ЧАКА КӨТӨРГӨН ЭГИЗДЕР ЭСИҢИЗДЕБИ? Асан, Үсөн Жумабековдор: «КӨКҮЛҮБҮЗДӨН КӨПКӨ УЯЛЫП ЖҮРГӨНБҮЗ»

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

Мындан 21 жыл мурун тартылган «Ырыс алды – ынтымак» ролигиндеги чака менен суу ташыган көкүлчөн эгиз балдарды көрбөгөн адам жоктур. Алар азыр бой тартып, өз кесибинин мыкты адиси болуп, бири үй-бүлө күтүп калган. Улуу-кичүү дебей социалдык тармактарды эрмектеген заманда эки мырзаны ал жактан таппайсың. Анткени алар «андай нерселер абдан көп убакытты алат. Ансыз деле убакыт тар бизде» деген ойдо.

Асан, Үсөн Жумабековдор 1988-жылы 12-октябрда Бишкек шаарында төрөлүшкөн. Асан Кыргыз улуттук университетинин химия жана химиялык технология факультетин аяктап, учурда менчик компаниялардын биринде лаборатория башчысы болуп эмгектенет. Ал эми Үсөн Политехникалык институттун программисттик бөлүмүн аяктап, менчик компанияда инженер-программист кызматында.

– Асан, Үсөн, силер менен бир жумадан бери жолуга албай келебиз. Күнү-түнү иштеп эс алганга убакыт деле болбойт өңдүү.
Асан:
– Туура, 2-3 жумадан бери мен ушундай тартипте иштеп жатам. Бишкекке жаңы завод курулуп жаткан. Ошондуктан ар кандай тесттерди жүргүзүп, лабораторияга анализдерди берүү менен алек болуудабыз. Буюрса, жумушубуз бир калыпка түшкөндө эл катары эле иштеп калам.

– Силерди калың журтка тааныткан роликте кандайча роль жаратып калдыңар эле?
Үсөн:
– 1996-жыл болсо керек, режиссёр Актан Арым Кубат ошол кезде мектептерди кыдырып кичинекей балдарды издеп жүргөн экен. Бизге чейин 40тай эгиз балдарды көрүшүптүр. Биз окуган №71 мектепке келип директорго жолугуп, бизди жактырып тандашкан.

– 1-класстын окуучулары үчүн роль жаратуу оңой болбосо керек?
А.:
– Ооба, бизди күнүгө эртең менен 5терде алып кетип, түнү 10-11лерде алып келишчү. Ошентип 1 жарым айча тартылдык. Ролик үчүн атайын кыркылган көкүлдөрүбүздөн башында уялчу элек. Бир жарым ай ошентип жүрүп, тартылып бүтөрү менен алып салдык.

– 17 жылдан кийин кайра 2-бөлүгү чыкты...
А.:
– Роликтин 2-бөлүгү «Сорос-Кыргызстан» фондунун 20 жылдыгына арналып тартылган. Анда сөз деле сүйлөбөйт эмеспизби. Ал бир жарым саатта эле бүткөн. Башында сценарийди бир аз башкача кылсакпы деген ой болчу. Убакыт тар болгондуктан оюбуз ишке ашпай калды. Менимче, биринчи ролик сюжети жактан жакшы чыккан.

– Гонорар алдыңар беле?
А.:–
Биринчи роликте бизге компьютер беришкен. Ошол кезде анын баасы миң доллардын тегереги болчу экен. Кошумча акчалай да гонорар алганбыз, так суммасы эсимде жок. Ал ролик Москвада өткөн эл аралык жарнама жана маркетинг фестивалында (1996-жыл) Гран-прини алган, кийинки жылы Франциянын Канны шаарында өткөн "Арстандар - 97" жарнама фестивалында «Коло арстанга» («Бронзовый лев») ээ болгон. Экинчибизде гонорар деле болгон жок.

– Сырткы келбетиңерден айырмалоо мүмкүн эмес экен. Мүнөз жактан кандай өзгөчөлүктөр бар?
Ү.:
– Бир үй-бүлөдө тарбиялангандыктан жашоого көз карашыбыз, ой жүгүртүүбүз, кыял-жоруктарыбыз да окшош. Экөөбүздү ата-энебиз кичине кезибизден эле атаандаштырып өстүргөн. Бирибиз тентек кылып койсок, экинчибизди деле кошуп уруша беришчү. «Мен эч нерсе кылган жокмун го» десең, «сен деле ошондойсуң, экөөңөр окшошсуңар» деп коюшат эле.

– Окуу учурунда, жумушта алмашып бири-бириңердин жумушуңарды бүтүрчү белеңер?
А.:–
Албетте, бала бакчада, мектепте бир класста окудук. Мен жооп берип койсом Үсөндүн, Үсөн жооп берсе менин күндөлүгүмө деле бааны койдуруп коё берчүбүз.
Ү.: – Мугалимдер чаташа беришчү. «Бириңдин ордуңа бириң жооп берип жатат окшойсуңар, ошондуктан билип турайын, кимиңер жооп берип жатканыңарды» деп бири-бирибизден алыс жакка отургузуп коюшчу.
А.: – Университетте деле тарых, информатика сыяктуу сабактардан мен өзүмдүкүн тапшыргандан кийин Үсөндүкүнө, же тескерисинче, Үсөн менин экзамениме кирип койчубуз.

– Достор арасындачы? Досторуңар айырмалай алышабы?
А.:
– Экөөбүз чогуу чоңойгондуктан дээрлик бардык чөйрө, досторубуз да бир. Алар жакшы айырмалашат. Кээде болуп калат, көчөдө баратсам Үсөндүн достору чыгып, «кандайсың?» дешет. Кээде «мен Асанмын» дейм, кээде «шашып жаттым эле» деп шылтоолоп бат басып кетем.

– Пикир келишпестик болгондо канчага чейин сүйлөшпөй жүрөсүңөр?
Ү.:
– Кичинекей кезде күндө урушмай, күндө элдешмей болчу. Урушкандан 5 мүнөттөн кийин эле ойногонго киши жок, кайра сүйлөшүп кетебиз. Көбүнчө кимде оюнчук көп болсо ошого сүйлөгөнгө туура келчү (күлүп).

– Учурда президенттик шайлоо алдында суу ташыган роликтеги силердин денеңерге президенттикке талапкерлердин башын коюп монтаж кылгандар көп болду. Бул силерге кандай таасир калтырат?
А.:
– Бул нерсе мурунтан эле келе жатат чынында. Алгачкы президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Апас Жумагуловду, кийинкиде Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевди, эми болсо Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановду биздин башыбызга монтаждап коюп алышыптыр. Темага ылайык келип жатканы үчүн коюп жатышса керек.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу эмес экенсиңер...
Ү.:
– Мен мурун колдончумун, азыр кызыкпайм. Анткени көп убакытты алат. Ансыз деле убакыт тар. Жумуш боюнча эле скайп, whatsapp`та отурабыз.

– Үсөн, сен үй-бүлөлүү экенсиң. Ошентсе да Асан экөөңөрдүн кыздарга болгон табитиңер төп келчү беле?
Ү.:
– Экөөбүз чынында бул темада көп деле сырдашпайбыз.

"Алгачкы тартылган ролик үчүн миң долларлык компьютер алганбыз. Ал эми экинчисине бекер тартылдык".



Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(18)
17.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Красавчики.
17.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Экинчи ролиги кайсы эле?
17.10.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boroborodach,
Саламатсызбы! Экинчи ролик, шилтеме: https://www.super.kg/media/uservideo/206745/
17.10.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурдуларынан бар экен айырма
17.10.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен иштеген жерде иштейт бирөөсү
17.10.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иий ушул балдар экенда. Экинчи ролигин корбогон экем. Жакшы чыккан биринчи ролиги)))
17.10.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчисин кайдан корсок болот,шилтеме жиберип койгулачы супер.
Shahrizaada түзөттү 2017-10-17 14:01:23
17.10.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shahrizaada,
Саламатсызбы! Экинчи ролик, шилтеме: https://www.super.kg/media/uservideo/206745/
17.10.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тартылуу учурундагы окуяларынан жазсанар болмок.Кантип образга кирип,кантип экоо урушуп-мушташкан жерлерин кантип аткаргандарын.Биринин башын, бири чакага малгандарын.Бизге ошолору кызык эледа.
17.10.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы балдар кичинекей кездеринен тааныйм Жалгыз эжейси бар Мээримай деген и ЖалаАбдадык жездеси бар,
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-17 15:07:10
17.10.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи ролигинин ссылкасын берипикойгулачы админ сураныч
Бактылуу болгула,ролигинер жага да,жагат)))
17.10.2017. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай эле окшош экен! Супсулуу балдар экен. Бактылуу болгула!
17.10.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
71-мектепке практикага барып сабак бердим эле,соонун балдар,бактылуу болгула!
20.10.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такие милые ))
20.10.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
22.10.2017. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө красавчик балдар экен
22.10.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен айырмалай алаткенмин экоо башка башкачакен мен учун
23.10.2017. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул роликти корсом эле кулоо берчуумун сонун тартылган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо