Укуктук кеңеш. «МАЙЫПМЫН, АЯЛЫМДАН АЛИМЕНТ ӨНДҮРӨ АЛАМБЫ?»

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


Окурмандардын суроолоруна Бишкек шаардык адвокатурасынын жактоочусу Алымбаева Эльнура Сталиковна жооп берет.

«ЖОЛДОШУМ ҮЙДӨН КУУП ЧЫКТЫ, КАНТИП АЖЫРАШЫП, АЛИМЕНТ ӨНДҮРӨ АЛАМ?»

– Жолдошум мени үйдөн кууп чыкты. Эми аны менен ажырашып, 11 жаштагы кызыма алимент кестирейин дегем. Алимент кызымдын окуусуна жетсе болду. Сокулук районундагы Новопавловка айылында үйүбүз бар. Учурда эжемдикинде жашап жатабыз. Күйөөм курулушта иштейт. Мен Нарында катталгам, жолдошум Новопавловкада катталган. Арызды кайсы жакка берсем болот?

Насикат, Чүй облусу

– Жубайлар ажырашып жатканда ортодо 3 жашка чейинки баласы болсо, аял киши өзү катталган райондук сотко кайрылат. Кызыңыз 11 жашта болсо, анда күйөөңүз жашаган аймактын райондук сотуна доо арызы менен кайрылып, өз укугуңузду коргой аласыз. Алимент өндүрүү үчүн арыз гана жетиштүү. Сиз жазган арыздын негизинде 3 күндүн ичинде соттун буйругу менен алимент өндүрүлөт. Сот жолдошуңузду чакырып, анын төлөп же төлөй албастыгын сурабайт. Айыл жергесинде жана шаарда алименттин көлөмү статистика менен аныкталган. Эми үй маселеси боюнча, үйдү жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу салган болсоңуздар, сиз анын жарымына ээ болууга укугуңуз бар. Эгерде үйдү сиз турмушка чыкканга чейин жолдошуңуз салган же анын атасы алып берген болсо, анда талаша албайсыз.

«КАЙНЕНЕМ БАЛАМДЫ БЕРБЕЙ ЖАТАТ»

– 3 жылдан бери келинчегим экөөбүз таарынышып жүрөбүз. Келинчегим Орусияда иштеп жүрөт, балам болсо 3 жылдан бери кайненемдикинде. Келинчегим «баланы ал» дейт, бирок кайненем бербей жатат. Кандай кылып алсам болот?


Советбек, Талас облусу


– Эгер келинчегиңиз «ал» деп жаткан болсо, кайненеңиздин үйүнө барып, эч кимден уруксат сурабай эле балаңызды жетелеп кетсеңиз болот. Мындай учурда кайненеңиз укук коргоо органдарына кайрылган убакта дагы баланы сизден ала албайт. Мыйзам боюнча бала атасында же апасында болушу керек.


«КОШУНАМ ҮЙҮМДҮН ТҮБҮНӨ АЖАТКАНА КУРУП ЖАТАТ»

– Кошунам биздин уктоочу бөлмөнүн терезесинин түбүнө ажаткана куруп жатат. Бул жерге курбоону сурансак, көнбөй койду. Кимге кайрылам?


Назгүл, Ак-Ордо конушу


– Кошунаңыз өзүнө тиешелүү жер тилкесин каалагандай пайдалана алат. Бирок ажатканадан жыт чыгып, ал сиздерди тынчсыздандырса, башка кошуналарыңызды чогултуп, кошунаңызга эскертүү бересиз. Ага да көнбөсө, кошуналарыңыз менен акт жазып, доо арыз менен сотко кайрыла аласыз. Сот келип текшерүү жүргүзүп, ажаткана тоскоолдук жаратып жатканын тастыктаса, ошого жараша сот чечим чыгарып берет. Таң калычтуусу, уктоочу бөлмөнүн так түбүнө салышы мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык эки кошунанын үйү сызыктан 1,5 метр алыстыкта салынат. Эгер сизге тиешелүү аймакка кирип кетсе, анда каттоо кызматына кайрылып, ченетип, алар түзгөн акттын негизинде сотко кайрыла аласыз.

«АЯЛЫМ, БАЛДАРЫМДАН АЛИМЕНТ ӨНДҮРӨ АЛАМБЫ?»

– Өзүм 2-топтогу майыпмын. Аялым, балдарым мени таштап кетишкен. Аларга алимент төлөтө аламбы?


Бакыт, Жалал-Абад облусу


– Иштегенге ден соолугуңуз жол бербесе, багар-көрөрүңүз жок болсо, мүмкүнчүлүгүңүз чектелгенге чейин жубайыңыз менен балдарыңызды баккан болсоңуз жана аны тастыктай турган документтериңиз болсо (мисалы, нике күбөлүгү, балдарыңыздын метрикалары), анда сотко берип алимент өндүрө аласыз. Арызыңызга мунун баарын тастыктоочу документтерди тиркеп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, соттон чечим чыгартып алсаңыз болот.


Адвокат Эльнура Алымбаева бардык жарандар үчүн акысыз кеңеш берет. Ал эми үй-бүлөлүк маселелерден жабыр тарткан, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер үчүн акысыз адвокаттык кызмат көрсөтөт.

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыныз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(23)
17.10.2017. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Тобо аялы Балдарын ташабай озу менен алып кетсе дагы каягына алимент алат.Дуйно кай жакка кетип бара жатат
17.10.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
кызык эркек киши балдарынан алимент алып атканы.кыйналып аялыныз балдарды озу багып аткандан кийин.кантип алимент сурап атас уялбай?
18.10.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirana9395,Балдары бойго жеткен,ишке жарамдуу болуп калса,аларды кичинесинде багып чонойтуп эрезеге жекирсе,анда балдарынан алимент алалат.балдары жашы жетелек болсо алалбаса керек.
17.10.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялынан бал-чакасынан дагы алимент алчу беле сизге тийишитик кылбай озунун оокатын кылып жургондон кийин жата берин да шугурчулук келтирип окмотко кайрылын майыпмын мен пенсия
17.10.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аялынан бала-чакадан алимент сураганын биринчи жолу кордум эй алар озун озу багып сизге тийиштик кылбагандан кийин жата беринда шугурчулук келтирип же эч эле болбой баратса окмотко кайрылын майыпмын мен пенсия чыгарып бер деп тооба
17.10.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тообо,"баланызды эч кимден сурабай эле жетелеп кетсениз болот"дептир го.Кандай адис бул?Эптемей.Эртен аялы айнып кайра талашса эмне болот?Кайра аялы жетелеп чыгып кетеби атасынан?Баланы кууратышат го анда!Закондуу турдо,документ жасап алып алыныз дебейби!Тем более аялы макул болуп атса.Арыз-доом жок,опекун атасы боло берсин...деп сот аркылуу документ берет да.Болбойт мындай адис!
ekaterinburg түзөттү 2017-10-17 10:25:26
17.10.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ekaterinburg,мен да таң калдым көчөдөгү эле эки дос бири бирине кеңеш бергендей го .Билимдүү адистин берген кеңеши аябай грубо гооо
17.10.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майып болуп калса таштап кеткен туура эмеско балдары бой жеткен болсо жардам берип карап коюшса болмок экен
17.10.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялынан алимент сураганды биринчи угуп атам кудая тобоо,эркектер уй-було бакпай эле аялдар багып калды го,кудай сактаса экен бодоо кырсыктан.туура айтып атышат майып болсо окмотко кайрылсын
17.10.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайын синдим деле еки баласы менен ажырашып кеткен алимент алалбай койдук нике куболугу жок екен кеебирлер алса болот дейт кееде керек болот екен акча тооко деле жем керек дегендей
18.10.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munira-tilen,Балдарын атасын аныктаган куболук болсо алимент алат мен да жолдошум экообуздун нике куболугубуз жок болгон мен сотко арыз жазгам баламдын атасы экендигин аныктаган куболук менен.
17.10.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул эмне болгон адис бала атасында же апасында болуш керек деп андай эмес башкача да болот мисалы баланы таенеси 3жыл баккан болсо атасына караганда көбүрөөк то есть то закон ошо кайнене тарабында болот
17.10.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оо Кудай! Эмне шумдук! Admin_superstan башка адис жокпу?, суроо-жоопко. "Аялым айтты" деп эле, эч кимден сурабай, баланы жетелеп кете берсе болмок беле. Баланы уурдады деп, органдарга кайрылса эмне болот? Аялы айткан эмесмин деп танып кетсе эмне болот...?
18.10.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Snejana,балким биздин закон ошентип жазылгандыр. Ал да окуганын айтат да.
17.10.2017. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул майып кишинин балдары бойго жетип жакшы иштерде иштеп жаткан болсо,озу аларды майып болгуча баккандыр,ошого жардам сураса болмок.Атасы алимент тологуло дегени башкача угулат экен.Майып болсо мамлекеттен эле акча ондуруп жашаса болот,журогу болсо балдары да жардам берээр.
18.10.2017. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагында ден соолугун кетирип балдарын бакса, ичиндирип-кийиндирип адам катарына кошсо, ошолорду деп ысыкта ыссык дебей,суукта суук дебей жанын карч уруп жүрүп,ден соолугунан ажыраса,неге бойго жетип өз алдынча ишке жарамдуу болуп калган баласы Карабаш керек. Ырас атадан баш тартып жүз үйрүп кеттиби, өткөн жашоосун эске алып алиментти мажбурлап болсода толотушсун. Же апасынын ичинен солокмондой бп ишке жарамдуу бп төрөлүп өз киндигин өзү кесип жашап кеттиби?
Shahrizaada түзөттү 2017-10-18 03:18:46
18.10.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык онуккон олколордун закондорунда кимиси иштесе, акчасы болсо, иштебегенине алимент толойт. Германияда бир аялды билчумун, куйоосуно омур бою алимент толочу, беш баланы озу баккан, куйоосу майып эмес, сопсоо эле. Болгону аялдын куноосу жакшы айлык алчу.
18.10.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондуктан алар кобунчосу официально никеге отургандан коркушат. Закон озу ошого такаган.
19.10.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоа кылдым ушундай жашоодон,,,,,теманы окуп алып супер инфо адашып жазганбы депмин.
20.10.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми соо кезинде балдарын багып, окутуп, билим берип чонойтуп койсо. Кетип калганы обидно болотда атасына эркек болсо деле. Алимент эмес озунун совестьти менен жардам берип келип кабар алып турушу керек. Майып болуп калган кезде таштап кетпей. Азыркы жашоодо озундон калба. Ооруп калсан сен уже эч кимге керегин жок.
20.10.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбуло жана нике кодексинде толук корсотулгон жубайлардын укуктары жана милдеттери.. эгерде жубайлар ажырашкандан кийин материалдык абалы начар болсо сотко алимент ондуруу жонундо доо арыз берууго болот.бул аялдарга гана тиешелуу эмес куйоосунунда укугу
23.10.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльнура эже,мен абдан кубанычтамын сиздин кыргыз элине озунун укуктарын жеткирип, ушундай чон салымынызды кошуп жатканынызга. Ишинизге ийгилик.Сизди терен урматтаган Жанарыктан синдиниз Бермет.
24.10.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча менен окуган адисго бул. Сиздин кеңешиңиз менен баланы уруксатсыз эле үйүнөн жетелеп чыгып кетсе бала уурдалган деп арыз жазып жоопко тартылса эмне болот. Балким аялы ачуу үстүндө эле ала бер деп айтып алгандыр же таптакыр антип айтпагандыр. Же сөзүн танып кетсечи? 2-топтогу майыпмын деген киши мамлекеттен жардам сурап кайрылыш керек. Аялынан алимент сураганы уят. Тем более балдарын аялы багып жатса...Балдарын жакшы тарбиялаган болсо айттырбай бой жетсе келип каралашат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо