№779 6-12-октябрь, 2017-ж.
Азыр чыгармачылыгына олуттуу караган ырчылар, сапатка басым жасагандар саналуу гана клипмейкерлердин кызматын пайдаланышат. Кооз клиптерди көрүп отуруп канча акча короду экен деп кызыкпай койбойсуң. Бул ирет кыргыз шоу-бизнесиндеги клиптердин эң кымбатын аныктаганга аракет кылдык.
Александр Белов: «БИЗДЕ КЫМБАТ КЛИП ТАРТКАНГА ШАРТ ЖОК»
Александр Беловдун кызматы клипмейкерлер арасында баа боюнча жогорку сапта. "Юлиянын клиби кымбат тартылды" дегенинен "5000 доллар кеттиби?" десек, "ошонун тегереги, көп болбосо эле..." деп учкай айтып кетти. Темир Назаров, Юлия Руцкая, Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Бураш сыяктуу жылдыздар акчанын көзүнө карабай Беловдун кызматына кайрылып турушат.
Арсен Мендебаев: «5 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫМБАТ КЛИП ТАРТЫЛА ЭЛЕК»
«CinemArt продакшн» студиясынын жетекчиси Арсен Мендебаев команда менен иштейт. Ошого байланыштуу кызмат акысы кымбатыраак. Жакында эле ырчы Назмини жаңы стилде көрдүңүздөр да, ал да Арсен Мендебаевдин командасынын эмгеги. Бул студиянын кызматын Самара Каримова, Съездбек Искеналиев, Гүлзада Рыскулова, Замир Арыкбаев, Жийдеш жана башкалар пайдаланышат.
– Бизде акыркы 5 жылда өтө деле кымбат клип тартылган жок. Жалаң стандарт баадагы клиптер чыгып жатат. Анткени шоу-бизнесте ырчылардын көтөрө турган өзүнүн белгилүү бир деңгээли бар. Биз 1500 доллардан өйдө тартабыз. Кээ бирлери «байке» деп отуруп 1000ге деле түшүп калат. Ар бир клиптин стилистика, образын кантип бериш керек, боёнгонуна чейин баарын өзүбүз иштеп чыгабыз.
Эрнист Сыдыков: «ЫРЧЫЛАР КЫМБАТ КЛИП БОЛДУ ДЕП КАЛП АЙТЫШАТ»
Көбүнесе жаш ырчылар клипмейкер Эрнист Сыдыков менен иштешүүнү каалашат. Ал үчүн бир ай мурун кезекке туруш керек. Чыгармачылыктагы достору Нурлан Насип, Нурмат Садыров, Данияр Эрматов анын дайымкы кардары. Андан сырткары Анжелика, Мирбек Атабеков, Арсен, Асел Кадырбекова, Асел Касымова, Темир Назаров, Ильяз, Нияз Абдыразаковдор анын кызматын пайдаланышат.
Сапатка көбүрөөк маани берген Мирлан Саткымбаев 5 жылдын ичинде 50гө жакын клип тарткан. Арсен, Мирбек Атабеков, Абир Касенов, Гүлзада Рыскулова, Сайкал Садыбакасова, Чолпонай, Омардын ырларына көрк кошуп келет. Ишмердүүлүгүндөгү эң кымбат клип – бул казактардын «Moonlight» тобуна тарткан эмгеги болгон. Ал клип үчүн кызмат акысына 3000 доллар алган. Ал эми кыргыз ырчыларына кандай «скидка» кылат, төмөндөн окуңуз.
– Мен орто эсеп менен 700-1000 долларга тартам, көп дегенде 1500 долларга барат. Командабызда төрт киши иштейт. Ырчылар менен ар кандай шартта иштешебиз. Менеджери барлар өздөрү даярдашат, биз тартып беребиз. Жалгыз иштегендерге болсо баарын өзүбүз уюштурабыз. Бегиш, Баястан, Нурсултан Азыкбаевге продюсер катары клип тартып берем. Акыркы тарткан клиптерден кымбаты – бул Мирбек Атабековдун «Жолуктуң неге?» клиби болду окшойт. Анда аппаратуралар бартердик негизде алынган, ошолорду кошкондо 2500-3000 долларга барып калат.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Баардыгына барып тартса болот экен клип
Ал акчага норм кино тартса болот