№779 6-12-октябрь, 2017-ж.
Кыргызда салт, жөрөлгөлөр бар эмеспи. Аны ушул убакка чейин колдонуп келебиз. Бирок жөрөлгөлөрдүн чыныгы маанисин билбегендер арбын. Ырым, жөрөлгө боюнча бул жолу бизге Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу Бурулсун Бабашова жооп берет.
ӨПКӨ ЧАБУУ
– Өпкө жамандыкты сиңирип алат деген ишеним менен өпкө чабуу жөрөлгөсү пайда болгон. Өпкө чабуу ырымы 2 шартта ишке ашат. Биринчи учур, жаңы келин келгенде ага арналып эчки союлат. Үйлөнүп жаткан эки жашты бири-бирине желкесин тийгизип отургузуп, чапан жаап туруп үйдүн аксакалдарынын бири жаңы союлган эчкинин өпкөсүн алып жаштарды урат. Андан соң өпкө итке берилет. Өпкө чабуу садага катары саналып, жубайларды кырсыктан сактоо, көп балалуу болушун камсыздоо максатында жасалат.
Экинчи учуру, садага чабуу ырымы деп аталат. Узак сапардан кайткан, кырсыктап же бейтап болуп келген адамга улак союлуп садага чабылат. Ал өпкөнү садага чабыла турган кишинин башынан үч жолу айлантат, денесинин ар кайсы мүчөсүнө тийгизип «балакет-салекеттин, оору кырсыктын баары ушуну менен чыгып кетсин» деп өпкөнү алыс жакка ыргытып жиберет. Аны ит-куш жеп кетет. Илешип келген жин, шайтан, оору-сыркоо, кырсык ошо садага чабылган малдын өпкөсү менен кетти деген ишеним менен жасалат. Айткандай эле адам жеңилдей түшкөнү байкалат.
СУУНУ БАШТАН ТЕГЕРЕТҮҮ 
– Кыргызда башты улук коёт. Баш кийимди тебелебейт, ыргытпайт жана белекке бербейт. «Баш кетсе, баары кетет» деген кеп бар. Кыргызда суу ыйык. «Суунун башатын булгаба, сууга заара ушатпа, түкүрбө, агын сууга кир чайкаба, жугунду төкпө» деп айтышат. Алыста жүргөн адам, көп адамдар менен жолугуп, сүйлөшүп, мамиле курат. Ошондон улам ал үйүнө келгенде илешкен жаман нерселерди кошо ала кирбесин деген ниетте кесеге суу куюп башынан айлантат. Бул адамдын аурасын тазалоо үчүн колдонулат. «Суук көз, суук сөздөн сактасын, жабышкан жаман нерселердин баарын суу тазаласын» деп айтып туруп бул сөздү сиңирип алган сууну адам баспаган жерге төгүп салышат. Чыныны босогонун оң жагына көмкөрүп туруп 3 күн албай коюшат. Себеби адамдан сууга сиңген терс энергиясы үч күндө күндүн нуру менен, ай-жылдыздын нуру менен тазаланып жок болот деген ишеним бар. Айрымдар сууну тегеретип бүткөндө үч жолу түкүрүп туруп төгүшөт. Бул ичтеги балээнин баары кошо чыксын деген ырым. Суу жакшы да, жаман да маалыматты өзүнө сиңирип алгандыктан бул ниет кабыл болот деген ишеним бар.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
айырмасы деле жокко дейм