Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАТКЕНДЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

Өткөн аптада укук коргоо кызматкерлери киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз жарандын сүрөтүн жарыялап, аны тааныгандар болсо кабарлашып коюуну өтүнүшкөн эле. Көп өтпөй маркум милиция кызматкери экени билинген. Анын өлүмүнө шектелип Баткен облусунун 4 тургуну кармалды.





«ҮЧӨӨ ӨЛТҮРГӨНГӨ, БИРӨӨ КЫЛМЫШТЫ ЖАШЫРГАНГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ»

Бул кылмыш тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери ЖАННА САТАРБАЕВА төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылына караштуу Ит-Качкан жайлоосунан 25-30 жаштар чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Өлүктү алгачкы кароодо анын колу-буту байланып мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү билинген. Көп өтпөй маркумдун ким экендиги билинип, ал 1986-жылы туулган Алмаз Абдураимов аттуу Баткен ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталган. Бул факт боюнча Ош ОИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 12-сентябрь күнү бул кылмышка шектелип Баткен облусунун 4 тургуну: 1991-жылы туулган А.Н., 1991-жылы туулган Ж.Ч., 1985-жылы туулган С.К. жана 1988-жылы туулган У.С. аттуу жарандар кармалып, кылмыштарын моюнуна алышкан. Кылмышка шектүү С.К. кылмышты жашыруу боюнча айыпталууда. Ош шаардык соту кылмышка шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН ЭКӨӨСҮ МУРДА СОТТОЛГОН»

Кылмышка шектелип кармалган жарандар тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнө караганда, окуя мындайча болгон:
2017-жылдын 4үнөн 5-сентябрга караган түнү маркум 3 таанышы менен Баткен шаарындагы дүкөндөрдүн биринде чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Бир убакта ортодо уруш чыгып, алар мушташа кетишкен. Алмаз Абдураимовду үчөөлөп сабап, колу-бутун байлап өзүнүн автоунаасынын багажына салып таштап коюшат. Эртең менен карашса Алмаз Абдураимов дем алып жаткандай болот. Үчөө дүкөнчүгө анын өлбөй калганын айтышканда, ал «мага айтпай өлтүрсөңөр өлтүрө бергиле» дейт. Үчөө дөңгөлөктүн ачкычы менен Алмаз Абдураимовду башка чаап өлтүрүп, кийимдерин чечип салышат. Бир аз соолугуп калгандан кийин алар кылмыштын изин жашыруу максатында маркумду көмүп салууну ойлошот. Бирок алардын жанында жер казганга эч кандай шайман болбогондуктан маркумду башка жакка алып барып таштап салууну чечишет. Маркумду өзүнүн Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасынын багажына салып, Ош шаары тарапка алып жөнөшөт. Анан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылынын Ит-Качкан жайлоосуна колу-буту байланган абалда таштап салышат. Үчөө андан соң автоунааны жок кылуу максатында Бишкек шаарына келишет. Кардар таап, унааны арзан баада сатып, кайра Баткен облусуна кайтып кетишет.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектелип кармалгандардын экөөсү мурда соттолуп чыккандар. 1991-жылы туулган Н.А. киши өлтүргөнү үчүн 2009-жылы кылмыш иши козголуп, кийин психикалык жактан оорулуу деп табылган. Ал эми 1988-жылы туулган У.С. үч жолу соттолуп чыккан.

«ИНИМДИН КОЛУ-БУТУН БАЙЛАП, ТИШТЕРИН ЖУЛУП КЫЙНАШЫПТЫР»

Маркумдун эжеси КАНЫШАЙ АБДУРАИМОВА «бир тууганыбызды жоготконубуз аз келгенсип, аны спирт ичимдиктерин ичип алып, балдар менен мушташып каза болду деп айтылып жатканы жүрөгүбүздү сыздатып жатат» деп төмөнкүлөргө токтолду:
 4-сентябрь күнү Алмаз Баткен облусунун Лейлек районунда өзүнүн жумуштарын бүтүрүп, кечки саат 8дерде үйгө сапар алат. Апам кечки саат 11лерде телефон чалганда ал жолдо баратканын айтыптыр. Баткенден чыккандан кийин биздин айылга кире бериште дүкөн бар. Эмне себептен экенин билбейм, иним ошол дүкөнгө кириптир. Ошол дүкөндө инимди өлтүргөн үчөө ичимдик ичип отурганын дүкөндүн ээси, көргөн-билгендер айтып жатышат. Күбөлөрдүн айтымында, ал балдар иниме «келиңиз, жумушуңузду жууйлу» деп спирт ичимдигин ичүүгө чакырышыптыр. Ошондо иним аларга «силер менен отуруп иче турган адам эмесмин» деп айтыша кетиптир. Тигил балдар «абакка отуруп чыксак эле экинчи сорттогу адам болуп калабызбы?» деп ортодо уруш чыгыптыр. Анан алар үчөөлөп инимди машинага салышканда жолго инимдин бут кийими менен баш кийими түшүп калыптыр. Булар Алмазды Баткендеги аэропорттун жанындагы талаага алып барып, дөңгөлөктүн ачкычы менен башка чааптыр. Иним эс-учун жоготкондо буту-колун байлап, тиштерин жулуп, кийимдерин чечип өрттөп, анан сөөктү Ош тарапка алып жөнөшүптүр.

«ИНИМДИН АРТЫНДА ТУЯК ДА КАЛГАН ЖОК»

– Алар түнү менен Ошко баруу үчүн Баткендеги бир май куюучу жайдын кызматкерлерин коркутуп-үркүтүп унаага бекер бензин куюшуптур. Ошол жердин видеокамерасына да тартылып калышкан. Алар Ошко эртең мененки 8 жарымдарда жетип, инимдин сөөгүн Ит-Качкан жайлоосуна таштап кетишиптир. Жайлоодо мал кайтарып жүргөн адам сөөктү көрүп калып, укук коргоо органдарына билдириптир. Алмазды мурунку милиция кызматкери, спирт ичимдигин ичкен деп жазып жатышат. Андай эмес, биринчиден, экспертизада анын ичимдик ичпегени аныкталды. Экинчиден, иним 5 айдан бери намаз окуп жүргөн, дааватка барып келгенине да 2 гана күн болгон эле. Акыркы жолу ал өзүн өлтүргөн кылмышкерлердин бирөөсүнүн байкеси менен чогуу дааватка барып келген. Балким, ошондо ал кандайдыр бир нерсени байкап калып, ошол үчүн аны өлтүрүүнү пландаганбы деп да ойлоп кетип жатам. Анан дагы айылга рэкеттик кылып, камалып чыккан балдар менен жөнү жок урушпайт эле. Инимди өлтүргөндөр, балким, иниме өч болуп калышканбы деп да ойлоп жатам. Алмаз ишинин майын чыгарып иштеген, элине кызмат кылган кызматкер болчу. Ал 2015-жылдын мыкты оперативдик кызматкери деп табылып, ардак грамота менен сыйланган. Иним үй-бүлө кура элек болчу, артында туяк да калган жок. Менин негизги талабым сот акыйкат өкүм чыгарып берсин.

«АЛМАЗДЫН ӨЛҮМҮ ПЛАНДАЛГАН ИШ»

Маркумдун жээни ЖООДАР САДИРОВ да таякесинин өлүмү алдын ала пландалган деген ойдо:
– Алмаздын өлүмүнө шектелип жаткан балдардын ичинен бирөөнү тааныйт экенмин. Бирок Алмаздын алар менен тааныш-билиштиги деле жок болчу. Аны өлтүргөндөр бандиттер болсо, Алмаз укук коргоо кызматкери болуп иштеп ортолорунда чыр болушу мүмкүн. Себеби кармалгандардын бири мурда Алмаз милицияда иштеп жүргөндө бир кылмыш жасап колго түшкөн экен. Ошондо ортодо пикир келишпестиктер болуп, өчөшүп калып, анын аягы ушул иш менен аяктап отурат. Алмаздын өлүмү пландалып кылынган иш. Биз Алмазды кулагындагы тырыгы аркылуу гана тааныдык, болбосо ал таанылбай калган абалда экен.

Маркумдун унаасын шектүүлөр арзан баага сатып жиберишкен.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(25)
26.09.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Зоокурлор! ХХХ! Жазасын алышсын. Кутуруп кетишкен го булар таптакыр эле
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-26 14:40:00
26.09.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
engel, этика нормаларын сактаңыз!
26.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не дешти да билбейсин.
26.09.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий тынчтык болсун.
26.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asanova1984aida, этика нормаларын сактаңыз!
26.09.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактасын адамдар жырткычтардан да өтүп кетти. Адам өлтүрүү ушунчалык оной болуп оюнчуктай ойногону адамдын зээнин кейитет
26.09.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам өлтүргөн кинолор көп болгон себептүү адам өлтүрүү оңой көрүнүп калды адамдарга шайтан кино аркылуу психологиябызды бузуп жатат ээхххх
26.09.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушинтип канчасын псих.ооруулуу деп чыгарып салыштат
26.09.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алмаз жаткан берин жайлуу болсун,жакшы бала эле,кыймыл аракети коз алдымда,эжеси айткандай майын чыгарып иштеген бала эле,окунучтуу,дагы деле уккан кулагыма ишенбей турам,бул мыкаачыларга по жизенный бериш керек деп ойлойм.
26.09.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алмаз жайын жаннаттан болсун,жакшы бала Элен,окунучтуу,окунучтуу.
26.09.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жайын жаннаттан болсун досум.Сенин элесин ар дайым коз алдыбызда сакталат.
26.09.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай ииий жалко , ото окунучтуу...Оо дуйнонуздон берсин Алмаз аке...Кааап Жакшынын омуру аз деп ушуда(((
27.09.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канале аларды камап отурбай ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-27 11:13:06
27.09.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altysha.kg, провокацияга жол жок! Эскертүү!
27.09.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ... жакшы бала деп уктум. Жайы жаннаттан болсун.Жамиля эже туура маалымат берин болбосо унчукпан... экоо тен бул дуйнодо жок адамда...
Модератор admin_portal түзөттү 2017-09-28 09:35:05
28.09.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaniaiba, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүчү билдирүүлөргө жол жок! Эскертүү!
27.09.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam olturuu ushunchalyk jenil ish syiaktuu ele bolup kaldy go. Olturgondordu 2ele ai kamalat dep jurobu? oshondoi da bolchuu bele
27.09.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин аяш эле,жалка болду. Жаткан жери жайлуу болсун!
28.09.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми, психикалык жактан жабыркайт деп жазадан кутулта берсенер озунордун тубунорго жетет. Психти олтуруп койгон адамда да жоопкерчилик аз болот . Ошонуда копчулук тушуно бербейт.
28.09.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психмин мени камабайт деп мактанышат кобу , психикалык жактан жабыркаган адам соо эмес болгону учун алардын куну да сурагы да болбойт.
28.09.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
катуу жазага тартыш керек бириси псих дагы бири кылымышка катыштыгы жок деп чыгарып жибербей мындайлар коомго коркунуч алып келет
29.09.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-29 15:23:00
29.09.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kyla490,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
30.09.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында эле азыркы Кун-До,мыкаачылар кылымышын Кылып алып анан психически ооруйт деген кагазды сатып ала койушуп эле жазага тартылбай кутулуп кетип жатышат,азыр калыстык болбой эле акча ойноп калды.Озу негизи псих мн ооруйбу,оорубайбы кылмышты кылдыбы озуно жараша жазасын алыш керек деп ойлойм.
02.10.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы инсан болчу Жайы жаннаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо