Бегимай Карыбекова, модель: «МЕНИН ДЕМӨӨРЧҮМ БАР. АЛ – ҮЙ-БҮЛӨМ»

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Бегимай Карыбекова өзгөчө жүзү менен бир нече өлкөнүн подиумун багындырып келаткан модель. SUPER.KG порталынын түз эфирине атайын Алматыдан келген Бегимай күйөрмандары берген суроолорго тамаша-чыны аралаш жооп берип, көпчүлүктүн мактоосуна арзыды.

– Моделдердин туруктуу жумушу жок болгону менен, кымбат унааларды айдап, чет өлкөлөрдө эс аласыңар. Мындан улам моделдерде демөөрчүлөр болсо керек деген ойдо каласың. Чын эле ушундайбы?
– Менин демөөрчүлөрүм бар. Ал менин үй-бүлөм, бир туугандарым. Кыргызстанда калып калбай, чет өлкөдө иштесең жакшы эле акча табасың. Чет өлкөгө эс алуу үчүн жана жумуштарым менен чыгам. Бир тууган эжем Европада жашагандыктан сагынып чакырып турат. Моделдик агенттиктер модель издеп кастингге чакырышат. Алардын фотосессияларына катышабыз, ар кандай майрамдарга конок катары чакыруулар түшүп турат.

– "Чет өлкөлүк бай кишилер модель кыздардын эс алуусун каржылап берет. Алар болсо ошол кишилерге «кызмат» көрсөтүшөт" деп уктум эле. Ошондой жол менен Дубай, Хайнанды көрүп келген бир кызды жакшы тааныйм. Бул чөйрөдө жүргөн сенде маалымат көп болсо керек?
– Илгертеден сулуу айымдарга улуусу да, кичүүсү да көз артып келишкен. Мисалы, тарыхта калган Ак Мөөр менен Жантай чал, Раймаалы менен Бегимайды жакшы тааныйбыз. Ошондуктан бул кептерге таң калбайм деле. Ар кимдин жашоосуна кийлигишким келбейт. Силерге да ошондой кеңеш бергим келет.

– «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына мамлекеттин желегин желбиретип, кыргыз кыздарынын сулуулугун даңазалаганы бара жатасың. Сага өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлдүбү?
– Мамлекет өзү жардамга муктаж болуп турганда жардам сурабай эле коёюн дедим. Бутуң басып, тилиң сүйлөп, иштегенге ден соолугуң болгондон кийин колдон келсе өзүң жардам беришиң керек.

– Кыргызда сендей ажарлуу кыздын бар экенине ичимден кубанып алам. Дүйнөлүк сынакта өзүңдү, өлкөнү татыктуу көрсөтүп кел. Жок дегенде алдыңкы ондукка кирсең сүйүнөт элек.
– Рахмат, бештикке киргенге болгон аракетимди жумшайм. Бирок бул менин гана эмес, өлкөбүздүн экономикасынан да көз каранды. Себеби саясатташкан сынак деп айтсак да болот. Анткени сынакта көбүнчөсү бай мамлекеттин кыздары жеңүүчү аталат.

– Эмнеге кыска кийинип, киндигиңди көрсөтүп сүрөткө түшө бересиң?
– Сиз 4-5 жыл мурунку сүрөттөрдү көрүп калсаңыз керек. Чоңойгондо кыска кийбей калат экенсиң. Мага ден соолук керек, ошондуктан көчөдө кыска кийинип жүрбөйм. Моделдик жумушка шылтап эч качан жылаңач чыккан эмесмин. Киндикти ачкандан да оозун ачкан жаман (күлүп).

– Сени сыртыңдан жакшы көрүп, суктанып жүргөн жигитмин. Бирок сулуулар капчыгы калың жигиттерди тандашат. Сен жөнөкөй жигитке турмушка чыгат белең?
– Сулуулар эмес, сулууларды капчыгы калыңдар тандайт деп ойлойм. Өзүм деле жөнөкөй кызмын. Сезимдер болсо жөнөкөй жигитке турмушка чыгууга макулмун. Мага жигиттердин капчыгынан да билими маанилүү.

– Өспүрүм курагыңда эле Ак-Талаадан Бишкекке келип өзүнчө жашап баштаптырсың. Ал убакта ким колдоо көрсөттү?
– Балалыгым Нарындын Ак-Талаа районунда өткөн. Ата-энем Бишкекте жашашчу. Төрөлгөндөн баштап чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. Чоң атамдын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Бишкекке көчүп келгенбиз (Бегимай чоң атасы тууралуу айтып жашып алды). Бишкекке чоң апам, эжем болуп чогуу көчүп келгенбиз. Андан бери ушул жашка чейин ата-энем менен чогуу жашайм. Ошол убакта ата-энем колдоо көрсөткөн. Чоң атамды аябай сагынам, эстеген сайын ыйлай берем. Анткени ал дайыма «ушул кызымдан көрүнүктүү адам чыгат» деп үмүт кылчу. Анын үмүтүн актаганга болгон күчүмдү жумшап келем.

– Модель Таттыбүбү Самидин кызы менен мамилең жакшы болсо керек. Анын сөгүнгөн видеосун көрүп оозум ачылган. Сен дагы сөгүнөсүңбү?
– Таттыбүбү менен 6 жылдан бери таанышпыз. Жашоодо ар бир адамда өйдө-төмөн болот. Эмоцияга алдырып койду окшойт. Таттыбүбү созолонгон кыз болгондуктан «сөгүнгөндү билет экен» деп таң калгам. Өзүм сөгүнүп сүйлөбөйм, кээде «жаргон» сөздөр колдонулуп кетет.

– Сизди сулуулук сынагында таажыны сатып алды дешет. Ушул чынбы?
– Сатып алган адам эч качан сатып алдым деп айтпайт. Албетте, бул тамаша. Жеңүүчү болгонума тажрыйбам жардам берди.

– «Кыргыздар качан эле төшөктө жатып өлчү эле?» дегендей, кыргыздар качан эле жылаңач модель болчу эле?
– Кыргыздар эч качан төшөктө жатып өлгөн эмес жана WhatsApp`ка кирип ар кандай сөздөрдү жазып ич күйдүлүк кылган эмес. Эгер менин күнүмдүк кийимимди жылаңач деп эсептешсе, анда элдин баары эле жылаңач жүрөт.


Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Сулууларды капчыгы калыӊдар тандашат" дейт модель Бегимай Карыбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(25)
Медиа-портал
03.10.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сулуу экенсин,бирок алып баруучу жигитке ар бир акчамы отчет берип турайынбы дегени тан калтырды!ишине ийгилик!!!
Медиа-портал
03.10.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Nur0101713,ооба жашоодо грубая а эфирде жасалма экени корунуп калды.
Медиа-портал
04.10.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул кыз мага негедир эч эле жакпайт. Улуу кыздардан болбой жаштыгын жаштыктай эле откорбойбу.
Медиа-портал
04.10.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик!
Медиа-портал
04.10.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Китайга жакшы барып кел.
Медиа-портал
05.10.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээч эле жакпайт
SUPER.KG видео
05.10.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уфф,кыргызча суйлогонун угуп отуруп кыйналып кеттимго)
SUPER.KG видео
05.10.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алып баруучу кыз оло сонун экен:)
SUPER.KG видео
05.10.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Коро албаганынарды койгулачы, мышык майга жетпей сасык дептир деген макалдай болуп атасынар да.
Медиа-портал
06.10.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ushu kee bir kizdardi suluu dep koyson ele asmanga kotorulup ketishet~timele molturogon bolso jan kalmak emes eken~
SUPER.KG видео
06.10.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
анча мынча звезда соройлорго караганда акыл эси, кыргыз тилинде суйлогону бир топ жогору экен. Сыйлап калдым.
Медиа-портал
07.10.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
19 жаштагы кыз ушундай эле интервью беретда.... жаш экен жаман соз айтпайлы....ийгилик каалайбыз
Медиа-портал
08.10.2017. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-09 10:00:59
Медиа-портал
09.10.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zahid, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
08.10.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу админ түз эфирге Айбек Карымовду,Султан Садыралиевди чакыргылачы,давно их не видно на публике
rahat.87 түзөттү 2017-10-08 18:51:06
10.10.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мисс 2017 кандай денгээлде отконун коруп эч эле ушул кызды мисс катары кабыл алгым келбейт
10.10.2017. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кайсы модел тааныбайм, таш ыргытсан моделге жана ырчыга тиет болуп калдыго!
Elitta түзөттү 2017-10-10 15:09:21
10.10.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага,аман-эсен барып кел
11.10.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бема бираз окуп билим алып Анан интервьга келмей болмок экен.
11.10.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сулуу кыз суйлогон созунон эле мектепди коридордон бутконун билинип калды ата эненин тарбиясын коруп эмгектенгенин эч эле билинбейт дагы деле билбейт экенсинго суймонкул аганы?
11.10.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сенден сулуурак экенмин сендей макияж жасасам оо анда дуйно сулуусу болмокмун!Мендей жонокой сулуу кыздар толтура ар бири уй-було кутуп бала жыттын жыттап отурат.Мына ушул озу чон бакыт байлык!Кыз баланын орду уй-булодо анан калгандары биз деле иштейбиз коом менен эле чогуубуз бирок ушинтип акылы томон анан озун корсоткон кыздарды тушунбойм да))))
11.10.2017. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааий 98-жылкыбы( мен улуу эле болсо керек деп ойлогом да бул кызды
SUPER.KG видео
12.10.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Супсулуу жана акылдуу кыз экенсиң. Азамат. Бар бол.
12.10.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сынакта мындан артык сулуу кыз жок еле.Татыктуу деп ойлойм.Ийгилик.Аябай жакшы маанилуу жооп бериптир,озу аран суйлосода.
14.10.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо