Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОЙ ДАСТОРКОНУНА САЛАТТАР

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.

Күз той мезгили. Албетте, тойдун дасторконун салаттарсыз элестетүү мүмкүн эмес. Колдо бар азыктардан жасалган жөнөкөй салатты кооздоп берүү дасторкондун көркүн гана эмес, табитти да ачат.

«МАГНАТ» САЛАТЫ


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уйдун эти
– 500 грамм
Сабиз – 2 даана
Картошка – 2 даана
Пияз – 1 баш
Туздалган бадыраң – 3 даана
Майонез – 4 аш кашык
Татымына жараша туз


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Уйдун эти менен картошканы сууга бышырып, төрт чарчы формасында туурайбыз.
  • Сабизди аарчып, төрт чарчы формасында туурап, майга кууруп алабыз.
  • Пияз менен туздалган бадыраң да төрт чарчы формасында тууралат.
  • Азыктардын баарын чоң идишке салып, майонезди кошуп аралаштырабыз.
  • Даяр болгон салатты куймакка ороп, көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коюуга болот.

ТҮСТҮҮ КУЙМАК


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Ун –
1 стакан
Жумуртка – 1 даана
Айран – 1 стакан
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Ашканада колдонулуучу боёк – 1 тамчы
Көбүрткүч – 0,5 чай кашык
Туз – 1 чымчым


ДАЯРДОО ЖОЛУ:

  • Чуңкур идишке жумуртканы чагып, көбүрткүчтү, бир чымчым тузду кошуп аябай чалабыз.
  • Эми буга айран менен өсүмдүк майын куюп аралаштырып, ун менен боёкту кошуп жакшылап аралаштырабыз.
  • Табанын бетин майлап, камырдан аздан куюп куймакты бышырып алабыз.


«КЕЛИН» САЛАТЫ


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Айран – 4 аш кашык
Майонез – 4 аш кашык
Ышталган тоок эти – 150 грамм
Жумуртка – 2 даана
Козу карын – 150 грамм
Сыр – 100 грамм
Картошка – 3 даана
Пияз – 1 баш
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Жумуртка менен картошканы сууга бышырып, сүргүчтөн өткөрөбүз.
  • Жууп-тазаланган козу карынды ичке туурап, майга кууруйбуз.
  • Тоок эти менен пиязды төрт чарчы формасында майда туурайбыз.
  • Майонезге айранды кошуп аралаштырып, соус даярдайбыз.
  • Тарелканын так ортосуна сүргүчтөн өткөрүлгөн картошканы тегерек формада салып, үстүнө соустан куябыз.
  • Картошканын үстүнө тоок эти менен пиязды салып, дагы бир аз соус куябыз.
  • Эми куурулган козу карынды салып, сүргүчтөн өткөрүлгөн жумуртканы себелеп, салаттын четин төрт чарчы формада тууралган сыр менен, ал эми үстүн петрушка менен кооздойбуз.


СЫР СЕБЕТИ

Сыр себетин даярдоо үчүн анын катуу түрү керектелет. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ысып турган табага тегиз кылып себелейбиз.
Сыр эриген кезде дароо депкир менен акырын алып, көмкөрүлүп турган стаканга же чыныга жаап, муздаганда чыгарабыз.




«ТИРОЛЬ» САЛАТЫ


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уйдун тили –
1 даана
Туздалган козу карын – 100 грамм
Туздалган бадыраң – 2 даана
Сыр – 100 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Майонез – 2 аш кашык


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Уйдун тилин кайнатып бышырып алабыз.
  • Козу карынды, бадыраңды, сырды жана уйдун тилин таякча түрүндө, ал эми сарымсакты майда туурайбыз.
  • Азыктардын баарын чоң идишке салып, майонезди кошуп аралаштырабыз.
  • Даяр болгон салатты лаваштан же сырдан жасалган себетке салып дасторконго узатсаңыз болот.


«ШОП» САЛАТЫ


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Салат жалбырагы –
1 тутам
Помидор – 2 даана
Бадыраң – 2 даана
Болгар калемпири – 1 даана
Пияз – 1 баш
Брынза – 200 грамм
Зайтун мөмөсү – 10 даана
Зайтун майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз


ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Салат жалбырагын жууп, кол менен үзүп туурап, тарелкага салабыз да, үстүнө 1 аш кашык майды чуурута куюп, бир аз туз себелейбиз.
  • Жашылчалардын баарын тазалап, жууп, төрт чарчы формасында, пиязды майда туурайбыз.
  • Салат жалбырагынын үстүнө тууралган болгар калемпирин, пиязды, бадыраңды, андан соң помидорду, зайтун мөмөсүн салабыз. Бир аз туздан себелеп, калган майды куябыз.
  • Аягында салаттын үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн брынзаны себелейбиз. Салат даяр!

Салаттарды тең ортосунан кесилген болгар калемпирине салып коюу дасторконго көрк кошот.













Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(8)
03.10.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жасап корбосом
03.10.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
болгар калемпирине салып койгону жакты жасап коруш керек экен
04.10.2017. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун экен жасап коруш керек экен
04.10.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тойдо мындай салат койсон 'мол булактан' 1миллион кредит алганга туура келет го? 10 15 кишиге жасасан болот бирок.
05.10.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
06.10.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернеттен көрүп сонун экен деп жасап көрөм бирок конок келерде мээ сбой болуп калат өзүнөн өзү эле.
06.10.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinooou,иий боорду эздинго..
27.10.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лавашка ороп койгону жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо