Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асема Токтобекова, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ МЕНИ СҮЙӨТ, МАГА ИШЕНЕТ»

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

Адаттагыдай бул жуманын шаршемби күнү SUPER.KG порталында түз эфир старт алды. Окурмандардын суроолоруна жооп берүүгө актриса жана ырчы Асема Токтобекова келди. Бир да суроодон буйтап өтпөй ачык жооп кайтарган Асема порталдын колдонуучуларын зериктирген жок.

– Асема, салам! «Боз салкындай» элге алынып кеткен тасмага тартыла элексиз. Жакшы сунуштар түшпөй жатабы?
– Жакшы кинолор тартыла элек. Тартылса сөзсүз катышам. Айрымдар «эмнеге өзүңүздүн тасмаңызга өзүңүздү тарта бересиз?» деп сурашат. Бул мага ыңгайлуу. Себеби бирөөгө баш ийип, анын жашоосуна аралашкым келбейт.

– Кино тармагында иштегендерден «Асеманын мүнөзү өтө начар, режиссёрлор менен иштеше албайт. Ошондуктан өзүн-өзү тартып жүрөт» деген кептерди уктум эле...
– Мен эмнеге актанышым керек? Чындыгында мүнөзүм оор. Мени кан соргуч деп айтышат. Кыялымды жөн жерден көрсөтпөйм. Болгону тактыкты, сөзгө бекем турганды талап кылам. «Асема канды сорот, башты оорутат» дешкени мен үчүн сыймык. Демек, ошончо деңгээлде ордум бар, алар мени угушат, коркушат, сыйлашат.

– «Асеманы Казакстанга киного тартылууга чакырышыптыр, алар менен иштеше албай кайра келиптир» деп жүрүшкөн, ушундай болду беле?
– 8 жыл мурун «Шелест листвы» деген тасмага тартылууга чакыруу алгам. Бирок режиссёрдун мамилеси жаккан жок. Андай мамилеге татыктуу эмесмин. Ал мени шылдыңдагансып, басынткансып сүйлөп жатты. Ролду ойноп көрсөтүп жатсам, ордунан туруп басып кетип туура эмес мамиле кылды. Мени жол арытып келтиргенден кийин бир орунда отуруп, көңүл буруп ойногонумду көрүп алышы керек болчу. Ошондуктан иштешпей кетип калгам.

– Учурда Кыргызстанда №1 актриса ким деп ойлойсуз?
– Мен да?! Тамаша! Аны эл чечет. Ушул убакка чейин сыйлык алган эмесмин. Менин сыйлыгым жолдошум, уул-кызым. Бирок акыркы убакта Рахат Божокоевага көңүлүмдү буруп жүрөм. Анда өң-келбет бар, жакшы таптаса бир нерсе чыгат деп ойлойм.

– Асема, сизди актриса катары жакшы баалайм. Бирок ырчы катары баалай албайм. Катуу айтсам кечирип коюңуз, ырчылыкты жөн эле койбойсузбу?
– Бул менин жеке кызыгуум. Кудайга шүгүр, аздыр-көптүр күйөрмандарым бар. Сөзсүз эле опера ырчысындай ырдаш керекпи? «Мени уккула» деп эч кимди кыйнаган эмесмин, кыйнабайм дагы.

– Жолдошуңду теңиңе албагандай көрүнөсүң, тааныштарымдан да ушинтип уктум эле...
– Кайдан көрдү болду экен? Анткени жолдошум экөөбүз түнкү саат 2де эле көрүшөбүз. Анын жумушу башка, меники башка. Бул суроону мени жаман көргөн адам жазып жатат болуш керек. Биз адамбыз, урушабыз, таарынышабыз, жазылабыз. Бирок биздин үйдө чыны, үтүк сыяктуу буюмдар «учпайт». Биз бири-бирибизди сүйөбүз, сыйлайбыз. Балдарым бактылуу, тынч жашоодо жашайт, ошол жетиштүү. Жолдошум экөөбүздүн ортобуздагы сыйга, үй-бүлөбүзгө суктанган адамдар бар. Ал мени эмнеге колдоп келатат дейсиз? Анткени сүйөт, ишенет. Муну жумушумдун өсүп-өнүккөнүнөн баамдасаңыз болот.

– Кээде сиздин тасмаңыздан ачык сценаларды көрүп калабыз. Андай эротикалуу эпизодду «Көк-Жал» фильминен көрдүм эле...
– Менин тасмамды ачык деп жатсаңар, анда кинодо сүйүүнү көрсөтпөй эле коюш керек. Биз ошондо Азатты (ред.: актёр Азат Кусеинов) сүйдүрө албай кыйналганбыз. Ал колуңду кармаганды же бетиңди сылаганды билбейт. Айла жок ошол эпизодду тарттык. Анын үстүнө аны ачык деп эсептебейм.

– Күйөөңүз кызганган жокпу?
– Күйөөм тасма тартып жатканда жанымда жүрөт. Ал Азатка кандай сүйүштү үйрөтүп, көрсөтүп жатты. Жазында Болотбек Тилек менен 18+ кино тарталы деп жатабыз. Ал экинчи режиссёр болот. Башкы каарманды мен ойнойм. Силер бардыгына даяр болгула, мен да даярмын.

– Сиз башкы каарманды ойногон тасмада кинонун режиссёру сизди жактырып, артыңыздан катуу чуркаган деген имиштер бар, жообун өз оозуңуздан уккум келет.
– Ал киши тууралуу айтсам, үй-бүлөсү туура эмес кабыл алат. Аялы бар эркектер менен иштешүү кыйын. Анткени аялына эч нерсени далилдей албайсың. Баары бир ишенбейт, уруш-чатак чыгарат. Сүйүү – бул оору. Ар бир адамдын башынан сүйүү өткөн, аны мазактабаш керек.

– Сени кичүү келин экениңди билебиз. Эгер кайненең «Баткенге келип жашайсыңар» десе макул болот белең?
– Дайыма кайненем каалагандай болот. Ал айтса барып жашамакмын. Акыры сөөгүм ошол жерге коюлат да.

– Айымдар стресстен арылыш үчүн кийим сатып алышат дешет. Сиз көңүлүңүздү кантип көтөрөсүз?
– Менин көңүлүмдү акча көтөрөт. Акчаны көрсөм жыргай түшөм. Кийимге көп кызыкпайм. Бирок башка бирөө мага окшош кийинип жүрсө дароо чечип салам.

– Душманыңыз барбы, алар кимдер?
– Ийгиликтүү адамда душман болот. Аларды жакшы тааныйм. Кээ бири күлүп жайласа, экинчиси эски жараны эстетип жайлайт. Кичине кезимде бир кызды топко кошпой жүрчүмүн. Аны менен кийин бир кинодон кезигип калдык. Ал мени аябай жек көрөт. Кинолорумду, чыгармачылыгымды жамандап жазат. Ийгиликке жетпеген, кебетесине ыраазы болбогон адам ич күйдүлүк кылат экен.

– Акыркы убакта атактуулар тишине брекет салдырып, тиш түздөөнү адатка айлантып алышты. Алардын катарында сиз да барсыз...
– Чыгармачылыктагы адамдардын арасынан биринчи болуп брекет салдырган мен болдум окшойт. 1 жылдан бери тагып жүрсөм да аябай кыйналып кеттим. Жакшы күлө албайм же сүйлөй албайм. Бир жолу «болду тажадым, чечем» десем, жолдошум «сени ушунчалык чыдамкай, кыйын кыз экен деп жүргөм, көрсө жаңылыптырмын» дегенде «ушунча болду чыдайын» деп чечпей калдым.

– Мурдагыдан да сулуу болуп калгандайсың. Сулуулукка кандай кам көрөсүң?
– Мени сулуу кылып сүрөткө тарткан – бул Айфон. Сулуулугума эч кандай кам көрбөйм. Сулуулук салондорунун кызматын колдонбойм, өзүм боёном. Сулуумун деп эсептебейм, бирок өң-келбетиме нааразы эмесмин.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы, актриса Асема: "18 жаштан жогоркулар үчүн тасма тартам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(38)
17.10.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Акча берип туруп жыргатып коюш керек экен))
17.10.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ой йооооо
17.10.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уну жок экен, сынды туура кабыл алат деп ойлойм. Жеке концертинде аркестрдин коштоосунда жандуу ун менен ырдаган экен уну жетпей бутуп калып атты. Уну жеткен ырларды ырдаса болмок. Кобуроок мактанып койгонбу же мен ошондой окуп алдымбы? Ишине ийгилик!
18.10.2017. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shaa-82,туура кабыл алгандын оордуна кайра догурунуп атпайбы. Укпасан укпай эле кой, башкалар угут деп. Кыргыздар качан сынды туура кабыл алчу эле? Туурасын айтсан кайра жаман корушот. Ар бири озун гана укмуш ойлойт. Айткан сындан туура чечим чыгаргандан оордуна.
17.10.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми маек берсе бир таалим тарбия берчу создорду айтып же болбосо башынан откон бир кызык окуяларды айтып беришсе. Чача пача маектерден жадап деле калды окшойт элдер.
17.10.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мунозум оор деп журо бериш керек бекен, адам болгондон кийин ийкемдуу кичи пейил болуш керек.
17.10.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Асема, Анжеликанын маегинен кийин Майрамбек байкеникин окусаңар, тим эле көркөм китеп окугандай болосуң. була бир маңызы жок эле, маанисиз сүйлөй беришет.
17.10.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Я не я дейтко кыз Мадонна жолдо калат.Анжелика Назира Бердигулова Асема Айгерим ушулар озулорун Кудайдын жердеги колокосундой сезет озулорун чучундры.Уйундо болгону коп болсо 3 шкаф кийими бардыр бироодо корсом чечип салам деп.Булар голливуддун артистерине окшоп 2 кабаттуу гардеробный комнатага жетинсе барбы, жерден кийинбейм айдан,марстан заказ мн алдыртып кийинем деп калат.Кыргызбыз да кыргызбыз кичине которулуп калсак асмандан суйлоп калабыз элден озгочолонуп
17.10.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
AKCAHAT,Сайкалды да кошуп койсонор болот.
17.10.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
"Мүнөзүм оор деп эле адамдарга корс сүйлөп жаман көрүнө бербе,анткени алар сени түшүнө турган "апаң" эмес"-деген бир жакшы насаатты Абдышүкүр ажыдан уккан элем. Балким Асем эжебиз окуган эмес окшойт беп ойлодум.
17.10.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жакпайт. мурда жакчу билгенден кийин аман эле бол иши кылып. Уят создор дежур созу. чындыгы такыр интелегенти томон. анча мынча оной суроо берип эфирден кызартсанар болот. Анан озун айдан тушкон сезип журот же бир кыйратып кино тартсачы. Кок жалы болбогон тасма. рекламасы кыйкырса коройун десен жонле убакыт коротмой. Асема жерге туш сен кыйын эмессин анчалык
17.10.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул кыздын ырдаганын УГА элек экенми бирок аткарган ролун коруп баалайт элем интерьвюну уккандан кийин.баркын томонуроок экен.дер калдым
17.10.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супер инфодон көп маалымат алса болот бирок, ислам дини тууралуу да макала жарык көрүп турса сонун болмок. Тарбия, сабыр, ысырапчылык ж.б. Толтура пайдалуу кеңештер бар.
17.10.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
боз салкында аябай жакшы аткарган, роль да абдан жакшы жарашкан бирок,ырларда үнү өтө эле акырын чыгат жана ырларың да мааниси жок.
17.10.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Китеп кобуроок окуш керек экен!
17.10.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
И бул артистерин кайдан китеп окушат эгер Дейл Корнеги Напальен Хил ден суроо берсен очот.
18.10.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тимеле укпаса мен кыйнабайм дейтго сен ошол эл бар учун асема болуп нан жеп журосун туура суйлогонду уйронсонор
18.10.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окшош болуп калса чечип салса ысырафчылык, кудайга жакпаган сапат дейбизби, ошол кийимге муктаж болгондорго бериш керек жок дегенде. Башкасын алганга акча бар чиренип атасын, жок болгондо 1оо эмес 10 адам ошондой кийсе деле киет адам.
18.10.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Такыр жакчу эмес корбой окубай бул келинден айлынып отчумун кайненен баткенге кел десе эмне кыласын десе апам айтканы болот дегенин окуп алып озумчоле суйунуп журом кайненесин сыйлайткен азамат деп
18.10.2017. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
erkeleim,сен да бир кызык неме коруносун. Ал жон гана ошентип, конул учун суйлоп койду да. Чакырбасын, кел дебесин билет эн сонун. Кел, болду уйдо болосун десе, ошол кайненесинин баласы менен ажырашып кетер жон эле.
18.10.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайненеси чакырса жизнь барвайт.
18.10.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күйөөңүз кино тартуу учурунда сиздин артыңыздан жүрүп,өпкөн эпизоттордо башка эркектерге үйрөтүп берип жатса,билбейм кандай эркек?Мага ишенет депсиз.Кызганыч балким,ишенимдин жоктугунан эмес жакшы көрүүдөн,сүйүүдөн,эркектик намыстан болот

18+ кино тартсаңыз бул жакта "хит" болуп кетишиңиз мүмкүн,бирок жердин түбүнө киргенде жооп берүү бир топ эле кыйынга турат деп ойлойм.

Мен кийип жүргөн кийимди бирөө кийгенин көрсөм,чечип салам депсиз,бирөөдөн калган кийимде
18.10.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырдай албайт.боз салкында жакшы ойногон.
18.10.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Buga emne bolgon kaiwalandap jon suiloboi kalyptyr
19.10.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишинизге ийгилик сиздин аткарган кинодогу рольдорунузду эн мыкты деп баалайм жана дагы жаны тасмаларды кутом
19.10.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18+ кинону жон койбоптур. Тайрандап баштагандар узака узабай калды эле, булда бир кун ажырашып тынбасын.
20.10.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон еле суйлой бетбегилечи оозум бар деп ХХХ жакшы соз чыкпайт чынында асема кыйын кыз ырлары катышкан кинолору мага жагат
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-20 12:23:16
20.10.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актриса одной роли.
22.10.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык ушундай ачуу болот достор,баарыңар чычаладыңар го,
23.10.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок эле нерсеге кыпчып айфонун мактанып сен ошондой ачык ролго тартылып жатсан карап турган ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-23 10:31:04
23.10.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйооно рахмат ошондой ролдорго тартылсан карап турган ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-23 15:17:59
24.10.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой боой.коменттерди окуп алып.жалан Асеманы коро албагандар топтолуп алышканбы деген ойго кеттим.
04.11.2017. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакеты интервью,жасалмаланбай барын туз айтыптыр,А то кээбир газетадан башы тушпой калган ырчы ой мен кыйынмын,мен жонокоймун,мен идеальнаямын Деп эле тишин орсойто берет...Асема барын ачык суйлоптур.Озубуз деле жашоодо идеальный эмеспиз го,биз интервью берсек(эгер вообще бироо Жарым чакырса ))))ушундай эле болобуз да.Без фальша,спокойно,уверенно суйлогон кыз экен.Лично мен ишендим.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо