Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖИГИТТЕР, ЧАПКЫЛА! СУЛУУЛАР ПАРАДЫ

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

«Алтын бир нурдуу, бети айдай, биздин Ала-Тоонун кыздары, ай...» демекчи, турган жерин көрккө бөлөгөн кыргыздын кымча бел сулуу кыздары көп. «Ушул кыз мага жагат, ага кантип сөз айтсам экен?» деп баш тырмап жүргөн жигиттерге шпаргалка сунмакчыбыз.

Аты-жөнү
АРЗЫКЕЕВА ТОЛГОНАЙ БОЛОТОВНА
Туулган жери
– Талас облусу
Туулган жылы – 1998-жыл 11-февраль
Бою – 158 сантиметр
Салмагы – 43 килограмм
Билими – Кыргыз улуттук университетинде 2-курста окуйт
Жакшы көргөн таттуусу – «Барни»
Жакшы көргөн гүлү – Роза
Учурда – Ырчы


ВИРТУАЛДЫК СҮЙЛӨШҮҮНҮ ЖАКТЫРБАГАН ТОЛГОНАЙ

Ырчы Толгонайдын Инстаграм баракчасына кирип сүрөттөрүнө «лайк» басып, «сүйөм-күйөм» деген билдирүү жазып көңүлүн бурдурам деген жигиттер, адашасыздар. «Сүрөттө адам башкача, чыныгы жашоодо башкача болот да. Андыктан интернеттен эмес, көзмө-көз жолугуп сүйлөшкөн дү жактырам» дейт ырчы. Ыймандуу, чечкиндүү, адамкерчиликтүү кыргыз деп күйгөн патриот жигит болсоңуз, келечекте Толгонайдын өмүрлүк жары болууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Ал эми алдамчы, жалкоо, мактанчаак жигиттер үчүн ырчынын эшиги жабык. Жүрөгүнүн ачкычын тапкан мырзага сулуу кызыбыз өз колу менен лагман чоюп, таластыктардын «фирменный» күлчөтайын жасап берүүгө даяр. Маанайыңыз жок болсо «Despacito» ырын ырдап, скрипкада кол ойнотуп бергенге да даяр. Эң негизгиси ал адам чыгармачылыгын түшүнүп колдошу керек.


Аты-жөнүЧОТОНОВА АЙПЕРИ МАМАШАРИПОВНА
Туулган жери –
Бишкек шаары
Туулган жылы – 1997-жыл 23-июль
Бою – 163 сантиметр
Салмагы – 49 килограмм
Билими – Юридикалык академияда 3-курста окуйт
Жакшы көргөн шоколады – «Snickers»
Жакшы көргөн гүлү – Роза
Учурда – «Жарайт City» долбоорунун актрисасы

ТАЗАЛЫКТЫ ТАЛАП КЫЛГАН АЙПЕРИ

«Мен үчүн ортодогу сезим маанилүү. Эгер бир адамды жактырып калсам, анын материалдык жагын да, анча-мынча кемчилигин да байкабайм» дейт «Жарайт City» долбоорунун актрисасы Айпери. Шайыр кыздын сүйүктүүсү болом деген мырза эр жүрөк, ак көңүл, шайыр анан да бою узун болушу кажет. Майрам болобу же кадимки күнбү, бул сулуунун маанайын көтөрөм десеңиз мамалак оюнчук алып, жаратылыш коюнунда сейилдөөгө чакырыңыз. Орой, бой көтөргөн жигиттер өзүнө жараша жооп алышы мүмкүн. Шаарда төрөлсө да жер үйдө чоңойгондуктан үйдүн, сырттын жумуштарын бирдей катыра жасайт. Тамакты түрлөп бышырып ашказанды да сүйүнтө билет. Үйлөнгөндөн кийин байпакты туш келди ыргытып жыргайм деп ойлобоңуз, Айпери «сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген принципти карманат.


Аты-жөнү – СМАНОВА НУРЖАН НУРЛАНОВНА
Туулган жери – Жалал-Абад облусу
Туулган жылы – 1997-жыл 9-май
Бою – 167 сантиметр
Салмагы – 47 килограмм
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинде 2-курста окуйт
Жакшы көргөн шоколады – «Аlpen Gold»
Жакшы көргөн гүлү – Роза
Учурда – SUPER.KG порталында алпаруучу


КАЛПЫЧЫЛАРДАН ЖАА БОЮ КАЧКАН НУРЖАН

SUPER.KG порталындагы «Супер ТВ» бөлүмүнүн ажарлуу алып баруучусу Нуржан Смановага негизгиси чечкиндүү, бир сүйлөгөн мырзалар кайырмак ыргытса болот. Анан да Нуржан «өзүм кесибиме байланыштуу көп сүйлөгөндүктөн, мага аз сүйлөп, көп уккан жигиттер жагат» дейт. Эгер таттууну жакшы көрсөңүз, ойлонбой гана бул сулууну жандай берсеңиз болот. Анткени Нуржан жасаган кондитердик азыктарды жегенде таттуулугунан улам бармагыңызды кошо тиштеп алышыңыз мүмкүн. «Жигиттин капчыгы калың-жука экени кызыктырбайт деп калп айткым келбейт. Жалгыз сүйүү менен курсак тойбойт, бала багылбайт. Андыктан эмгекчил, иштин көзүн таба билген, келечегин ойлогон мырзалар менин табитимде» дейт алып баруучу. Нуржандын үй-бүлө курууда дагы бир кыялы бар – ал кайнене-кайнатасы менен чогуу жашап, аларга кызмат көрсөткүсү келет. Ап бали, кыял деп ушуну айт, ээ, жигиттер? Дагы бир токтоло кетүүчү жагдай, Нуржан калп айткан адамды кечире албайт. Кандай жагдай болбосун ачык айтып, бир чечимге келүүнү жактырат.


Аты-жөнү – АРУНОВА БУРУЛ ЭРНИСОВНА
Туулган жери
– Чүй облусу
Туулган жылы – 1989-жыл 9-сентябрь
Бою – 166 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган
Жакшы көргөн шоколады – «Rаffaello»
Жакшы көргөн гүлү – Роза
Учурда – Ырчы


КАМЫР ТАМАКТАРДЫ КАТЫРА ЖАСАГАН БУРУЛ

Бир колуңузга «Rаffaello» шоколадын, бир колуңузга роза гүлүн көтөрүп алып бетиндеги эки уячасы менен адамды өзүнө тарткан ырчы Бурул Аруновага жолугушууга жөнөңүз. Бурул үй-бүлөдө 4 кыздын кичүүсү, андыктан ырчынын эбин таап баш кошуп калсаңыз эрке күйөө бала болосуз. Ырчы менен жанаша басам деген жигит жөнөкөй, билимдүү, аялзатын сыйлай билип, сөзсүз түрдө туруктуу жумушу, жашаган үйү болушу шарт. Азыркы учурда мектепте музыкадан мугалим болуп иштеп, ага кошумча чыгармачылык, той-топур деп жаны тынбай чуркап жүргөн ырчы «үй-бүлө кургандан кийин болгон күчүмдү үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдегенге жумшайм» дейт. Мугалим кесибин аркалагандар психолог болуп калат эмеспи, анын сыңарындай Бурулду алдайм деп убара болбой эле коюңуз, ал «адам менен 10 мүнөт сүйлөшкөндө эле ким экенин билип коём» дейт.


Асыл Орозбекова
star@super.kg


Жигиттер, чапкыла! Эл көзүндөгү сулуулар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
17.10.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Аиии бул сулууларыбыз өз курагынан алда канча улуу көрүнүшөт го
17.10.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нуржан97би а я думала она 92
17.10.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чотонова жагат. Жонокой кыз.
SUPER.KG видео
17.10.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арзыкеева Толгонай менин суйуумо татыктуу экен десем болот. Себеби менин оюума топ келди, мен да жолугушуп бетме бет келип сейилдеп журууну коп кыялданам. Бул бийкечтин журогун кантип багындырсам болот? Кантип таанышсак болот?
17.10.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нуржандын суйлогонун жактырдым.
17.10.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толгонайдын жигити бар эле го,калп эле тартылып журогум бош дегени эмнеси? #кызык_ай
17.10.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Толгонайдын жигити бар эле го?калп эле журогум бош дегени эмнеси?Анан да кыздар ,торолуп бешиктен бою чыкпай жигит жандаганынар эмнеси? Баркынарды кетирип (мен жалпылап айтып жатам,жеке оюм)
19.10.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
pixduel1,ХХХ сага кандай разницасы бар жигити барбы жокпу?
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-19 15:36:39
Медиа-портал
17.10.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бурул Арунова эжебиздин картайып тиши деле калбай калыптыргоо
Медиа-портал
20.10.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Urikbek,сен 27ге чыкканда картайып калат экенсинда анда... если ее считаешь старой... вполне красивая девушка. я считаю
Медиа-портал
17.10.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ах сулуулар
17.10.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура айтышкан "суйуу менен курсак тойгуза албайсын" деп.чонтокто да бир нерсе болуш керек
Медиа-портал
17.10.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай кыздар экен
Медиа-портал
17.10.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Нурзат
17.10.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Улуу корунушот экен
17.10.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо озунордун жамаатынар менен тааныштырып койсонор жакшы болмок кобу учун кызык болсо керек
17.10.2017. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластык сулуу экен.
17.10.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери жаш эле экен го 90- 92 деп ойлодум эле
17.10.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркайым жагат да мага бирок мени карабайсын го
17.10.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Мага аз сүйлөп, көп уккан жигиттер жагат» дейт. Мына сага!
Медиа-портал
18.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбойм ай..толгунайдын эмнеси сулуу..эч нерсеси жок жоопжонокойп эптеп эле кыз го.не изюминки
Медиа-портал
18.10.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dinara777,главный жигиттерге жакса болду да
Медиа-портал
18.10.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinara777,Эн супсулуусу, эн жонокойу болуп турбайбы, козун козбу?
mentol түзөттү 2017-10-18 16:51:42
18.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйкайып турса гүл ачып, сулууга болбойт ким ашык дегендей, баарынар сулуусуңар, кыргызымдын кыздары.
18.10.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Айпери жакты,бирок баары бактын тапса болду тим более менден 4 жаш чон экен суулулардын эн кичуусу
18.10.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толгонай менен Нуржан жакты экоон тийсенер алмакмын)))
19.10.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нуржан сонун суйлоптур. жигиттер уктунарбы?
20.10.2017. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толганай мн Нуржан сулуу екен
23.10.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чотонова жагат сонун кыз го.,алып алсамбы..............
SUPER.KG видео
15.11.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркеайым эркеке окшоп кетет экен. Же мага эле ошентип сезилдиби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо