№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

– Үйүм Ош шаарындагы Жапалак айылында. Мен ушул үйдө туулуп-өскөм. Учурда ата-энем менен турам. Чоң тамыбызды оңдоп-түзөп жаткандыктан, чакан там салып алганбыз. Чарбагыбыз 20 сотых. Мөмө-жемишти сатып албайбыз, алма багыбыз бар. Андан сырткары помидор, бадыраң сыяктуу жашылчаларды айдайбыз.
КИРЕ БЕРИШ
– Сырткы жумуштардан көрө үй ичиндеги иштерди кылганды жакшы көрөм. Тазалыкты жактыргандыктан бош убактымды үй тазалаганга кетирем. Негизи шашпай кыймылдайм, бирок майын чыгара жасайм.
ЭС АЛУУЧУ БӨЛМӨ
– Бул биздин үй-бүлөнүн эс алуучу бөлмөсү. Чакан конокту ушул бөлмөдөн узатабыз. Гүлдөр апамдын колунан жакшы өсөт. Мен эргүү издегенде ушул бөлмөгө келем. Отуруп алып компьютерден репертуар тандоо үчүн ыр угам, ыр жаттайм.
КОНОК БӨЛМӨ
– Досторум, туугандарыбыз келгенде ушул бөлмөдөн узашат. Конок бөлмөнүн жасалгаланышына салымым чоң. Интернеттен карап ушул стилди тандап, үйдөгүлөргө сунуштагам. "Канча бут кирсе, ошончо кут кирет" дегендей, мен дагы конок тосконду жакшы көрөм. 
УКТООЧУ БӨЛМӨ
–Менин бөлмөмдө көчөгө жана сахнага кийилчү кийимдер турат. Сезонго жараша кийимдеримди алып чыгып коём. Диплом, мактоо баракчаларым да ушул бөлмөдө. Апам «үйдө сенин буюмдарың көп, батпай калды. Күйөөгө тийсең үйүбүз бош калат го» деп күлүп калат.
АШКАНА
– Менден улуу эжем болгондуктан тамак жасаганды кеч, 10-классымда үйрөнгөм. Палоону өтө даамдуу жасайм деп мактанып кетейин. Азыр оңой болуп калбадыбы, бардык тамактын рецебин интернеттен таап аласың. Ар кандай тамак жасап эксперимент кылганды жактырам. Бирок, чынын айтайын, акыркы учурда ашканада көп болбой калдым. Чыгармачылыкка тыкыр аралашканы күндүз кечке көчөдө иштерим менен жүрөм, кечинде тойлордо болом.

Сүйүн Кулматова
Өмүрбек Дүйшөбаев
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |