№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
– Эмил, салам. SUPER.KG порталында түз эфирде отуруп, окурмандардан келген «Эмил, сен эмоционалдуу адамсың. Үйдө казан-аяк кагышканда жубайыңа кол көтөргөндөй көрүнөсүң...» деген суроого жооп бердиң эле: «Кол көтөрбөйм, бирок колунан катуу кармап, силкип койгон учурлар болгон. Ал эми аялга кол көтөрүүгө өздөрү жеткирет. Мисалы, жолдошу, балдары бар, бирок башка менен жүргөн аялзатын көргөндө менин деле ургум бар. Айткан кебиңди укпаса, түшүнбөсө уруш керек. Андайларды урбаганда эмне?» деп. Ушул жооптун айланасында азыр катуу талкуу болуп, сени сындап жатышат...
– Жубайың турмушка чыккандан кийин иштебей, үйдө отурганын, ал экөөңдүн макулдашууңдан улам болгонун айткансың. Анын окуусун улантпай калганын, дегеле сенин келинчегиңе карата мамилеңди кескин сындоо жүрүп жатат. Бул кептерге силердин үй-бүлөдө азыр кандай ойлор айтылып жатат?
– Башка бирөө болсо таарынмактыр, бирок Айгерим баарын түшүнүп, кайра мага айтып отурат «көңүлүңө алба, интервьюда башкача ой айтылды. Сындагандар түшүнбөй калышты» деп. «Жубайын окутпай койсо, билими жок адамдар баланы кантип тарбиялайт?» дегендер бар экен. Айгерим кесиби боюнча актриса болуп чыкмак. Экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө эле сүйлөшүп, мен «экөөбүз тең артист болушубузду каалабайм. Артист деген күн-түн дебей жумуш менен көчөдө жүрөт. Андай абалда балдарыбызга көңүл жетишерлик бөлүнбөй калат» деген оюмду айткам. Айгерим макул болгон, андан кийин бул темага кайрылган эмеспиз. Азыр уулубуз Хамза чоңоюп калды, жубайым визажист болгонго кызыгып, окуйм, ушул кесипти өздөштүрүп, жеке иш ачам деп жүрөт. Буюрса, окуусун бүтсө, салон ачсак деген пландар бар. Ал эми баламдын тарбиясы боюнча айтсам, аны келечек көрсөтөт. Буюрса, Хамзаны кыргыздын керегине жараган уул кылып тарбиялайбыз деген изги тилегибиз бар.
– Эл көзүндө жүргөн адамдардын баскан-турганына, жасаган ишине, эл алдында айтып жаткан ой-пикирине сын айткан адамдар көп болот. Ошондой сындарга сенде иммунитет пайда болдубу?
– Коомчулукта «чыгармачыл адам баарын көтөрүш керек, баарына даяр болуш керек» деген ой калыптанып калган. Бирок чыгармачыл адам деле ошолордой эле адам, аларда да көңүл бар. «Баланча ырчыны бул жактан көрдүм, жүдөгөн эле неме экен» дешет. Ал ырчы ошол кезде ооруп жаткандыр, балким, бир нерсеге капаланып тургандыр. Экинчи тарабын деле караш керек да. Ооба, биз да жасаган ишибиз менен үлгү болгонго аракет кылабыз. Бирок ошондо да жаман билдирүү жазганга үлгүрүп калгандар болот. Менин чыгармачылыкка аралашканыма көп боло элек, балким, мүнөзүм ушундайбы, өзүмө карата айтылган туура эмес сындарды жүрөгүмө жакын кабыл алам. Менде да ата, тууган-урук, кайын журт, жубай, дос-тууган деген бар. Аларга деле мен тууралуу мазак кептерди уккан оор тиет. Каза болгон апама чейин асылып жатышат, менде да жүрөк бар да, окуп алып абдан жаман болдум. Алар мени сындайм деп жатып, ата-энеме, үй-бүлөмө чейин асылып, өздөрү төмөн деңгээлге түшүп кетишти. Сындаган оңой, 2 мүнөттөн кийин унутуп каласың, ал сынды уккан адам канча убакыт көңүлү кирдеп жүрөрүн да унутпаш керек.
– Азыр интернетте сени «тарбиялык мааниси жок видеолорду тартат» деген ойлор айтылууда...
– Куудулдар, күлкү жаратуучулар коомубуздагы терс көрүнүштөрдү ошондой тамашалар менен мазактап, андай жоруктардан алыс болууга чакырат. Мен бирөөнү үндөп, менин кылганымды кылгыла деп мажбурлаш үчүн эмес, тескерисинче, мазактап жатпаймынбы андай жоруктарды? Мен болгону коомдогу терс көрүнүштөрдү видео аркылуу чагылдырып берем. Аны түшүнгөн адам «аа, мындай кылса туура эмес болот экен» деп, тескерисинче, сабак алат, кайталабайт. Биздин максат – ошондой жоруктарды, көрүнүштөрдү азайтуу. Азаят, азайып жатат. Мисалы, «чала спортик» образында жүргөн айрым балдар бар болчу, азыр алардын ошондой жөнсүз кыймыл-аракети, сүйлөгөнү тыйылып калды. Мен тасмада, видеороликтерде көп образдарды жараттым: таксист, кызтеке, ырчы, бийчи жана башка толтура. «Актан жана Акылайда» Актандын образын жаратканым үчүн өмүр бою Актан болуп же таксист болуп калбайм. Бул болгону образ. «Эмил жашоодо деле чала спортик, дэң-дэң...» дегендер юморду түшүнбөгөндөр деп билем.
Асыл Орозбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сөгүнөм дегенде эле түңүлдүм. Эл көзүндөгү адам кантип ушинтип айтсын.
Тамашоучу болсо эле киного тартылып же бир иштин башын кармап, жоголуп кетиш керекпи?
"Большие люди" долбоорундагы бир кыз Америкада жарым жыналач болуп клиптерге тартылып журот... Ошондо ага окшогондор ыймандан четтесе мактайсынар да, буга окшогондорду сындайсынар оз денгээлинерде....
Создорго маани бербе силердин созунор ХХХ деп кой да дальше дерзай