КРИС БРАУН КЫРГЫЗ БИЙЧИЛЕРИНЕ КЫЗЫГУУДА

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.


Кыргыз бийчилери биринен сала бири жаңылык жаратып, чет элдик долбоорлордо күчүн сынап келишет. Эгиз бир туугандар Ема, Ома Асанбековдор Орусиянын ТНТ каналындагы “Танцы” долбоорунун тандоо турунан өтүштү. Кызыктуу, күлкүлүү, өзгөчө кыймыл-аракеттеги бийи менен эсте калган жигиттер Казакстанда өтүп жаткан “Бийле” теледолбоорунда да финалга чыгышты. Ошондой эле экөө АКШ жылдызы Крис Браундун ырына достору менен бийлеген видеону интернетке жүктөшкөн. Аталган видеону америкалык ырчы өз баракчасында бөлүштү. Көп талкууга, көп кароого алынган видео тууралуу Ема: “Бардыгы капыстан болду. “Келгиле, күлкүлүү видео тартабыз” деп досторубуз менен ошол жерден эле ойлонуп тартканбыз. Анан Крис Браун бөлүшүптүр, көрүп аябай сүйүндүк”,- дейт.
Ал эми 15 жаштагы Айдана Шатемирова Орусиянын НТВ каналында өтүп жаткан "Ты супер! Танцы" долбооруна катышып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду. Бул долбоор балдардын жашоосун жакшы нукка буруу, атын таанытуу, жаңы досторду табуу жана жаш бийчилер өз кумирлери менен жакындан таанышуу максатында ачылган.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(2)
04.10.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар!
04.10.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кимде бар видеосу жүктөп койгулачы таппай койдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо