Эрмек Нурбаев: «КЫЗДУУ БОЛСОК АГА ЖУМШАК АТА БОЛСОМ КЕРЕК»

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

Буга чейин бул жан шериктердин чогуу берген маеги эч жерде жарык көргөн эмес. Ансайын алар менен баарлашууга кызыгуум артып жатты. Эрмек Нурбаев жана анын жубайы Чолпон Нурбаева алгачкы жолу үй-бүлө пардасын кенен ачып маек куруп беришти.

– Буга чейин «чогуу маек бербейбиз» деген принципти карманчу элеңер. Аны бузууга эмне түрткү болду?
Эрмек Нурбаев:
– Үй-бүлөмдө бардыгы жакшы, көз тийбесин мен бактылуумун. Сүйүктүү жарым, балапандай балдарым бар. Чогуу маек бербейбиз деген принцип деле эмес, балким, ага каалообуз болбогондур.
Чолпон Нурбаева: – Менимче, буга чейин биздин окурмандарга айтып берчү жетиштүү тажрыйбабыз жок болчу. Азыр 4 баланын ата-энеси болдук, турмушта кандайдыр бир сыноолордон өттүк, аз да болсо тажрыйба топтой алдык окшойт. Дегеним, үй-бүлө тууралуу кеп козгоо үчүн убакыт келдиби дейм.

– Чолпон, айтыңызчы, сиздин Эрмек мырзанын жубайы, төрт баланын энеси деген статустан сырткары кандай кызыгууңуз, алектенчү жумушуңуз бар?
Ч.:
– Мен жубай, 4 баланын энеси катары калыптанган аялзатымын. Азырынча башка жумуш менен алектенүүгө убактым тар. Бирок мурунтан менде бир кыял бар болчу, чет өлкөлөрдөн айымдар үчүн жарашыктуу кийимдерди алып келсем деген. Буюрса, менин негизги колдоочум, демөөрчүмдүн жардамы менен ал оюм ишке ашып калса керек.
Э.: – Буюрса.

– Уулдарыңардын ар биринин өзүнүн мүнөзү бар, алар менен кантип тил табышасыңар, деги эле бала тарбиялоодо кайсы бир эрежелерди карманасыздарбы?
Э.:
– Карманбайбыз деле. Шоктук кылса ошого жараша түшүндүрүү иштери жүрөт. Алар азыр кичине да, улуусу эми 5 жашка чыкты, андыктан көп нерсени түшүнүшө элек. Чоңоюп акылына кирип калганда мен катуу кармаган ата болсом керек. Эгерде кыздуу болсок ага жумшагыраак ата болмокмун го.
Ч.: – Эгер мен балдарыбызды шоктугу үчүн урушуп жатсам, Эрмек балдарга болушпайт, ал урушуп жатса мен дагы үн катпай турам. Бул тарбиялоодо катуу карманган эрежебиз.

– Кош бойлуу кезде аялзатынын мүнөзү өзгөрүп калат эмеспи. Эрмек мырза, бул жаатта кыйла тажрыйба топтодуңуз болуш керек?
Э.:
– Оңой болгон жок. Менин мырзаларга кеңешим, түн ичинде «аны жейм, муну жейм» деп келинчегиңиз сизди кыйнабасын десеңиз, жубайыңыз уктап жатканда ойготуп албаш үчүн акырын басыңыз, катуу сүйлөбөңүз. Эгер ойгонуп баратса таптап кайра уктатып коюунун аракетин көрүңүз. Албетте, бул тамаша, шүгүр, Чолпон биринчи жолу кош бойлуу кезинде гана өзүн жаман сезип, талгак болуп кыйналды. Анда биздин үйлөнгөнүбүзгө 2 ай болгон эле, бал айын өткөрүү үчүн Түркияга барганбыз. Анан Чолпон эт жебей, мөмө-жемиштерди эле жеп, көңүлү айланып, эч нерсени жактырбай кыйнала берди. Мен болсо тамашалап «акчасы төлөнгөн тамакты же» деп коём. Кийин биз менен чогуу эс алып жүргөн орус улутундагы аял айтып калды «похоже она в положении» деп. Кыргызстанга келип чын эле келинчегим кош бойлуу экенин билдик. Кийинки 3 балабызда тажрыйбалуу болуп калдыкпы же Чолпон өзү кыйналган жокпу, анчалык билинген жок.

Ч.: – Албетте, бир нерселерди жегим келет. Анын баарын Эрмек алып келип берет.

Э.: – Бала кандай ширин, анан ушундай таттуу наристе жарыкка келерин билген соң жубайыма каалаган нерсесин алып келип берүү мага чоң ырахат тартуулайт.

– Учурда жаштар арасында ажырашкандардын саны өсүүдө. Жаштарга кеңеш катары эмнелерди айтып кете аласыздар?
Э.:
– Менимче, үйлөнөрдөн мурун эки тарап жакшылап ойлонушу керек. Турмуштун оош-кыйышын эске алып бир чечимге келүү зарыл. Анан үйлөнгөн соң чыдаш керек. Бири-бирине көнүп кетүү деген оңой нерсе эмес да, ал үчүн чыдамкайлык гана жардам берет.

– Ажырашуунун дагы бир себебин көпчүлүк кайнене-келиндин келишпестигине шылташат. Чолпон, сиз тажрыйбалуу келин катары өзүңүздүн мисалыңыздан кеңеш бере аласызбы?
Ч.:
– Менин дагы, Эрмектин дагы бешенесине мээримдүү кайненелер жазылган экен. Кайненем мага өз кызындай мамиле жасайт, акыл айтчу жерде акыл айтат, эркелетчү жерде эркелетет. Анан экөөбүз көп сүйлөшөбүз, сырдашабыз. Кээде өзүмдүн апам «экөөңөрдүн чайыңар эле бүтпөйт» деп күлүп калат. Ал эми жаш келиндерге бардыгын жылмаюу менен жеңгенди үйрөнгүлө демекмин. Албетте, кээде адамдын маанайы жок болот. Ошондо келин бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алып, мени жаман көрүп жатат деген жаман ойлорго алдырса, анда жыйынтыгы кубанарлык болбой калышы мүмкүн. Келини каяша айтпай, жылмайып турса кайненелер деле катуу кетип калбадымбы деп ойлонушса керек.

– Балдар менен үйдө отуруу оңой эмес. Кээде тажап кеткен учурлар болобу? Андайда Эрмек мырза жубайынын көңүлүн кантип алат болду экен?
Ч.:
– Албетте, 4 бала, үйдөгү майда барат жумуштар менен тез эле чарчап каласың. Бирок ушул кезге чейин Эрмек жумуштан канчалык чарчап келбесин «тамак кана, эмнеге даяр эмес?» деген сөздөрдү айта элек. Болушунча мени колдоп, бала менен үйдө отурганымды түшүнүп турат. Бош убактыбыз болсо, экөөбүз чогуу бир жактарга барабыз, жаңы кафе ачылабы, кинобу айырмасы жок.

– Үй-бүлө курулар алдында сизде буга турмушка чыгам же чыкпайм деген тандоо болгон да. Жолдошуңуздун кайсы мүнөзү ага өмүрлүк жар болууга макул кылды эле?
Ч.:
– Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө Эрмек менин көңүлүмдү алуу үчүн ушунчалык аракет жасаган. Негизгиси ал аракеттер мени таң калтыруу үчүн гана эмес, мени сүйгөндүгүнөн жасалып жатканын жүрөгүм менен сезгем. Анан да болочоктогу жолдошум ал үчүн биринчи орунда дайыма үй-бүлө болорун түшүндүргөн. Дагы бир маанилүү нерсе, жигит кызга салыштырмалуу көбүрөөк сүйгөнү жакшы эмеспи. Мен ошону туюп анан турмуш курууга макул болгом. Азыр, албетте, бойдок кездегидей белектер, сюрприздер көп болбой калды. Бирок жолдошум кичинекей белекти дагы жөн эле тартуу кылбай өзгөчө бергенди билет. Аны менен турмуш жолуна түшкөнүмө эч качан өкүнбөйм, азыркыга чейин Эрмек мага кызгануу үчүн бир да себеп берген эмес.

Э.: – Сүйлөшүп жүргөндө, жаңы үйлөнгөндө Чолпон экөөбүз эле болчубуз. Бири-бирибизге гана көңүл бурчубуз. Азыр болсо 4 балабыз бар. Алардын ар бирине жетиштүү мээрим тартуулашыбыз керек. Ошондуктан баштагыдай көңүл буруу мүмкүн болбой калды. Бирок бул убакыттын өтүшү менен экөөбүздүн ортобуздагы сезимдер азайып калды дегенди билдирбейт. Тескерисинче, менимче, сүйүүбүз мурдагыдан дагы күчөдү, экөөбүздү байланыштырган толтура нерселер пайда болду. Мен үчүн эң негизгиси – үй-бүлөм, балдарым, ата-энем. Алгач ошолордо баары болсун деген ой менен жашайм. Балдарымды дагы азыртадан үй-бүлөнү баалап жашоого үйрөтөм. Эгер ар бир уул-кызга жаштайынан ошол нерсе түшүндүрүлсө, жанагыдай ажырашуу дагы аз болсо керек эле деп ойлойм.

– Маегиңиздерге рахмат. Үй-бүлөлүк бакыт каалайм.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(18)
26.09.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кандай бактылуу уй булоо, остургон ата энесине рахмат, баламы уйлойм ушундай ыймадуу ,жолдошун сыйлаган келин келсин,бактылуу болгула,омур бою сый устундо журо бергиле
26.09.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Негизинен сонун маек курушуптур, ушундай уй-булоолор коп болсун.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 10:34:09
26.09.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушу уй-булоого суктануу менен карайм. Соонун жубайлар. Башкаларга окшоп ар бир кыймылып коомго жарыя кылбайт.
26.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
соонун уй було коз тийбесин бактылуу болгула
26.09.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
балдарынын аты да уйкаш сонун аттар эле аны айтышпаптыр да. бактылуу болгула дайыма.
26.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көз тийбесин бактылуу болгула.Балдарынардын жакшылыгын көргүлө, дагы кыздуу болгула. Видеосу жок беле, болсо жакшы болмок.
26.09.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула көз тийбесин. Ыймандуу жигиттерден болуп чоноюшсун. Кен келечек
27.09.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз тийбесин,суктанып алдым
27.09.2017. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болушсун балдарынын оозурун корушсун
27.09.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун,кыргызстандын улгулуу уй булоолору
28.09.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улгулуу уй булоо болгула,туболук бактылуулук каалайм!
28.09.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы сулуу экен кандай сонун уйбуло.
29.09.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз тийбесин бактылуу болушсун ар дайым улгулуу уй булоолордон болуп журушсун.
30.09.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улгулуу уйбуло! Азаматсынар! Ар бир суйлогон создору орду менен....кандай сонун майек. Бактынар эч тугонбосун! Ден соолук каалайм.
30.09.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылууу болунуздар. Улгулуу уй булоо болуп журо бериниздер. Чолпондун маегинен коп нерсени билип алдым рахмат.
02.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана улгулуу уй-було. Бактылуу болунуздар!
02.10.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчегин эч ким айтпаса керек, 4 баласы бар деп, татынакай экен.Эрмек азаматсын!!!
02.10.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо