Күн сууктаган сайын организм ысык, тоюмдуу, калориялуу азыктарды талап кыла баштайт. Андыктан сиздерге тоюмдуу, даамдуу пирогдордун рецепттерин сунуштайбыз.
БРОККОЛИ+ СЫР ПИРОГУ
Даярдоо убактысы: 60 мүнөт
Порциясы - 8

Керектелүүчү азыктар:
Камыр үчүн:
Каймак май – 150 грамм
Ун – 2 стакан
Каймак – 200 грамм
Жумуртка – 5 даана
Сыр – 100 грамм
Брынза – 70 грамм
Брокколи – 400 грамм
Татымына жараша туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
-
Каймак майга 1 жумуртка, 1 аш кашык каймак, татымына жараша туз салып аралаштырабыз. Эми буга унду салып камыр жасайбыз да, 20 мүнөт муздаткычка сала турабыз.
-
Брокколинин гүлдөрүн ажыратып, туздуу сууга 3-4 мүнөт кайнатып алабыз.
-
4 жумуртканы чалып, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз.
-
Камыр тыныккан соң аны жайып, электр мешинин табасына чөйчөк формасында салабыз. Табанын ичин майлап алууну унутпаңыз.
-
Камырдын үстүнө жумуртка менен сырдын аралашмасын куюп, үстүнө брокколини тизебиз.
-
Брынзаны чоң-чоң туурап, пирогдун үстүнө салабыз.
-
Пирогду 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 40-45 мүнөттө бышырып алабыз.
-
Табитиңизге жараша бул пирогго сууга бышырылган козу карын, помидор, болгар калемпирин кошсоңуз да болот.
«ҮЛҮЛ» ПИРОГУ
Даярдоо убактысы: 60 мүнөт
Порциясы - 8

Керектелүүчү азыктар:
Каттама камыр – 450-500 грамм
Сыр – 400 грамм
Жумуртка – 1 даана
Күнжүт – 1 чай кашык
Даярдоо ыкмасы:
-
Сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Бул пирогго табитиңизге жараша сырдын 2-3 түрүн жана укроп, шпинат сыяктуу көктөрдөн кошууга болот.
-
Каттама камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта тегиз жайып алабыз да, энин 4-5 сантиметр кылып кесимдерге бөлөбүз.
-
Кесимдердин ортосуна сырдан салып, эки тарабын бекитип, камыр түтүкчөлөрүн жасайбыз.
-
Электр мешинин табасынын ичин майлап, даяр түтүкчөлөрдү тыгыз оройбуз. Эскертүү! Камырдын кошулган жери төмөндү карата салынышы шарт.
-
Жумуртканын сарысын бөлүп алып, пирогдун үстүнө сүйкөйбүз да, күнжүттөн себелеп, 180-190 градуста ысып турган электр мешине 30-40 мүнөт ичинде бышырып алабыз. «Үлүл» пирогу даяр!

ТОРДОЛГОН СОСИСКА
Даярдоо убактысы: 60 мүнөт
Порциясы - 8
Керектелүүчү азыктар:
Даяр каттама камыр – 450-500 грамм
Сосиска – 7 даана
Жумуртка – 1 даана
Даярдоо ыкмасы:
-
Каттама камырды 2-3 миллиметр калыңдыкта жайып, ичке, узун-узун кылып кесип алабыз.
-
Ар бир экинчи кесимди артка кайрыйбыз да, сосисканы коюп, үстүнө кесимдерди жабабыз.
-
Экинчи сосисканы коёрдон мурун ылдыйда калган кесимдерди кайрыйбыз. Ушинтип аягына чейин алмак-салмак кайталап, сосискаларды тордойбуз.
-
Сосискалар аягына чейин тордолуп бүткөндө камырдын четин жакшылап бекитебиз да, бетине жумуртканын сарысын бөлүп алып сүйкөйбүз.
-
Пирогду 200 градус температурада ысып турган электр мешинде 30-40 мүнөт бышырып алабыз
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg