БИР БҮРКҮМ. ЗИЛАЛИЕВГЕ КАТУУ СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАНДЫ...

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

  • Президенттик ШАЙЛООДО 3 миллион 25 миң 768 жаран добуш берет. Аталган маалыматты БШКдан таратышты.
  • Премьер-министр САПАР ИСАКОВ 1-октябрда кыздуу болду. Бул өкмөт башчынын төртүнчү кызы.
  • 15-октябрда өтчү ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 12 миң 625 ыктыярдуу кошуун иштейт. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
  • Орусиялык кардиохирург АЛЕКСЕЙ КОРОТЕЕВ премьер-министр Сапар Исаковдун коомдук иштер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Маалыматты өкмөттөн билдиришти.
  • Бишкек шаардык кеңешинин ДЕПУТАТТАРЫ борборду 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын жактырышты.
  • Премьер-министр Сапар Исаков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үгүт жүргүзгөнү үчүн вице-премьер-министр ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВГЕ катуу сөгүш жарыялады.
  • Октябрь айына карата өлкөдө ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНЫН 1 метр кубу 14,39 сом деп бааланды. Сентябрь айында да баа ушундай болгон. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» мекемесинен таратышты.
  • Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүгө жөнөтүлгөн АН-28 УЧАГЫ КУЛАП, 5 адам каза болду. Алардын экөөсү кыргыз жараны болгон.
  • 2012-2016-жылдар аралыгында Кытай, Улуу Британия, Орусия, Түркия, Канада жана Казакстан Кыргыз өлкөсүнө түз ИНВЕСТИЦИЯ салып, негизги өнөктөш болгон. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
  • Кыргыз мамлекетинин жарандарынын 30 пайызы 70 жашка жетпей оорудан КӨЗ ЖУМАТ. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришти.
  • 1-октябрда жабылган КЫРГЫЗ-КЫТАЙ чек арасындагы «Торугарт», «Эркеч-Там» көзөмөл пункттары 8-октябрда кайрадан иштей баштайт.
  • Жогорку Кеңештин «Республика–Ата-Журт» фракциясынан депутат Нургазы Нишанов «Кыргызжылуулук-энерго» ишканасынын башкы директору болуп дайындалганына байланыштуу мандатын тапшырды. Анын ордуна парламентке мурдагы ички иштер министри ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ депутат болуп келди.
  • КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы такталбаган тилкелер боюнча келишимди эки өлкө парламенттери ратификациялап, өлкө башчылар кол койду.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо