№780 13-19-октябрь, 2017-ж.
Иш жоктугунан улам кыргыз кыздарынын айрымдары бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жүрүшөт. Кээ бирлери сатылып, кимдир бирөө таяк жеп, дагы бирөө эсин жоготуп көчөдө калып, айтор, мындай окуялар күндөн-күнгө күч алууда. Бул жолку Аланьядагы окуя дагы ошолордун бири.
ПОЛИЦИЯ ДУБИНКА МЕНЕН САБАП...
4-октябрь күнү Түркиянын телеканалдарында, "Sondakika" кабар сайтында көчөдө бир аялды сабап жаткан эки полиция кызматкерлеринин видеосу тарады. Окуядан соң иликтөө жүрүп, ал кыргызстандык аял экени белгилүү болду. Окуя Аланья районунда 3-октябрда болгон. Видеодо полиция кызматкерлери жерге жатып калган аялды дубинка менен койгулап «жазалап» жатканы тартылган. Бири буту менен тээп, чачтан сүйрөгөн. Аял бакырып ыйлап бир нерселерди айтып жатканы угулат. Полиция кызматкери жанындагысын кой деп токтотуп койбой карап турган. Жергиликтүү тургун бул окуяны уюлдук телефонуна тартып алып телеканалдарга, сайтка жиберген. Полиция кызматкери эмнеге мындай ырайымсыз жорук жасаганы белгисиз. Бирок бул адам укугун бузуу катары каралып, алардын жаза алышын коомчулук талап кылууда. 40 жаштагы кыргызстандык жаран Түркияга иштөө үчүн барганы белгилүү болду.
ПОЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШИНЕН АЙДАЛДЫ
Кыргыз Тышкы иштер министрлиги бул окуя боюнча маалымат таратты. Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги бул окуяны иликтөө үчүн Аланья райондук коопсуздук башкармалыгына кайрылган. Элчиликке мигрант аялга зомбулук көрсөткөн эки полиция кызматкери ишинен бошотулганын, учурда бул видео боюнча тергөө жүрүп жатканын айтышкан. Ал эми жабырлануучу Р.Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Ал мекенине соттук териштирүү иши аягына чыкканда кайтып келери айтылууда. Тышкы иштер министрлигине кайрылганыбызда: «Ал аял ооруканада. Тергөө иштери бүтүшүн күтөм десе күтөт. Эгерде мекенине кайткысы келсе, жактоочусуна ишеним кат берип мекенине кайтат. Абалы туруктуу болуп, ден соолугу жакшы болгондон кийин кыргыз элчилиги аны мекенине кайтаруу маселесин карайт»,- деп билдирди.
КЫРГЫЗ ОМБУДСМЕНИ АДИЛЕТ СОТ БОЛУШУН ӨТҮНҮП ТҮРКИЯГА КАТ ЖОЛДОДУ
Омбудсмендин аппараты Түркия Республикасынын жогорку омбудсмени Шереф Малкочтун атына кат жиберди. Катта: «Сизден жабыркаган кыргызстандык жарандын укугун коргоп, ага зомбулук көрсөткөн адамдарга соттун адилеттүүлүк кылышын көзөмөлдөөңүздү суранабыз. Бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алышыңызды өтүнөбүз»,- деп жазылган. Азырынча Түркия тараптан жооп келе элек.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/article/show/42387