Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)


Жамилянын эң жек көргөн адамы Керем. Жек көрүүдөн да ашып кеткен, ыктыярында болсо өз колу менен өлтүрүп койгонго даяр болгон бир сезим анын ар бир кыймылынан көрүнүп турчу. Керемдин аялы Шерифе аны бир көргөндө байкады. Бирок ал түшүнө албаган нерсе Керемдин кызды көргөндө өңү өзгөрө түшкөнү. «Кызык, бул кызда Керемди кызыктырган эмне сыр бар?» деп көп ойлончу болду. Канчалык аңдыбасын, канчалык тиктебесин Жамилянын жек көрүүгө толгон көзү өзгөрбөдү. Атайы экөөнүн мамилесин байкайын деп уюштурган бул кечеге үй-бүлөгө жакшы санаалаш адамдарды да чакырган. Коноктор Жамиляга тигилип жатышты. "Келесоо Ахмеддин аялы кандай неме болду экен?" деген чоң кызыгуу бар эле. Баары Жамиляны таң калып карашат. Айрымдар ачык эле сөзгө тартып акыл-эсин байкап жатышты. Турган турушу менен башка дүйнө. Булардын аялдарындай болуп көп сүйлөбөйт, жасакерленбейт. Мактанбайт да, керкейбейт. Ыгы менен сүйлөп, ким эмне десе ошого жараша жооп берип жатты. Күбүр-шыбырлар...
– Кайдан келген? Мындай сулуу, жаш аял алат деп ким ойлоптур?
– Байкасаң, турушунда таң каларлык бир ак сөөктүк бар.
– Эсма ханым да оңой эмес, балдарын жөн жерден үйлөндүрө бербейт...
– Кыргыз дейби улуту?
– Байлыктын күчүн карачы, Ахмедге бул тиет деп ким ойлоптур?
Керем булардын баарын угуп жатты. Ого бетер кызганычы башына тээп чыкты. Деги эле элден мындай реакция болот деп күткөн эмес. «Ким муну минтип кийинтип, жасантып салды, баары ашыкча» деп күңкүлдөп алды. Тулку боюна көз чаптырса узун эле көйнөк кийип турат, бир аз гана жакасы ачык көйнөктөн моюну койкоюп, эне болууга даярданган көкүрөктөрү тирелип... Эркектин баары андан көзү өтүп жаткандай титиреп кетип жатты. Араң өзүн токтотту. Башка учур болгондо колдон жетелеп алып чыгып кетет эле, Шерифенин көзү да өзүндө экенин билет эмеспи, жакын да бара албады. Эч нерседен, дүйнөдөн кабары жок бир гана Ахмед. Жамилянын колун бекем кармап алып, ким эмне десе жалжайып күлүп турат. Ага аялыбы же үй кызматчысыбы баары бир эле. Жанында турса болду. Ойносо болду. Жамилянын колдорун кармап ойноп жатып Ахмед кокусунан катуу кайрып жиберди. Ооруп кеттиби же чочуп кеттиби, Жамиля кыйкырып жиберди. Баары колу ооругандан көзүнө жаш ирмеле түшкөн Жамиляны, арсалаңдап күлгөн Ахмедди тиктеп калышты. Үй-бүлөнүн трагедиясы ушул жерде эле. Эсма ханым да, Керем да абалды башкара албай калышты. Мындай учурда кой десе Ахмед каткырып же өзүн-өзү башка койгулап жиндилик кылып токтобой калат. Эге тез арада Ахмедди конок үйдөн алып чыгып, жакын турган Керем Жамиляга эки аттап жетип, аркы бөлмөгө киргизип кетти. Билегин караса кызарып калган экен. Аяп кетти. Кызарып турган жерин үйлөп соороткусу, башынан сылагысы келди. Жанына келип колун кармады эле, Жамиля колун жулуп алды.
– Эмне керек сага?!
– Сага оор... Билем, сага Ахмед менен жашоо тозок,- деди эмне дээрин билбей.
Жамиля үн катпады.
– Айтчы, мен сен үчүн эмне кыла алам? Абалыңды жеңилдете турган нерсе болсо айт.
– Менин шаар кыдыргым келет. Өзүм жалгыз. Кайра келе турган жолду жакшы билем. Эгерде абалымды жеңилдеткиң келсе...
– Кайсы жерге баргың келет?
– Бешик-Таш районуна. Ал жакта менин тааныш эжем иштейт. Сүйлөшүп келейин.
– Болуптур, айдоочу каалаган жериңе жеткирип коёт. Келериңде такси менен кел. Болобу?
Жамиля үн каткан жок. Эми жуманын аягына чейин күтүү...


ххх


Бир жуманын ичинде Алибек катуу сагынып кетти. Мурун кантип чыдадым экен деп өзүнө-өзү таң калып коёт. Жекшемби күнгө чейин убакыт жылбаганын айт. Анан жолугушту. Бирин-бири көрөрү менен аалам тегиз боло түштү.
– Курсагың токпу?- деди Алибек.
– Ток.
– Коё тур, экөөбүзгө дөнер, анан айран алып алалы, баягы жашыруун жерибизге барып...
– Макул.
Жамиля баарына макул. Ачка турганына деле, ток болгонуна деле. Алдында айран менен дөнер жеп отурган кыргыздын мигрант жигити кирсең чыккыс үйдү, эсепсиз байлыкты, башындагы балээнин баарын унуттуруп салды. Аны менен дүйнө кенен, жашоо деңиздей көк түстүү, күн мындан да жарыгыраак болчу.
– Али, сен мага сөз бере аласыңбы?
– Эмне деп?
– Жашооң башка менен болсо да мени унутпайм деп...
– Кандайча?
– Сен мага сөз берчи «Жамиля, мен канча жыл жашасам да, башка аял алып, башка менен бактылуу болсом да сени эч качан унутпайм» деп...


(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(19)
10.10.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куткон вторник да келди)
10.10.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коп-коптон эле чыгаргылачы эми кызыгып окуп баратсан бутуп калат
10.10.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аазгооо
10.10.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии эми кантет экен байкуш кыз!
10.10.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баштала элек жатып, бүтүп калды да.
10.10.2017. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне мынча аааз бир жума кутобуз анан окусак эле аааааз эми кызыгына келгенде бутуп калат
10.10.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Базар жок)))
10.10.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аз
10.10.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул элеби, кобурооктон жазгылачы
10.10.2017. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чала олгон жыланга окшоп калдым го
10.10.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына сага кайфына келгенде Соодасы буткон [moderated]ай болуп делдейииип отуруп калгандабы
10.10.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынчаа Ааз,ушуну кино кылып чыгарбайбы,кино жаратуучулар не кылып журот
10.10.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жамилянын чоон залда мойну узун аккуудай болуп жинди Ахмеди жетелеп турганын элестетип кино коруп аткандай кордум. Чын эле кино тартса болчудай экен... соонун чыгарма дагы бир жума блин ушул сериялды эле кутуп калдымгоооо
10.10.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интересно,Жамиляга элдин бааары ашык болгудай кандай жана кимге окшош кыз болду экен?!
11.10.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eliza.nurjanovna, Мага окшош :) )))
11.10.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутобуз уландысын коооп жазсаныздар)
11.10.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бир жерине эч тушунбой жатам. Жамилянын ичи билинип калган да. Жигити сурабадыго ичин. Эч нерсе болбогондой эле жолугуп журушот го
12.10.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bultuuuk,кээң көйнөк кийип алса керек да))
12.10.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyyyyk.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо