Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАКАРОНДОР ПАРАДЫ: ТҮРЛӨП ТАМАК ЖАСАҢЫЗ

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Узун, кыска, жалпак, түтүкчө, спираль, үлүл, бантик, кесме түрүндө... Бул макарон азыктарына таандык мүнөздөмө. Бүгүнкү күндө ашканабыздан анын жок дегенде эки түрүн таба алабыз. Келиңиз, макарон азыктарынан түрлөп тамак жасайлы.

ПОМИДОР ШИРЕСИНДЕГИ ПЕННЕ

30 мүнөт 2 порция

Керектелүүчү азыктар:

  • Пенне – 250 грамм
  • Помидор – 3-4 даана
  • Райкан – 1 тал
  • Сарымсак – 1 тишче
  • Зайтун майы – 2 аш кашык
  • Майдаланган грек жаңгагы – 1 чай кашык
  • Татымына жараша туз, мурч, кумшекер

Даярдоо ыкмасы:

  1. Помидордун үстү жагын акырын бычак менен ачакей түрүндө тилип, кайнак сууну жаба куябыз. Бул ыкма менен кабыгын сыйрып, сабагы өскөн жерин кесебиз.
  2. Помидорду, аарчылган сарымсакты жана райкандын 3-4 жалбырагын блендерге салып томат ширесин даярдайбыз.
  3. Табадагы зайтун майы ысыган кезде томат ширесин куюп, майдаланган жаңгакты, татымына жараша туз, кумшекер, мурч салып боткодой коюуланганча жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз.
  4. Соус даяр болгончо макаронду 2-3 литр туздуу сууга кайнатып бышырып сүзүп алып, суусун сарыктырабыз.
  5. Бышкан макаронго томат ширесин, зайтун ашын кошуп аралаштырып койсок тамагыбыз даяр болот. Дасторконго коёрдо тамактын үстүнө сырдан себелеп, райкан жалбырагы менен кооздойбуз.


    ПАППАРДЕЛЛЕ КОЗУ КАРЫН МЕНЕН

    40 мүнөт 3 порция

Керектелүүчү азыктар:

  • Паппарделле макарону – 270 грамм
  • Козу карын (каалаган түрү) – 400 грамм
  • Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
  • Каймак май – 110 грамм
  • Пармезан сыры –100 грамм
  • Сарымсак – 4 тишче
  • Укроп – 2 тал
  • Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Козу карынды тазалап, жууп, кагаз майлык менен аарчып суусун сарыктырып алабыз да, жука кылып кесебиз.
  2. Сарымсакты аарчып майда туурайбыз.
  3. Сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
  4. Табага майдан куюп сарымсакты кызарта кууруйбуз да, каймак майды салабыз.
  5. Каймак май эриген кезде тууралган козу карынды салып, татымына жараша туз, мурч кошуп жай отто 10 мүнөттөй кайнатабыз.
  6. Мискейге 2 литр сууну куюп, татымына жараша туз салып, макаронду бышырабыз да, сүзүп алабыз.
  7. Макарондун суусу сарыкканда аны куурулган козу карындын үстүнө салып, сырды, майда тууралган укропту кошуп аралаштырабыз. Тамагыбыз даяр!



«КУШ УЯСЫ»

40 мүнөт 4 порция

Керектелүүчү азыктар:

  • Капеллини макарону – 8 даана
  • Фарш – 400 грамм
  • Пияз – 1 баш
  • Сыр – 150 грамм
  • Жумуртка – 1 даана
  • Томат пастасы – 1 аш кашык
  • Каймак – 1 аш кашык
  • Кумшекер – 1 аш кашык
  • Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
  • Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Аарчылган пияз, сырды майда тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
  2. Фаршка сүргүчтөн өткөрүлгөн пияздын жана сырдын жарымын, чийки жумуртка, татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз.
  3. Макаронду туздуу сууга 3-5 мүнөт кайнатып, формасын бузбай чыгарып алабыз да, электр мешинин табасынын ичин майлап, ага тизебиз.
  4. Эми макарондун ортосун акырын ачып, эт туурамжысы менен толтурабыз.
  5. Пиязды майга кууруп, 300 миллилитр сууну куябыз. Суу кайнап чыкканда каймакты, кумшекерди, татымына жараша тузду салып, жай отто 5-7 мүнөт кайнатып соус даярдайбыз.
  6. Табага тизилген макарондун үстүнө ысык соусту куюп, сырдан текши себелеп, 180 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөткө салабыз. Бышкан тамактын үстүн буурчак менен кооздойбуз.


Италиялык ашпоздордун сыры:
Макарон азыктарын бышыруучу суу туздуу жана көлөмү көп болушу шарт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(5)
10.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даярдоо ыкмасын суроту мн коргозгулочу
10.10.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул элеби азго. Бир жумадан кутуп аткам
12.10.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ozubuz dele idea jaratsak da bolot. Oiubuzga emne kelip, alardyn daamy aralashyp kalboosuna ishensek jasap korsok bolot. Bara bara konumush adatka ailanat
12.10.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эч кимиси жакпады андан коро кууруп туруп плов жасасан баарынан соонун болот.
12.10.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пенне деген эмне? Тушунбодум?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо