КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.


12 ЖАШТАГЫ КЫЗ МЕНЕН КОШО УНААНЫ АЙДАЙ КАЧКАН АДАМ КАРМАЛДЫ
Ош шаарында ичиндеги 12 жашар кыз менен кошо унааны уурдаганга шектелип 31 жаштагы С.З. аттуу жаран кармалды. Ош ШИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 4-октябрда И.Г. аттуу 46 жаштагы аял
Lexus RX 350 унаасын токтотуп, 12 жаштагы кызын унаага калтырып, торт алуу үчүн дүкөнгө кирген. Чыгып унаасын таппай калып, милицияга кайрылган. Көп өтпөй патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны айдай качкан адам кармалган. Бактыга жараша, 12 жаштагы кыз жабыркаган эмес. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕРРОРЧУЛУККА ШЕКТЕЛГЕНДЕР КОЛГО ТҮШТҮ
Акыркы күндөрү УКМКнын кызматкерлери тарабынан "террордук актыларды кылууга даярданып жаткан" деп шектелип 2 адам кармалды. УКМКнын 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, бул экөө эл аралык террордук уюмдардын мүчөсү. 1997-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран 2016-жылы Сирияга барып, диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук уюм түзүү үчүн жөнөтүлгөнү аныкталган. Анын жашаган жерин текшерүү маалында
ИЖ-58-20 үлгүсүндөгү кыскартылган мылтык табылган. Кылмышка шектелип кармалган жарандын үстүнөн УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренеси (куралды мыйзамсыз даярдоо же оңдоо), 226-беренеси (терроризм), 299-беренеси (улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле УКМКнын кызматкерлери тарабынан А.А. аттуу 1994-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын 2012-жылы Сирияда террордук даярдыктан өтүп, куралдуу кагылыштарга катышкандыгы аныкталган. Кылмышка шектелип кармалган жарандын үстүнөн УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Экөө тең УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ОКУУЧУЛАР ЖАРАКАТ АЛДЫ
3-октябрь күнү кечки саат 6лар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Медресе айылында мектеп окуучуларын салып бараткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Ош ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Хонданын айдоочусу телефонго алаксып кетип, каршы тилкеге чыгып кичи автобус менен сүзүшүп кеткен. Натыйжада кичи автобус оодарылып, ичинде бараткан 15 окуучунун 5өөсү жаракат алган. Алар облустук ооруканага жеткирилип, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн соң үйүнө жиберилсе, 3 окуучу ооруканага жаткырылган. Бул факт боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо