Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОЛ МЕНЕН СҮЙЛӨП, ЖҮРӨК МЕНЕН УГУУ. Өзгөчө балдарды тарбиялагандардын баяны

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Алар сырткы дүйнөнү көзү менен кабыл алып, жүрөгү менен угушат. Алар башка адамдарга караганда жашоонун айрым мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышпайт. Мындай кулагы укпаган балдарга дүйнөнү тааныштырып, жашоого үйрөткөн мугалим, тарбиячылардын кесип жолуна баш бактык. Каармандарыбыз дүлөй балдардын республикалык атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын мугалими Валентина Уркасымова жана тарбиячысы Чынара Мурадилова. Мектеп-интернатта учурда 300 бала билим алат. Башка мектептердегидей ызы-чуу жок, бул мектептин коридорлорунда тынчтык орун алган.

«ЖЫЛДАП БАЛДАРЫНА КЕЛБЕГЕН АТА-ЭНЕЛЕР БАР»

Валентина Уркасымова, олигофренопедагог, логопед:
– Бул мектепте мугалим болуп иштеп жатканыма 32 жыл болду. Балдарга болгон сүйүүм үчүн кесибимди жакшы көрөм. Ар кандай балдар окуйт. Атайын жардамчы класстар бар. Ал класстарда бир канча дефекттери менен, араң басып келгендер бар. Көрүп жүрөгүм ооруйт. Бул балдардын жан дүйнөлөрү таза, эч нерсени жашырганды билишпейт. Болуп жатканды, үй-бүлөсүндө ким кандай мамиле кыларын, баарын бизге айтып беришет. Ошондуктан жакшы тааныйбыз, абалдарын жакшы түшүнөбүз. Үйдө көпчүлүк ата-энелери тилдерин түшүнбөгөндүктөн жана бул жактан өздөрүнө окшош адамдар менен баарлашкандыктан мектеп өздөрүнүн дүйнөсүндөй болуп калат, мектепке качышат, каникулдарда да келип турушат.
Биз бардык көйгөйлөрүн угуп, жардам берип, багыт беребиз. Ошондуктанбы, мугалимди сыйлашат, ата-энелериндей жакын болушуп жакшы көрүшөт.
Көпчүлүгү өнөрлүү. Сабактан кийин ийримдерге барышат. Бий, теннис, шахмат, шашкиден жана башка тармактардан сынактарга катышып ийгилик жараткандар, чет жактарга барып келгендер бар. Менин классымдагы Артур Керимкулов мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында Азиянын шахмат чемпиондугунда 2-орунду алып келди. Аябай сүйүнүп, “менин жеңишим тууралуу баарына айт" дейт мага.
Ар кандай ата-энелер бар. Кээ бир ата-энелер келип сабакка катышып, балдарын сурап турушат. Жылдап келбей койгондор да бар. Куралдарды, кийимдерди алып бербей көңүл бурбагандар бар. Такыр каралашар адамы жок 2 бала окуйт. Бирөөнү милиция кызматкерлери алып келишкен. Бирөөсүнөн ата-энеси баш тартып койгон. Ата-энеси көңүл бурбай койсо балдар депрессияга кабылышат. Үйүнө жуманын аягында гана эмес, каникулдарда да алып кетпей койгондор кездешет. Андай окуучулар ыйлашат, сабакка да көңүл бурбай, айланасындагыларга орой мамиле жасай башташат. Бул учурда туугандарына, ата-энесине чалып айтабыз. “Жумуштамын, бошобой жатам” деп кыйын болгондор бар. Баарыбыз эле жумуштабыз да, балдарга көңүл буруш керек. Балдар мээримге, көңүл бурууга муктаж экени баарыбызга маалым. Андыктан убакыт табуу ата-эненин колунда. Окуучуларым башка адамдар келип көңүл бурушса да сүйүнүшөт. Сиз келгенден бери “аты ким экен?” деп сурап жатышат менден, “сүрөткө тартып жатат” деп да кубанып жатышат.
Мектепти бүтүп кеткенден кийин коомго аралашуу бир аз кыйын болгону менен, бат эле көнүп кетишет. Мектепте кыздарга кийим тигүү, эркек балдарга эмерек жасоо сыяктуу келечекте турмуш-тиричиликке керектүү, каражат табууга жардам берчү өнөрлөр үйрөтүлөт. Мындай кызматкерлерге өлкөдө талап көп болгондуктан, жумушсуз калышпайт. Мындан сырткары кыздар сулуулук салондорунда иштешет. Жеке ишкерлик менен алектенгендери бар, унаа айдагандарды көрүп мен да таң калдым.
Бүтүрүүчүлөр дайыма майрамдарда келип бизди куттуктап турушат, эч унутушпайт. Мугалимдердин күнүндө да дайыма гүлдөрүн, белектерин көтөрүп келип кетишет. Бул бизди кубандырат. Үй-бүлө курууга келгенде, көбүнчө бири-бири менен баш кошушат. Айрым учурда алардын балдары да угуусу начар болуп, бизге келип окушат.

«БАЛДАР ЫЙЛАБАСА ЭКЕН ДЕЙМ»


Чынара Мурадилова, тарбиячы:
– 61 жаштамын. Бул мектепте иштегениме 10 жылдан ашты. Балдар жатып окушат. Сабактарынан кийин биз менен болушат. Биз жашоого үйрөтөбүз десек болот. Мектепке чейинки даярдоочу класска келгенде эч нерсени билбей келишет. Кийимин кийгенинен баштап өзүн алып жүрүүгө чейин үйрөтөбүз. Гүлгө суу куйганды, кийимдерин үтүктөгөндү, чачын тараганды, тазалыкты, тыкандыкты сактаганды, айтор, баарын көрсөтүп, өз алдынча жашоого даярдайбыз. Айрым ата-энелер жакшы, балдарына каралашып бизге жардам беришет. Айрымдар келбей коюшат, балдары сагынып ыйлашат. Аларга ата-энесиндей мээрим бергенге аракет кылабыз. Бул мектепке келгенче Нарында мектепте 35 жыл мугалим болуп иштегем. Кадимки мектептин окуучуларына караганда бул балдар аракетчил, баарын үйрөнгүлөрү келет. Ички дүйнөсүн да толук түшүндүрө алышпайт, бирок аракеттери жакшы.
Балдарына келбей койгон ата-энелерге таарынгым келет. Баланы караш, ата-энелик милдетти аткарыш керек. Туура, иштөө зарыл, үйүндөгү башка балдарын багышы кажет. Бирок башка балдары менен кулагы укпаган баласы окшош эле да, эне болгондон кийин баарына бирдей мээрим төгүшү керек деп эсептейм. Балдарына бир нерсе керек экенин айтсак, биз алып жаткандай жаман көргөндөр кездешет. Андайларга жалдырагым келбей көбүнчө майда-чүйдөнү өзүм алып берип коём. Каникулга таратып жатканда да кайра-кайра чакыртып жатып, айттырып жатып алып кеткендер бар. Жаның кейийт, жиниң келет. Биз балдарды караганга милдеттүүбүз. Бирок ата-эненин орду башка, өзүнүн үйүнүн орду башка. Майрамдарда алып кетип, өз колу менен тамак берип, бир нерсе алып берип койсо, балдар кубанып калышат. Бул балдар биздин жашообуздун бөлүгү болуп калды. Кубанса кубанып, ооруса кейийм. Кээде тентек балдарды урушам, анан "ал бала таарынган бойдон калды" деп үйгө барып алып кечке ойлоном. Балдар ыйлабаса экен дейм.

Мектепте кыздарга кийим тигүү, балдарга эмерек жасоо өнөрлөрү да үйрөтүлөт.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
10.10.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Окуп чыгып,ушундай туйшуктуу кесипти аркалап,мумкунчулугу чектелген балдардын келечекте коомдо оз ордун табышына жардам берген адамдарга чынында ыраазы болуп таазим кылгын келет экен...
Atlantida. түзөттү 2017-10-10 15:59:43
10.10.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сиздерге Алла ыраазы болсун,ишиниздерге ийгилик!!!
Эч бир бала ата эненин мээримине зар болуп ыйлабаса экен...ар биринерге Кудайым ден соолук, бакыт таалай,узун омур берсин
10.10.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишиниздерге ийгилик рахмат сиздерге дуйнодо балдар оорубаса экен
10.10.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Каяктагы балашка,балапан,жаш катындарга наамдарды бербей,мына ушундай азыркы замандын даана баатырларына бериш керек наам дегенди,эки дүйнөдөгү болгон жакшылыктарды каалайм силерге тарбиячылар.
10.10.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asanova1984aida, 100% кошулам
11.10.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым ыраазы болсун сиздерге,ушул балдарга Ата энесине Караганда сиздер чыдайсыздар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо