экен. Алгач бала жытын жыттаган мүнөттөрүмдү бактылуу күндөрүм десем болот.

– Турмушка чыккандан кийин жашоо кандай уланды? Эмне менен алектендиң?

– Турмуш-тиричилик өз нугунда, эл катары өтүп жатты. Жаратканыма шүгүр кылам, мени күн сайын бакытка бөлөгөн наристелеримди берди. Чыгармачылыктан алыстап, балдар менен үйдө болдум. Анткени балдарымдын ортосу 1-2 жаштан. Аларды ишенип бирөөгө таштай алган жокмун.

– Канча баланын энеси болдуң?

– Үч уул, бир кызым бар. Тун уулумдун аты Умар, быйыл мектепке барды. Андан кийинкиси Исхак, мектепке даярдоо курсунда окуп жатат. Эки уулдан кийин кызым Сумайа төрөлгөндө өзгөчө бактылуу болгонум эсимде. Уул төрөлгөндө башка, кыз төрөлгөндө башка сезимдер болот экен. Төртүнчү балам Амир 9 айлык. Эркем, кичинекейим, дайыма күлүп турат. Ар кандай кылыктары чыгып бизди сүйүнтүп турган кези.

– Чыгармачыл адамдардын балдары да таланттуу болсо керек, музыкага жакыны барбы?

– Эки балам оозу менен битбокс кылып эле кыйнала беришет, «ай, койгулачы» деп урушуп калам. Сумайа көпчүлүк учурда ырдап жүрөт. Эмнеси болсо да эң негизгиси акыл-эс, ыйман, ден соолук болсо экен деп тилейм.

– Жолдошуң ырчы, аранжировкачы Эдил Маматов менен таарынышып жүргөн экенсиң...

– Эдил экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жөн гана таарынышууга жатпаса керек. Экөөбүздүн турмушубуз олуттуу себептерден улам бирге уланбай калды. Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Албетте, бул аралыкта балдарына келген жок дебейм. Балдарына келет. Алардын кийим-кечесине, тамак-ашына, окуусуна кетчү, ошондой эле жашап жаткан батирибиздин акчасын таштап кетип турат.

– Ажырашууга эмне олуттуу себеп болду?

– "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп коёт го элибизде. Ортобузга чок салган белгилүү эле ырчы кыз болду. Эл оозунда жүргөн ушак жөн гана асмандан түшкөн жок. Угушума караганда, азыр деле экөө чогуу жашашат экен. Мен башымдан өткөргөн ошол учурдагы соккуну, моралдык жактан жабыркоону эч бир аялзатына каалабайм. Мындай адамдар бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, бир эмес, төрт наристени аттап, ата мээриминен ажыратып, бактылуу жашап кетем деп өздөрүнүн деңгээлине жараша жашап жатышат. Адам баласы чыдабаган, көтөрбөгөн сокку болбойт экен. Мен азыр балдарым менен бактылуумун. Күндөн күнгө акылдарына акыл кошулуп, мага дем-күч берип чоңоюп калышты.
Баарынан өкүнүчтүүсү, азыркы заманда адамдык деңгээлибиз ушунчалык төмөн түшүп кеткенби деп ойлойм. Ыйман, намыс, абийир деген барбы өзү? Ал кыздын айланасында жүргөн жакындарынын, атактуу апасынын тыюуга дарамети жетпедиби деп ойлойсуң. Мени таң калтырганы, тескерисинче, мага коркутуулар келип жатты. «Балдарыңды ойлоп, душман арттырба» деген сыяктуу сөздөрдү укканда кайсы эненин жүрөгү ыйлабасын, канабасын?! Ошол сөздөрдү укканда чок баскандай чочуп, Кудайдан балдарымдын амандыгын гана тилеп калдым. Айрымдар байлык, бийлик менен бардык нерсенин өтөсүнө чыгууга болот деп ойлошот экен. Бирок ал туура эмес жол. Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт.

– Төрт бала менен жалгыз жашоо кыйын. Жакындарың, санаалаштарың колдоо көрсөтүп, каралашып турабы?

– Албетте, мени колдоп, коргоп турган жакындарым, санаалаштарым бар. «Адамды сөз жылытат» демекчи, алардын жылуу сөздөрү мага дем-күч берет. Жанымда такай каралашчу адам жок. Ата-энем, бир туугандарымдын кимиси бош болсо келип жардам беришет. Көп учурда балдарым менен өзүм жалгыз болуп калам, ошондо эч нерсеге жетишпейм. Төрт балама төрт бөлүнгүм келет, бирок кантип? Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам.
Дагы бир жолу айтарым, мындай нерсе эч кимдин башына түшпөсүн. Кандай азап экенин өз башына келген адам гана сезет. Бул мага жашоонун бир сабагы болду. Кыйын күнгө туш келгенде «досум» деп жүргөндөрдүн да чыныгы жүзү билинди. Ошентип, досторум да иргелип калды.

– Сахнага кайтып, чыгармачылыгыңды улантайын деген оюң барбы?

– Сумайамды төрөгөндөн кийин сахнага кайткым келген. «Жан эркем» деген ыр жаздырып, клип да тарттыргам. Бирок Эдил «ырдабай эле койчу» деген. Анын сөзүн туура көрүп чыгармачылыкты биротоло таштадым. Эми кайтпайм. Дин жолунда жүргөн, беш маал намаз окуган адамга сахна анча ылайык эмес.

– Рахмат маегиңе. Балдарың мыкты инсандардан болуп чоңоюшсун.

«Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам».

«Эдил экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(220)
28.09.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ Эл оозунда жургон ушак асмандан тушкон жок дептир го Мэри. (менин жеке оюм) Баарынар ХХХ асылып кирбегиле чынбы, жалганбы билбейм.
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-29 09:44:16
28.09.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Мен бул сөздөргө таптакыр ишенбеймин.Бул Мээринин куру дооматы, жалган жалаасы. ХХХ ХХХ Ээринин кеткен себептерин Мээри жакшы билет!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-29 09:47:04
29.09.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Eldarkadyrov, ХХХ Ойлонуп анан жазсаңар. Жаман аял болсо 4 балалуу болгуча ойлонбойт беле Эдил, Эдилдин апасы. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-29 09:52:51
28.09.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
"Эдил менен жашап жүрөт"- ,деген ырчы кыз, эч качан аны менен жашаган жок. Алар Эдил менен иштешкен,аранжировкасын жаздырган чыгармачыл адамдар! Ал кыз өрнөктүү, үлгүлүү үй бүлөдө өскөн, эркек мүнөз жөнөкөй кичи пейил!
28.09.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Eldarkadyrov,аябай ишендик. Дагы жаз.
29.09.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мээрини тааныгандардан Мээри 4 баласы мн квартирада жашап,аябай кыйналып атканын угуп жаман болдум,дагы элге жарыялабай бир жарым жыл журуптур чыдап!Аллахым сени колдосун,балдарын акылдуу,ыймандуу болуп чоноюп,ошолордун урмат сыйын кор!Эдилге болсо кудай бар!
29.09.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ат айланып казыгын табат .
29.09.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул жерде бироонү күноолү деп айтыштан алысмын бирок эгер Эдилдин апасына жаман мамиле кылган болсо уйдөн кууп чыккан болсо анда мындай аялзаты менен эркек бир саат да жашабай койсо болот.Кудай алдында адам өзүнө өзү суроо берип тактап алуу керек.Мен жакшы аял болуп бере алдымы деп ?Эркек адамды бар кылган да аял жок кылган да аял!Эгер эркек ошончолук эле акылсыз боло берсе,анда балдардын бактысы үчүн аялзаты баардык кыйынчылыктарды женүүсү керек!Бирок гезит бетине жарыя кылган туура эмес!
mirgul1987 түзөттү 2017-09-29 12:14:08
02.10.2017. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mirgul1987
Bizdin kainenelerge kudai toshun bersin, kelin aldym dep ele bir karysh butun jyldyrgylary kelbei otura berishet, ar kim oz ookatyn ozu kylgany on dep oiloim, Edildi da tushunboi turam, apasyn dep katyn bala chakasyn tashtap ketkeni tuura emes dep oiloim, menin 2balam bar keede kop jumushtardy jasaganga jetishpei charchaap esim oop kalat, emmi 4balasy barlardy jakshy tushunup atam i eshe kaineneni dagy karash kerek eto chooon jumush ta.
29.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ырчы кыз экоо торт балалуу болгуча бул торт бала чоноюп ошондо окунот
29.09.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Алты күндөн бери мен байкап отурдум! Кече Эдилдин маегин окудум! Бул үй-бүлөөнүн бузулушуна ал ырчы кыздын таптакыр тиешеси жок экен! Мен апасынында, кызынында сабырдуулугуна таң калдым! Акылдуу адамдар баардык сыноолорду сабыр менен жеңишет деген туура экен!
29.09.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эдил өзүн тууган апасын кордогон, үйүнөн кууп чыккан, досторун, тууган уруктарын адам ордуна көрбөгөн текебер, менменсинген, тили заар аялынан ажырашканына үч жыл болгонун жазыптыр! Мына силерге чындык!
30.09.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Lunaraahmatova, она не такая мен коргондо аябай Назик мээримдуу Кыз болчу. Эмне тийгенде озунор тилин чыгарып эле албасанар
29.09.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бир жумадан бери бечара болуп, элдин талкуусуна түшкөн Мээрим Шакулинанын паранжа астындагы жүзү да ачылды! Уят Мээрим! Калп жерден ХХХ жаманатты кылдын! ХХХ!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 14:09:18
29.09.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Инстаграмдан окудум. Мээри Шакулина ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 14:08:34
30.09.2017. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайдагы эле болбогон сасык созунор менен доорубогулочу!!! Бироонун уй булосу менен ишинер не? Жатып алып айта бересинер да. Эдил 3 жыл мурун ажырашса кичуу баласы 9 ай болмок беле? Мээнерди жон которуп журбой иштеткилечи.ХХХ! Биз туугандары билебиз го кимдин ким экенин. Силер унчукпай эле отура бергилечи..
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 14:05:40
30.09.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмне баарын бироонун уй булоосуно киришип билип билбей ар кимге далили жок асылып жатасынар?Эдил менен аялынын ортосундагы уй булоолук масалени силер эмне билесинерби?Хиджап кийгендин баары эле периште эмес Эдил кеттиби себеби бар!силер каяктан билмек эленер аялын жакшы болсо кайсы эркек кетет!4баласын чана албай Эдил эркек катары тушунуп турам абдан эле кыйналган болушун керек?баарынар бактылуу болгула турмуш деген оной эмес экенго
30.09.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
daniel87,Сенин жашоон жашоо,баландын жашоосу жашоо эмеспи?Жакпаса тортту тороткучо кетип калбайбы?
30.09.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдымалик шерматов дагы канча аял алса ошончо аялдын баарын жвмандап келет. Эдил дагы кем калбаптыр алдан. Эми Мэри жаман болсо торт бала торогучо кетип калбайт Белен,сени чынжырлап байлаган жок да. Анан болсо шыр эле биз творческий адамдарбыз, биздин жумуш ущундай,Мэри болсо тушунбойт аны деп айтат. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 14:03:37
30.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уят тарбиянардын канчалык денгээлде экенин корсотуп койдунар. ХХХ эми колундан келсе Эдилге кичинекейлерди тороп бер,Эдилдин балдарына мээримини тогүп бактылуу айым болушка аракет кыл!Ал эми оозунан ак ит кирип кара ит чыккан,жалган жалаа жапкан,инстаграммда элди алдап башаламан кылган адамга кудайым акыл берсин.(Ойлоп жүрбөгүлө ХХХ таанышы деп .Жоок жөнөкөй эле Москвада көр оокат менен алектенген ,таптакыр жат адаммын.)Жашоо бумеранг бирок кылган күнөөсүнө жараша !!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 14:02:03
30.09.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХ мен сыйлаймын! Таланты, адамгерчилиги бийик ырчы! Башкаларга окшоп бой көтөрбөйт!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 17:47:39
30.09.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Lunaraahmatova,бой которгондо да шумдук которот
30.09.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
ХХХ ХХХ улутубуздун сыймыгы! Булар эч качан жаман жолго баспайт!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-30 17:48:03
30.09.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Eldarkadyrov,басмак Тургай жол тапталып уалыптыр. Торт баланын убалынан коркпогондон кийин кайдагы кыргыз элинин сыймыгы болмок эле
30.09.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мээрим беш убак намаз окуйт экенсиң. Бирөөнүн күнөсүнө батпа! Сага кудайым ынсап берсин!
30.09.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Периштелердин өмүрүн берсин!
30.09.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оз канынан жаралган балдарды чанган бу эртен элди жерди коргоп жарытпайт.
30.09.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул сериалдын уландысы эмки санда чыгат. Эдил деген неме озун актап коктоп чыкпаса мага келгиле....
01.10.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда жакшы соз бар эрдин жузу бурулгучакты, жердин жузу бурулсун деген. Кетем деген эркек 10ду туусан дагы кетет биздин эркектер жооп керчилик деген жок. Бул кайсы ырчы билбейм ушунча газетага чыгып реклама болбой эле койсо болмок, бул менин жеке оюум. Баарыбыз бир куну жооп бере турган кун келет.
01.10.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялы жаман болсо 4 торотпой эле кетирбейт белен Эдил аялынын коз жашы мейли, бирок 4 баланын ХХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-02 09:36:04
02.10.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ ХХХ бери чыгып кетиптирго ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-02 09:34:42
02.10.2017. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ХХХ эч качан 4балалуу эркекти азгырып жургон эмес.Чыгармачылыкта эле чогуу журушсо ушундай создор чыгып кеткен.Эркек кеткиси келсе ойногусу келсе все-таки кетет,ХХХ эмес башка кыз болсо дагы.Анан аялынан кетсе ХХХ куноолуу эмес да.Калп эле жаман корсотуп атат ХХХ булар.Шакулина деген инстада суроттору жарымы жыланач жарымы оронгон.Кыжырга тийип.Озуну тартипке келтир биринчи.Куйоон кетсе куноону озунон изде, башка бироону жок жерден каралабай
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-02 09:32:59
02.10.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
sezim_osmonalieva111,4 балауу болгуча жакшы болгон бекен албетте уруш чыгат ушак болуп атса баары бир Мериники ен туура
02.10.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кошулдум)))
02.10.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мээри ким экендигин так айтпай ХХХ ХХХ болбой калса жооп бересин го
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-02 16:17:03
02.10.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ар бир адам озунун кемчилигин издесе бироого сын айтпай. Ушак бул чооон куноо туугандар!
02.10.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи эдиль балдарын таштаган эмес! Мери типа звезданы таштаган!
09.10.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ жаны чыккан интервьюсу чыга элекпи же чыктыбы...дарегин берип койгулачы таппай калдым Админ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-09 09:49:13
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо