№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.
Ырчы Кенже Көбөкова 3-кабаттан кулап кетип, ооруканада эле. Абалын сурап барганыбызда ырчы ден соолугунун жакшырып калганын айтып, жайдары тосуп алды. Кызын карап апасы жанында экен. «Буюрса, эртең үйгө чыгам» деген ырчы 1 айдан кийин толук айыгып кетерин айтат.
– Кандайсың, Кенже? Ден соолугуң жакшыбы?
– Жакшы, рахмат. Өзүң көрүп тургандай маанай сонун. Көрүп келгендер сырттан кабактарын бүркөп, эки буту гипсте, кыймылдай албай жатат деп элестетип келип, мени көргөндө «ии, жакшы эле турбайсыңбы» дешти. Буюрса, врачтар эртең үйгө чыгарабыз деп жатышат. Төшөктө бир айдай жатсам, буюрса, толук айыгып кетем. Азырынча мага отурганга болбойт. Кичине туруп басам, кайра жатам.
– Эмне болуп кетти, абайласаң болмок экен?..
– «Менин жанымда бир аз болгулачы» деп ата-энемди үйгө чакырып алгам. Атам иним экөө бир жакка кетишкен, үйдө апам менен балам бар болчу. Мен үй жыйнап, терезенин сырты шалтактап турганынан, бир бутумду сыртына чыгарып алып сүртүп жаткам. Бир убакта колум сыйгаланып кетти. Бирок терезени кармап калдым. Жан таттуу экен, 3-4 мүнөттөй терезеге асылган боюнча апалап кыйкырып жардам сурап жаттым. Апам байкуш кантип жардам бермек эле? Уулум экөө колумдан тарта беришти, бирок алы келген жок. Бир убакта балам белине чейин чыгып алыптыр, экөөбүз тең кулап кетебиз го деп коркуп кеттим. Анан колумду коё бердим.
– Күчтүүрөөк бирөө болгондо тартып алмак экен да...
– Ооба, иним болгондо жөн эле чыгарып алмак. «Кетирбей койсом эмне» деп калдым. Чыгам деп тырмалаңдай берип бутумдун баары сыйрылыптыр. Колумду коё бергенде «бүттү, өлдүм» деп ойлодум. Башка эч нерсе эсимде жок. Эки күндөн кийин эсиме келдим.
– Апаңдын көз алдында кулап кетсең, апаң байкуш кантти экен?
– Апамдын буту ооруйт. 3-кабатка таяк таянып бир нече жолу тынып отуруп чыкчу. Мен кулаганда таягы жок, үйдүн артына мага чуркап келиптир. Жардам сурап кыйкырып жатканда кошуналар «Тез жардам» чакыртып коюшкан экен. Алар бат эле келип, мени алып кетишиптир. Дарыгерлер «ырыстуу кыз экенсиң. 3-кабаттан кулагандар катуу келишчү эле» деп жатышат. Далым менен түшкөндүктөн бел омурткам 3-4 жеринен сыныптыр. Чын эле Кудайдын сүйгөн кызы экенмин, башка жерим аман, ички органдар таза. Кызыл-жаян болуп операция болсом эмне болмок? Үйгө чыгып барып бир аз жакшы болгондон кийин ага-тууганды чакырып түлөө берем. Андан кийин, буюрса, чыгармачылыкка киришем деп турам.
– Бат сакайып, сахнага эртерээк кайтып кел. Чың ден соолук, ишиңе ийгилик каалайбыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Женем жана синдиси экоолоп тарталбай кыйналышкан анан женем ременинен тартам деп айнектен белине чейин чыгып калган экен тартам деп анан акам экообуз тен тушуп кетпейли сен балдарды кара деп женемди кокурогунон туртуп озу тушуп кетиптир 3-4 минут асылып турган экен. Бирок каза болуп калган
болуп кеттим...Акенин бейишин берсин.
Т.б.Кенже эже балам деп,энениз сизди балам деп,
Эхх аянычтуу ээ.
Тынч болунуз эми.
Элге кызмат кылып журо бериниз! Эртерээк айыгып кетсин белиниз!