№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.
Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун Өт жолдору жана уйку бези хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Дүйшөмбү Сыргаев учурда элде эң көп жайылып жаткан гепатоз дарты тууралуу маегин "Акылмандар "оору ооздон кирет" дегендей, гепатоз да майлуу, күчтүү тамактарды жегенден, семирүүдөн жаралат. Андыктан оозго эмне кирип жатканына баам салуу кажет. Гепатоз – кылым оорусу же жакшы жашоо оорусу болуп баратат" деп баштады.
ДАРТ ООЗДОН КИРЕТ
Боор суу, тамак-аш менен кирип, кан менен барган уулуу жана зыяндуу заттарды чыпкалоо менен зыянсыздандырат, өттү иштеп чыгарат, кандын уюшуна таасир этет. Белок, май, көмүртек жана гормондордун алмашуусун көзөмөлдөйт. Майларды бөлүктөргө бөлүп ажыратып, аларды энергияга айландыруу да анын милдети. Адамдар канчалык майлуу жана тез даярдалган тамактарды көп жесе, боордо гепатоз оорусунун жаралуу коркунучу бар. Гепатоз – бул боорду, тагыраак айтканда, боордун клеткаларын (гепатоциттерди) май басып кетүү.
ТҮРЛӨРҮ, КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
Алкоголдук гепатоз
Себепкери: ичимдиктерди абдан көп ичүү
Алкоголдук эмес гепатоз
Себептери:
Тез даярдалуучу тамак-ашты (фаст-фуд) көп жеш Тамакка мал майын көп колдонуу Аз кыймылдоо Тез арыктап кетүү (катуу диета кармоодон, ооругандан) Гипотония (кан басымдын төмөндүгү) Семирүү Кант диабети Гипотриоз (калкан сымал бездин оорусу) Антибиотиктерди өз алдынча баш аламан колдонуу Вегетариандык Гепатоксикалык дары-дармекти көп пайдалануу (көбүнчө муун ооруларында колдонулуучу дарылар) БАДдары көп ичүү Организмдеги зат жана май алмашуусунун бузулушу
СТАДИЯЛАРЫ
КАЛЫПТАГЫ БООР
1-стадия
Клеткаларында майлардын топтолуусунан боордун чоңоюшу
2-стадия
Боордун клеткаларынын бузулуп, берчке айланышы (фиброздук гепатоз)
3-стадия
Боордун циррозу
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ, ДИАГНОЗ
Дарт 2-3-стадияга өсүп жетмейинче оорунун белгилери билине бербейт. УЗИге тартканда гана билинет. Андыктан учурда дарты циррозго өтүп кетип, боорун алмаштырууга 50-80 миң доллар таппай каза болгондор көп болууда. Ар 6 ай сайын УЗИге түшүү сизди дартты өткөрүп жиберүүдөн сактайт.
Оорунун белгилери
Ичтин көбүшү
Көңүл айлануу
Тамакка табиттин жоголушу
Чарчоо, шалдыроо
Оң кабырганын алдынын салмактанып оорусу
Дисбактериоз (кээде ич өтсө, кээде катып калат)
Теринин кургап, серпилгичтигин жоготуусу
Көздүн, теринин саргаюусу
ДИАГНОЗ
Боор, уйку безин жана өт жолдорун УЗИден текшертүү, боорду МРТдан (магниттик-резонанстык томография) өткөрүү, анализдерди тапшыруу.
ДАРТКА ЧАЛДЫГУУ КОРКУНУЧУ КИМДЕРДЕ БАР?
ДАРЫЛОО
Дартты 1-2-стадияларында дарылап айыктырууга толук мүмкүн.
ДАРЫЛООДО ДИЕТА КАРМАЛАТ:
Чектелет:
Тыюу салынат:
Дары каражаттары (боордун функцияларын калыпка келтирүүчү жана андан ары бузулуудан сактоочу. Булар 3-6 ай ичилет)
3-стадиясында боорду алмаштыруу талап кылынат.
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Боордун клеткаларын калыпка келтирүүчү каражаттар төмөнкүлөр:
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |