№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
Бишкек шаарында президенттик шайлоодогу административдик ресурска жана добуш сатып алууга каршы жыйын өтөт. Демилгечилердин бири, парламент депутаты Жанар Акаевдин айтымында, иш-чара ачык жыйын форматында өтөт. «Бир канча регионду кыдырып, эл менен жолугушуп чыктым. Жыйынтыгында биз административдик ресурска жана добуш сатып алууга каршы иш-чараларды уюштурууну пландадык. 30-сентябрда Бишкек шаарында жөө жүрүш уюштуруп жатканбыз, бирок шаардын Октябрь райондук соту буга тыюу салды. Ошентсе да биз иш-чараны токтотпойбуз. Ошол күнү Ахунбаев-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги 24-мартка карата курулган скверге 5 миңдей адам чогулары күтүлүүдө. Алардын арасында парламенттин ондогон депутаттары, экс-президент Роза Отунбаева да болот. Жыйын өтөт, бирок жөө жүрүштүн өтөрү анык эмес. Демилгени жарандык коом өкүлдөрү жана саясий ишмерлер көтөрдүк»,- деди Акаев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Талкуу жабык.
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |