“ЭЛЕС” ТОБУНУН СОЛИСТИ ЭЛДЕН ЖАРДАМ СУРАЙТ

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

Легендарлуу «Элес» тобунун мүчөсү Айдин Жумалиев Стамбулдагы ооруканалардын биринде оор дарт менен алышып жаткан учуру. Музыканттын дарылануусуна каражат жетпей, элге жардам сурап кайрылган: «Бүгүн мен түрк онкологиялык ооруканасынын терезесин карап отуруп өзүмдүн келечегим үчүн кабатырланып жатам. Кокусунан пайда болгон боор оорусун жеңгим келет, жашагым келет. Эки уулумду үйлөнтсөм, 27 жыл чогуу жашаган жубайым Венеранын жанында болсом, «Элес» тобунун күйөрмандарын мындан ары да сүйүнтсөм дейм. «Элес» тобу мага жардам кылып кайрымдуулук концерт өткөрө турганын билем жана мен жан дүйнөм менен силердин жаныңарда болом. Дарылануума 25 миң доллар керек болууда, мен үчүн бул чоң акча. Менин абалымды түшүнүп, жүрөгү мээримге толгон адамдардан жардам күтөм»,- дейт. Музыканттын кесиптеши Эркин Мээрканов: «Айдин Жумалиев 1985-жылдан бери «Элес» тобунда клавишада ойнойт. Абдан адамгерчиликтүү, токтоо киши. Жакшынакай жүрүп эле 3 ай мурун боор оорусуна чалдыгып калганын уктук. Акыркы мезгилде Казакстанда иштеп жүргөн. Биз өткөрүп жаткан кайрымдуулук концерт аз да болсо дарылануусуна жардам болот деген үмүттөбүз»,- деп билдирди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
26.09.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпаасын берсин! оорубайлычы,жашоодо баарын женебиз, бирок, ооруну женуу оор экен. Аллахым...
27.09.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дардын берген кудайым,шыпаасын кошо берсин ылайым.Эч ким! Эч качан! Оорубасынчы!!!! Аман бололучу аманат дуйнодо
27.09.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кетсин,балдарына керек
30.09.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кетсе экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо