Айпери Кубик кызы: «МЕН ТАРТТЫРГАН АР БИР КЛИП ТАЛКУУ ЧОРДОНУНДА КАЛАТ»

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.


Тарсылдаган мүнөзү бар ырчы Айпери Кубик кызынын чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөнүнө 10 жыл болуптур. Элдин көз алдында бой жетип, турмушка узап, кайгы-капасын тең бөлүшүп отурган Айпери «адам бара-бара бышат экен, мен да өзгөрүп, акырындан бышып жатам» дейт.

– Кош келипсиң, Айпери, жакында эле Хосе деген мырза менен дуэтиң жарык көрүп, көпчүлүктүн сынына кабылды...
– Рахмат. Өзүңүздөр билесиздер, мен тарттырган ар бир клип дайыма талкуунун чордонунда калат. Анткени ар бир клибиме өзгөчө мамиле жасайм, ошол эле кан соргуч тууралуу же суунун астында тартылган клиптерим деле азыркы клибимден кем эмес талкуу болгон. Курсагымдагы төрөлө элек балам жөнүндө ырдап боюмда барда клипке тартылгам, кайненелер тууралуу тарткан клибимди эл өзгөчө кабыл алышкан. Эл сөз кылып, талкуулап жатышса, демек, мен максатыма жетиптирмин. Жакында эле дагы бир жаңылык киргизейин деп Хосе деген ырчы мырза менен «Дани» деп аталган кыргыз-испан дуэтин жаздырганбыз. Экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөттөрдү Инстаграм баракчама киргизип койсом, кыргыздын жигиттери мени аны менен жүргүзүп, жашатып коюшту. Эркек кишилердин тили жаман болот экен, мага чейин чалып "негр жигит менен жүрүп алыптырсың" деп урушкандар болду. Калп эле баатыр боло берген эркектерге аябай жиним келди. Хосе Кыргызстанда клубдарда ырдайт, Елена деген жубайы бар. Биз Елена аркылуу сүйлөшүп, анан дуэтти жаздырганбыз. Экөөбүздүн ортобузда чыгармачылык гана байланыш бар, анан чогуу сүрөткө түшүп койсоң, ыр жаздырсаң эле минтип ага жабыштырып, мени каргап-шилеген болбойт да.

– Мындан ары да элди талкуу жарата турган ырларың, клиптериң менен таң калтыра берейин деп жатасыңбы?
– Ошо азыр да 2-3 чыгарманын үстүнөн ойлонуп жатам «кантип ызы-чуулуу кылып жиберсем экен?» деп (күлүп). Азыр бир гана чыгармачылык менен алаксып жүрөм, башка нерсеге убакыт жок. Эртең менен баламды бала бакчага алпарам, күндүзү уктайм, кайра баламды бакчадан алып келем, аны менен ойнойм, анан түнү тойлордо ырдайм. Кудайга шүгүр, жумуштун болуп турганы жакшы. Мени ушундай жетише албай чарчап турганым кубандырат.

– Уулуң бала бакчага барып калдыбы?
– Ооба, көбүнчө атам экөөбүз бала бакчага ташыйбыз. Бирок азыр атамдын жумуштары көп болуп жетишпей жатат. Апам үй оокаттары, кышкыга салат жабуу менен колу бошобойт. Уулум Даян эс алуу күндөрү атасын (ред.: таятасын) ээрчип жүрө берет. Базарга, унаа оңдоткон жайга барса деле жанынан чыкпайт. Эртең менен «балам, тур» десем, «садик жаман» деп көзүн ачат, бала бакчага жеткиче «жаман, жаман» деп барып ыйлаган боюнча кирип кетет. Мен кийингенде эле бир жакка кетеримди билип «кетпечи» деп безилдей берет. Бирок алдап-соолап качып кетпейм. Түшүндүрүп «мен «Дани, Дани» деп ырдап акча таап келейин, анан сага шоколад алып келем» десем унчукпай түшүнгөнсүп калат.

– Учурда Кыргызстанда ажырашкандан кийин балдарын жалгыз тарбиялап калган айымдар бир топ, өзүңдүн мисалыңда аларга кандай кеңештерди берет элең?
– Чынын айтсам, мага күнүнө 20-30дай ажырашкан айымдар кеңеш сурап кайрылышат. «3 балам менен жалгыз калдым, эмне кылам, кеңешиңди берчи» деп сурашат. Ажырашкандан кийин жашоо бүтүп калбайт, улана берет. Болгону убактылуу турмуштун кыйынчылыгына чыдаш керек. Турмуштан жаңылган адам азыр ар бир үй-бүлөдө бар болуш керек. Мен ажырашкандан кийин бирөөдөн кеңеш сурамак түгүл айткандан уялгам. Мен баарынан да ата-энем үчүн эзилдим, «кызы ажырашып келди» деген сөзгө калтырдым деп ойлодум. Бирок атам «маңдайга жазганын көрөсүң, баары жакшы болот» деп сооротту, мага ата-энемдин колдоосу гана маанилүү эле. Ажырашкандан кийин бир жума жаттым, болду, өзүмдү колго алып, чыйралып баш-отум менен чыгармачылыкка киришип кеттим. Айымдар үлгү катары көрүп менден кеңеш сураганына кубанам. Эртеби, кечпи адам бара-бара бышат. Мындайда спорт эң мыкты жардамчы, спорт менен машыксаң өзүңдү жакшы көрүп каласың.

– Үй-бүлөлүү мырзаны сүйүп калсаң, баарына көз жумуп турмушка чыгат белең?
– Билесизби, ажырашкандан кийин көп мырзалар тийишип көрүшөт. Мырзаларда «ажырашкан айымдар жеңил ойлуу болот» деген түшүнүк калыптанып калганбы билбейм. Мен мурункудай жаш кыз эмесмин. Үй-бүлөлүү мырзаны өзүмө жакын жолотпойм, сүйлөгөнүнөн эле билем, болбой эле ашынып тийишип баратса кагып-силкип урушуп салам. Мындан улам мени «кызга окшоп сүйлөгөндү билбейт, абдан орой мамиле кылат» дешет экен. Мага жеңил ойлуу дегенге караганда орой деген сөз уккан артык. Жакында эле дос балам үйлөндү, дароо алыстап кеттим. Анткени анын жубайы, үй-бүлөсү бар, ар бир айым жолдошун жалгыз бой жүргөн айымдан сөзсүз кызганат.

– Сенде бой десе бой, келбет десе келбет бар, подиумга чыгып өзүңдү моделдик чөйрөдө сынагың келеби?
– Ооба, боюм узун, мен жаңы ырдап баштаганда 3 моделдик агенттиктен сунуш түшкөн. Атама айтсам «жөн эле койчу, кызым» деп койгон. Бирок ырчылыкты баштаганда деле атам каршы болгон, болбой эле көгөрүп ырдайм деп жатып ырдап чыккам, өзүм моделдик кесипке анча кызыкпасам керек.

– Шоу чөйрөдө өнөрпоздордон салык алуу боюнча талаш болуп жатат?
– Ушул маселени жаңы эле атам экөөбүз сүйлөшүп келе жаттык эле. Мен салык төлөө боюнча каршы пикирдемин. Себеби биздин тапканыбыз туруктуу эмес. Сезондордо гана той болушу мүмкүн, болбосо жок эле отуруп калабыз. Иштебей отурганда ким төлөйт? Тойдогу ставка ырчынын популярдуулугуна жараша бааланат. Мисалы, кээ бир ырчылардын аты бар, бирок тойго эч ким деле чакырбайт, алар эмне кылат? Ошондуктан бул маселе терең иликтенип талданышы керек деп ойлойм.

– Учурда ырчылардын көбү той-концерттерде жардамчылары менен жүрүп калышкан, байкасам, сен жалгыз жүрөт экенсиң.
– Ооба, көпчүлүк учурда жалгыз жүрөм. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 10 жыл болду, мен ушул жылдарда баарына өзүм чуркап жүрүп көнүп калыптырмын. Мурун клип тартсам деле жарык берүүчү каражаттарды, камераларды көтөрүп алып эле жүрчүмүн. Менеджер менен иштешейин деп алып көрдүм, бирок көнүп калгандар кайра эле өзүмө түз чыгып жумуштарын бүтүрүп алышат, жардамчымдын жумушу жок калат экен. Анан «кой, өзүм эле кылайынчы» дедим.

– Маегиңе чоң рахмат!

"Балам менин жашоомдун маңызы".
Айперинин "Агым" жана "Дани" аттуу талкуу жараткан клиптери.
"Турмушта атамдын колдоосу болбосо мен мынчалык күчтүү болбойт элем".


Лунара Бекиева
star@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Хосе менен мамилем болушу мүмкүн эмес"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(47)
03.10.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Депутаттар да салык толошсун!
Медиа-портал
03.10.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Азаматсын Айпери! Ырын аябай жакты.
akkyzmild86 түзөттү 2017-10-03 13:57:50
03.10.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Дани ыры жакты
03.10.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
20-30 аял чалат деген жок, кайрылат деп айтып жатат.Балким соц сеттерден болсо керек (инстаграм,фейсбуг,Одноклассник)кайрылыш мумкун.Негизи аракетчил кыз ишине ийгиликю
03.10.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Бышканда да жаман каттуу быштын го ? ! Кыз кезинде созулгаан , жонокой дечу элек . Турмушка чыккандан кийин ачылдын го аябай . Копко жашабайт го деп койгом , айткандай эле болду тообо . Аял кишинин бактысы куйоодо деп айтат элем !
03.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
jypara1415,нанды чон тиштесен да созду чон суйлобо,эртенки кунду эч ким билбейт.
03.10.2017. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
meni_kut, тайрандабай уй-булону
биринчи орунга коюш керек .
04.10.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
jypara1415, Озунчо акылдуу боло бербечи! Турмуш деген турмуш, Ким билсин мындай болушун. Бул да Бир сыноо деп тушунуш керек деп ойлойм!
05.10.2017. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Nurbek.kyzy, оз оюмду жазганга
укугум бар сен сыяктуу . Шоу - бизнестеги ырчы кыздар ( баары эмес ) коп жашабай эле ажырашып кетип жатышат . Сенсиз деле жашоом сопсонун отот , дегендей мамиле жасашат . Уй - булонун бузулушун кудай жактырбайт !
03.10.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Анан аялы бар Хосенин суротторун эмнеге озункуно жуктоп аласын?Атам эле дейт,ал кишинин кайсы ыры элге жетти эле,мактанат десе эле чон эне болуп суйлой бербей арканы да бир карап коюш керек го дейм
03.10.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болсун. Жашоо татаал. Сындырбайлы
03.10.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Айперини мен аябай сыйлайм туз жургону адамча суйлогону жонокойлугу баары соонун кыз. Сен азаматсын баардык адам сендей болсо.
SUPER.KG видео
03.10.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ersin1705,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
03.10.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сиз суперсиз
03.10.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодец атасы да жакшы киши озу да акылдуу Айгеримге караганда
03.10.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клипке 10 деген баа сонун чыгыптыр аяябай жакты.
SUPER.KG видео
03.10.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
молодец,сонун клип болуптур,коп жылга хит бт деген ойдомун, туз жургону менен айырмаланат Айпери ачык бетке айтканы жасалмасы жок,молодец
03.10.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жакшы Айпери жонокой кыз анан Тарс Тарс кылган мунозу жагат
03.10.2017. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сын айткандын дагы чеги болот ,атасына асылбай эле койгула да
Aijamal0405 түзөттү 2017-10-03 20:36:18
03.10.2017. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер Инфо абдылда иманкуловдун маеги кайда кети
04.10.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол уулун сага куйумдуу болуп эр жетсин жалгыз бой таштабай баласын багып жургону чон эрдик билгенге конулун оорутпай жакшы соз жазсанар тагдырдын буйругу ажырашты баарыбызда уул кыз бар этияттап суйлойлу ажырашса эле бузулду дебей
04.10.2017. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атасына асылып сындагандар уялсанарчы кичине. Силерде да ата бардыр. Атанар жонундо жагымсыз соз уксанар кандай акыбалда каласынар? Айперинин озуно келсек, кунуно 20-30 аял кайрылат, 3балам мн ажырышып кеттим эмне кылам деп-деген жери кичине коркомдолуп кетпедиби?Г.Садыбакасова,С.Садыкова,Д.Акулова,А.Турдалиевалар ушул созду айтса, ии дейсин кантседа жашоодо кагылып-согулду деп.Кунуно ошончо аял сенден кенеш сураса олгон экенго.)))) Мастер класс ачып ал анда.Соопда болот,чонтоккода бирдеме тушот
SUPER.KG видео
04.10.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Поражаюсь ее умом! Умница, перед тем что то делать всегда думает с головой! Все ее клипы оригинальны! Она хотела зажигательную песню, особенно на той, и это у нее получилось перфектно!
04.10.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат.Айпери куч кубатты сага берсин.тууп олтуруп таштап кеткен аялдарга караганда миллион эсе ойдосун.жолдошуна мин наалат.сендей ыймандуу кызды бактылуу кылалбаган.анча мынча эркектерге караганда намыздуусун.терс айтылган коментарийлерге конул буруп,журогунду орутпа.биз сени уртаттайбыз.Ата энендин мандайында аман бол.Булда болсо Аллахтын сыноосу сен албетте бактылуу болосун Нешалла.
04.10.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
изденуу коп бул кызда.Азаматсын
04.10.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Хосе мн суроту,ыры ж б пиар да.
04.10.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмкисинде колунан келсе Энрике Иглесиас мн дует айт. Тойский ырларды ырдаганды койуп бир нормальный зын зын зын ырларды жараткылачы еув, а то бар жок эле жар жар, кайненелер, женелерге толуп кыйрап кетти
04.10.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласыны ширинтай жожо Айпери аман бол синдим.
04.10.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комент жазат десе эле тантырап жаза бересинерби? Озунордун колунардан не келет озу? Атасына чейин асыласынар, Кубик аке жонокой, токтоо адам, демек кызы Айперида ошондой, зато Айпери башка ырчылардай бойдок кезинде бузулуп, 3.4 балалуу уй булону бузуп хит болгон жок, озунун таланты мн хит. Айпери сага ийгилик, ит уро берет кербен журо берет, бул бекерчилер оюна келгенди суйлой берет
04.10.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишине ийгилик, бактылуу бол!
05.10.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Вообще большой молодец!Сонун кыз!
Медиа-портал
05.10.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шоу бизнесчилик экен да эми.Ырдын кайырмасына баланын атын коюп ырдай бергенге да боло берет.
06.10.2017. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат Азамат кыз! Суйлогон созу орду менен суроолорго да так тарс тарс жооп берет. Озуно озу жооп бере алчу кыз калжын кулжун эмес. Турмуштан багы ачылган жок, бирок даагы али келечеги алдыда. Бактылуу бол Айпери ишине ийгилик каалайм
Медиа-портал
06.10.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец! Орду менен суйлойт! Жашоодо чогуп кетпей, коп ырларды жаратып чыгармачылыгын оркундотуп келатат! Кыйынды кыйын деш керек! Атасы дагы абдан жакшы киши!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо