Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КУМТӨР» БОЮНЧА МАКУЛДАШУУ ЫСЫК-КӨЛДҮКТӨР ҮЧҮН ӨТӨ МААНИЛҮҮ

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.

«Кыргыз өкмөтү жана «Кумтөрдүн» инвесторлору ортосундагы жетишилген макулдашуулар Ысык-Көл облусунун экологиялык жана экономикалык абалын жакшыртууда стратегиялык мааниге ээ болот»,- деп эсептейт Жети-Өгүз районунун «Айылдык турмуш» коомдук фондунун жетекчиси, Реформанын жыйынтыгы үчүн жарандык союзунун аймактык координатору Бибигүл Бупебаева.

Анын пикири боюнча, «Кумтөрдүн» акыркы 5-6 жылда экономикадан саясатка ооп кеткен маселесинде өкмөт Кыргызстан үчүн пайдалуу шарттарга жетишүү менен мурун эле чекит коюу керек эле.
- Өкмөттү мындай маанилүү макулдашууларга жетишүүсү үчүн кубаттоо жана куттуктоо керек. Эми биздин өлкөдө "Жаратылышты өнүктүрүү" фонду пайда болуп, анын ишине «Центерра» 50 миллион АКШ долларын бөлөт. Мындан тышкары жетишилген макулдашуулар боюнча экологиялык маселелерди чечүү үчүн жыл сайын 3 миллион доллар бөлүнөт. Бул стратегиялык инвестор менен эффективдүү мамиле куруу жаатында чоң жетишкендик. Мурун биздин өлкө экологиялык көптөгөн маселелерди чечүү үчүн мындай каражатка ээ эмес эле. Азыр кырдаал түп тамырынан бери өзгөрдү, башкысы Кыргызстанга пайдалуу жагына,- деп белгилейт Жети-Өгүз районунун өкүлү.
Бибигүл Бупебаева конкуренттүү экологиялык маселелерди козгоп жатып макулдашуудагы тазалоо курулушун модернизациялоого байланыштуу пунктту бөлүп көрсөтөт.
- Тазалоо курулуштары биздин Ысык-Көл облусуна абдан керек. Учурда көптөгөн пансионаттарда тазалоо курулуштары формалдуу эле мүнөздө, алар реалдуу түрдө иштешпейт, мунусу менен экологиялык олуттуу маселенин жаралышына чоң коркунуч түзүшөт. Ошондой эле облустун райондорунда жашылдандырууну колго алуу зарыл. "Жаратылышты өнүктүрүү" фондунун ишмердүүлүгүнүн алкагында биздин аймактагы коомчулуктун өкүлдөрүнө жана бизнесмендерине семинар өткөрүүнү карап көрүү керек. Аймактын элин экологиялык сабаттуулук боюнча иш-чараларсыз позитивдүү жыйынтыкка жетишүү кыйын.
Анын сөзүнө караганда, экологиялык долбоорлорду ишке ашырууда өз учурунда отчёт берүү жана инвесторлор тарабынан бөлүнгөн каражаттардын кайда жумшалганы ачык-айкын болушу да маанилүү аспекттерден.
- Өкмөт, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өкүлдөрү жана жергиликтүү жамааттардын тиешелүү көзөмөлүсүз бул чоң суммадагы каражат керектүү жакка чыгымдалат дегенге кепилдик жок. «Кумтөрдү» иштеткендер Ысык-Көл облусунун "Өнүктүрүү" фондуна курч социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн жүз миллиондогон сомдорду бөлүп берген, бирок жыйынтыгында акчалар кандай максатка жумшалгандыгы белгисиз болуп калган окуялар болгон. Андыктан "Жаратылышты өнүктүрүү" фондунда долбоорлорду ишке ашырууда айтылгандай негативдүү окуялар болбошу керек. Мындан тышкары инвесторлордун өкүлдөрү каражат канчалык түрдө максаттуу жумшалып жаткандыгы тууралуу отчётту алуулары жана чыгымдарды текшерип туруулары зарыл деп эсептейм. Коомчулук экологиялык долбоорго ар бир сом кандай жумшалып жаткандыгын билүүсү керек жана фонддун өкүлдөрүнүн отчёттору ММКларда туруктуу жарыяланып туруусу кажет,- деп жыйынтыктайт сөзүн «Айылдык турмуш» коомдук фондунун жетекчиси.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо