№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
Кыргыз Республикасында салык төлөмдөрүнүн бир нече багыты бар. Жаран бир иш менен алектенип, ал ишин же кызматын сата баштаган күндөн тартып ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө милдеттүү. Демек, мыйзамга жараша базарда отургандар, көчөдө семичка саткандар, таксисттер, күзөт кызматындагылар, ырчы-чоорчу, бийчи, тамада жана башка өнөрпоздор да патент алуу менен иштөөсү керек. Бул мыйзам 1996-жылы кабыл алынып, 2009-жылы толуктоолор киргизилген.
Аз күн мурун "Мамлекеттик салык инспекциясынын кызматкерлери тойдо кызмат кылып жаткан өнөрпоздорду текшерип, патент сурап жатыптыр” деген маалымат тарап, буга шоу-бизнес өкүлдөрү нааразычылык билдире башташты.
Айгерим Расул кызы:
– Мен салык төлөгөнгө каршы эмесмин. Бирок мамлекет ырчылардын мээнетин коргогонду үйрөнүшү зарыл. 21-кылымда бизде дагы деле аткаруучулук, автордук укук жок. "Кыргызпатент" иштебейт, болбосо биздин укукту коргош алардын милдети. Кыскасы бир чыгарманы эле элге жайылтуу үчүн, концерт коюу үчүн көп акча керек. Канча мээнет менен жазылган ырларды, клиптерди лицензиялуу диск түрүндө сата албайбыз. Мамлекеттик иш-чараларда ырчыларды бекер ырдатышат да, жаңылыктардан артисттерге 1 миллион сом бөлүнгөн деп айтып чыгышат. Бир нерсе десең концерттин тизмесинен чийип салышат. Бүгүнкү күндө мамлекеттен артисттерге эч кандай колдоо жок, биздин акча тапкан булагыбыз той. Өздөрүн эптеп келе жатканда мамлекеттин эл берген акчага салык салып, көз артканы бул акылга сыйбаган иш!
Ырчы, бийчи, тамада жана башка тойдо кызмат көрсөткөндөр башка кесип ээлериндей эле мамлекетке салык төлөшү керектигин айткандар бар.
Шоумен Бакыт Байсариев:
– Мен 5 жылдан бери айына 2500 сом төлөп патент алып иштейм. Албетте, той ээси "патентиңди көргөз" деп талап кылбайт, ошондуктан дайыма жаныма салып жүрбөйм. Текшерүүчүлөр той баштала электе же аягында келишсе туура болмок. Алар тойдун ортосунда келишти. Айып салышкан жок, бирок акт түзүп кетишкен,- дейт.
Тамада Каниет Жыргалбеков:
– Патент сурагычтар, бизге тамада болушту силер үйрөттүңөрбү же тойду силер таап берип жатасыңарбы?! Жумуш менен камсыз кыла албайсыңар, өзү оокат кылып жаткан адамдан патент сурайсыңар. Мен бир сом төлөбөйм!- деген оюн билдирди.
Ырчы Урмат Усенов мамлекетке салык төлөөдөн качпаймын деп, ошентсе да бул мыйзамга нааразычылык билдирди:
– Кыргызстанда аткаруучу, автордун укугу тепсендиде жатат. Аудио, видео продукцияны лицензиялуу түрдө сатканга мүмкүнчүлүк жок. Башка өлкөлөрдө бул механизм ырчылардын негизги каражат булагы. Мисалы, аткаруучу орточо 500 миң нускалуу ыр жыйнагын 50 сомдон сата алганда эле жылдык кирешеси
25 миллион сомду түзмөк. Ырчынын эси-дарты той болбой, өсүү, изденүү болмок. Бир мыйзамды, токтомду кабыл алардан мурун анын реалдуу иштөө механизмин кошо сунушташса,- дейт ырчы.
Диктор Бактыбек Мамытов:
– Ырчылар, тамадалар уюштурулуп, бардыгы даяр болгон тойго барып кызматын көрсөтүп жатышпайбы. Мисалы, таксисттердей же ысык-суукка карабай кардар күтүп отурган сатуучулардай убара болушпайт. Салык төлөөнү туура кабыл алышыбыз керек,- деди.
Журналист Тынчтык Кожобеков:
– Бир нерсе ойлоп таап иштей баштаганың – бул чыгармачылык. Аны элге сунуштай баштаганың – ишкерлик. Ишкерлик кылган күндөн тарта салык төлөшүбүз керек. Тамада, ырчылар деле ошол сыяктуу патент алып иштеш керек. Мыйзам бардыгына бирдей.
Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков:
– Той иш-чараларына кызмат көрсөткөндөр үчүн патенттин баасы аймактарга жараша. Мисалы, бишкектиктер үчүн 2500 сом, Ошто 2000 сом, Токмокто 1500 сом, калган региондордо 500 сомдон жогору. Ырчыларды "патент алгыла" деп канча чакырып жүрөбүз келишпейт. Буга чейин аларга эскертүү берилип келген. Жыйынтык чыкпагандыктан рейд жүргүзө баштасак нааразычылык болуп жатат. Эгер алардын иши сезонго жараша болсо салык органына кайрылып, мөөнөтүн токтотуу мүмкүн. Патент алышпаса же патенттин мөөнөтү узартылбаса, аларга айып салынат. Ал адам кызмат көрсөтүп жатып 2-жолу эскертүү алса, айыптын көлөмү эки эсе, 3-жолу эскертүү алса 3 эсе чоңоюп кете берет. Эгер өз ыктыяры менен төлөбөсө, анда иш сотко өтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Атаңдын көрүү. Атамбаевдин күйөрманы окшойсуң. Мен тамаша катары гана жазгам үйрөтпөй эле кой мага
Же АША кеткиче бир аз тыйын топтоп берип узаталы дешкенго.
силер деле ырчы болуп алгыла эчким каргылык корсотпойт
bazarda suukta oturgandar da toloshot.
yrchylar kop bolso 30 min ubakyty ketet. 3 min yry bar...