Арман, ырчы: "ТОЙ-БИЗНЕС МЕН ҮЧҮН ЭМЕС, ТОЙЛОРГО БАРЫП ЫРДАБАЙМ"

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Мындан 6 жыл мурун шоу-бизнесте кызыктуу бир жигит пайда болуп, аны кыргыздын Энрике Иглесиасы деп атап жибергендер болгон. Анын «Sexy-sexy...» деген ырын радиодон угуп кыздар бир ооруса, өзүн көргөндө ого бетер ашык болушкан. Бирок Арман чыгармачылыгын андан ары улап кеткен жок. «Өзүмдү бизнес жаатында сынап жүрөм. Ырчылык болсо менин хоббим» деген Арман менен анын ишканасында жолуктук.

– Арман, кандайсың? Чыгармачылыктан ишкердикке өтүшүңө эмне себеп болду?
– Мен көп жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенсемби деп ойлоп жүргөм. Байкемдин ишин улантып досум экөөбүз жакында барбершоп (жаңы стилдеги чачтарачкана) ачтык. Мен адамдардын өзүнө кам көрүп, тыкан болуп жүргөнүн жактырам. Ошондуктан ушундай тейлөө кызматын тандадым. Азырынча өзүм чач кыркып, жасалгалаганды билбейм, бирок келечекте өздөштүрүп алууну пландап жүрөм.

– Арман – псевдоним экенин билебиз. Бактиярды Арманга айланткан чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың?
– Ооба, өзүмдүн атым Бактияр. Мени апам, туугандар эле Бактияр дешет. Ал эми чыгармачылыктан тапкан досторум Арман деп көнүшкөн.
Биз Бегиш экөөбүз бир райондун балдарыбыз. Менин чыгармачылыкка жакын экенимди бардык эле балдар билчү. 16 жашымда сүйлөшкөн кызыма арнап жазган ырымды угуп, жактырышкан. Бир күнү Бегиш келип «чогуу студия ачпайлыбы» деп сунуштап калды. Макулдашып, экөөбүз чыгармачылыкка алгачкы кадамдарыбызды баштаганбыз.

– «Sexy-sexy...» деген ырың популярдуу болот деп күткөн белең?
– Жок, кайдан, балдар «ушул ырың жакшы чыкты, ротацияга берип көрбөйсүңбү» дешкенинен анан радиого бергем. Бир айдан кийин эле радиодон жаңырып, бат эле хит болуп чыга келди. Албетте, күткөн эмесмин. Абдан жагымдуу болгон.

– Адам алдына максат койсо, аракет кылса ийгиликке жетишет эмеспи. Сен кандай максаттар менен жашайсың?
– Менин учурда максатым ушул ишимдин өтөсүнө чыгып, дагы көп жерлерге чачтарачканаларды түйүн кылып ачсам дейм. Ишкерликти жөнгө салып алгандан кийин, балким, кайра чыгармачылыкка келермин. Бирок тойлорго барып ырдап, шоу-бизнеске аралашпайм. Той-бизнес меники эмес. Анан да биздин «Заманбап» лейблин өнүктүрүүгө салымымды кошкум келет. Учурда Баястан, Бегиш, Касперлерге менеджерлик да кылам.

– Жылдыздар көз тиет деп жеке жашоосун сыр тутканга аракет кылышат. Сүйлөшкөн кызың менен сүрөттөрүңөрдү социалдык тармактарга жүктөгөндө сенде андай чочулоо болбойбу?
– Мен көз тиет деген түшүнүктөргө көп ишене бербейм. Бири-бирибизди жакшы көрсөк, сүйсөк, эмнеге кубанычыбыз менен бөлүшкөнгө болбосун? Экөөбүз бир жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Кудай буюрса, кийинки жылы баш кошобуз деген тилектерибиз бар. Эгер экөөбүз түшүнүшүп жашасак, эч нерсе тоскоол болбойт.

– Социалдык тармактарга көз карашың кандай? Канчалык көз карандысың?
– Көз карандылык бир аз бар. Азыр баарында эле ошондой болуп калбадыбы. Эртең менен көзүмдү ачарым менен интернетке кирем. Маалыматтардан артта калгым келбейт.

– Сүрөттөрүңдү эмне максатта киргизесиң?
– Заманбап жашоону чыгаргым келет. Байкасаңыздар, мен элдей болуп көп киргизе бербейм. Жакшы күндөрүмдөн эстелик болсун деп сүрөт жүктөп коём. Алыс жактагы досторум көрөт. Ошолор үчүн киргизем.

– Интернет барган сайын адамзаттын жашоосунун көп бөлүгүн ээлеп баратканы сени кооптондурбайбы?
– Эгер пайдалуу иш менен алектенсе, анда жакшы. Мындан үч жыл мурун Москвада иштеп жүргөнүмдө жаш болобу, карысыбы метролордо электрондук китептерди окуп жатышканын көрчүмүн. А бизде китеп окуу деген жоголуп баратканы өкүндүрөт.

– «Эркек көз жашын көрсөтпөшү керек» деген түшүнүк бар. Кыйынчылыктарды кантип жеңесиң?
– Мен мына 29га чыгып калдым. Мурункуга салыштырмалуу күчтүүмүн, өзүмдү колго алып, эмоцияларды башкарганды үйрөндүм. Эгер маселе жаралса, ыйлап же сынып калбай, дароо чечкенге аракет кылам. Мурун, балким, ыйлап калмакмын. Ушул кезге чейин көргөн-билгендерим мени акыл калчап иш кылганга үйрөттү, чыйралтты.

– Эмнеге учурда мурункудай хит ырлар жаралбай калды?
– Бул биздин менталитетке да байланыштуу. Жакшы, сапаттуу ырлар жаралса да элдин табити башка болуп жатат окшойт. Биздин эл тойго ылайыкташкан, чыгыш стилиндеги ырларга ыктап бараткандай. Мүмкүн, ошол себептен жакшы ырлар чыкпай жаткандыр.

– Маегиңе рахмат. Сенден дагы хит ырларды күтөбүз.

"Sexy-sexy..." ырым мага күтүлбөгөн ийгилик алып келди".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
10.10.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Барам десенда сени тойго эчким чакырбаса керек. Элестет тойдо жаш кары отурат, сен sexy sexy деп ырдап атсан...
10.10.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelemdedin, ошону айтсан. Элдин табитин биринчи орунга коюш керек да. Эл чыгыш табитиндеги ырларга ыктаса ошондой ырдасын.
10.10.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelemdedin,)))))
11.10.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kelemdedin,ха ха туууура
10.10.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тааныбайт экенмин чындыгында
10.10.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура айтты. Азыр бизге ака десен мак дейт тикооо тикооо, кой укам кой укам деген ырлар поп ко поп. Мындай нормальный зынк ырларды угат бекенбиз ээ арман го арман.
10.10.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой не болуп баратасынар? Армандын уну анча мынчага караганда тузугурок
10.10.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сени чакырса барасынбы ?
10.10.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эртен озунун тоюна ырчыларды чакырат бекен кызык. Же баары sexy ге бийлешет бекен? Батышты мин туураган мн сен баарибир кыргызсын. А кыргызда эмне коп той коп.
11.10.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштерине ийгилик, озуно ден соолук бакыт Бахтияр )
11.10.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силер дагы ушул Армандай болуп ийгилике жетсенер жер карап баспай өйдөнү карап калсаңар керек. Ар бир адамдын өзунүн орду бар.
12.10.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sen ekobuzdu kim chykyrmak ele.
17.10.2017. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырдайт негизи.мен 2 ырын азыр деле угам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо