МАЙРАМБЕК ОСМОНОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "АЯЛЫМ МЕНЕН ЖАРАШКАНЫМА ЖАРЫМ АЙ БОЛДУ. БАЛДАРЫМДЫН КЫЖАЛАТ БОЛУШУН КААЛАБАДЫМ"

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

«КАЙСЫ АРЫМА КӨБӨМ?»

– Ар бир пенденин тагдырын Алла Таала күн мурунтан маңдайына жазып коёт экен. Айланаңды карасаң оорчулук жашоо келгендей, мисалы, адам өмүрүн алган жол кырсыктары көбөйдү. Мунун баары адам бардык нерседен дүнүйөнү алдыга коюп койгонунан. Мисалы, өткөндө колунда бар бир адам «Маке, мен бүгүн 3 адамга 5 сомдон садага бердим, болобу?» дейт. Бул болбойт. Садаганы алган адам бир тоё жеш керек.
Бөлөк-бөтөнгө жардам бере албасам да ата-энеме, жакындарыма кайрымдуу болууга аракет кылам. Мисалы, апама күнүгө телефон чалам, ай сайын жакшылык кылууга аракеттенем. Ден соолугун чыңдоо үчүн ар кандай санаторийлерге жиберем, көптөн бери көрүшө элек туугандарын кыдыртам, кыскасы ушундай. Адамдын көзүн май басып, «мен» деп көөп калганда кыйынчылык келет экен. Менин көпкөн учурум болгон жок. Кайсы арыма көбөм? Атам 40 жыл темир уста, апам барсканчы болгон. Экөө бизди кыйналып чоңойтушкан. Атам жалгыз бала болсо, апам жетим өскөн. Ата-энебиз өздөрү өткөргөн турмушун, бизди кантип чоңойткондорун кулагыбызга куюп чоңойтушкан. Таенем апама колхоздун чөбүн чабышып кел деп эшегин берчү экен. Эшек да аял кишинин алсыздыгын билет окшобойбу. Кош бойлуу, колунда көтөргөн баласы бар апама эшек жаткан жеринен турбай койчу тура. Апам байкуш талаанын алыстыгына карабай жөө барып колхоздун чөбүн чаап бир сындырым нан тапканына сүйүнүп келгенин айтып калат.

«МЕНИН ООРУМ – КУРУЛУШ ИШТЕРИ»

– Атам уста болгондуктанбы, сырттын жумушун жакшы көрөм. Менин оорум – курулуш иштери, мен ансыз жашай албайм. Колума акча тийсе эле тактай алам, үй курууга керектүү аспаптарды алам, эскисин айылга жөнөтөм. Аялдын ишине эч качан кийлигишпейм. Бир жолу бир аял көчөгө чогултуп койгон топурак аралашкан таштандысын айры менен салып жатат. Топурак айры менен алынабы, өзүң ойлосоң? Анан мен «ме, калак менен сал» деп калагымды алып барып бердим. Муну мен майдачылдык эмес, көрөгөчтүк деп билем. Аял үйдө болгон мезгилде «чайыңды бер, кетейин» дегенден ашык сүйлөбөйм. Эгер аялдын ылаңдаган оорусу кармап калса, мисалы, «жасабайм, бүгүн эч нерсеге көңүлүм чаппайт» десе унчукпай эле тамак жасап, балдардын кийимин үтүктөп, бут кийимдерди сүртүп коё берем. Анткени мен аялсыз жашап, мындай иштерге бышып калгам. Идиш жууп,тамак жасап койгонду жардам деп түшүнөм. Мисалы, менин кызыма күйөө балам колдоо көрсөтүп, жардам берсе мен сүйүнөм.

«ҮЙ ТАЛАШЫП ЖҮРҮП АЯЛЫМ ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ ЮРИСТ БОЛДУК»

– Жашоодо ар кандай сыноо болот экен. Үй-бүлөмө байланыштуу сыноону мен да башымдан өткөрдүм. 2009-жылдан ушул жылга чейин жубайым экөөбүз үй талашып соттошконубузду көпчүлүк билет. Балдарымдын улуусу жетинчи, кичүүсү үчүнчү класс, үчөө тең акыл-эсине кирип, көп нерсеге баам сала башташты. «Ата, эмне үчүн биз ушинтип кыйналышыбыз керек? Эмнеге биз бактылуу болбошубуз керек? Эмнеге биз чогуу жашабайбыз?» деген суроолорду бере башташты. Анан мен ары ойлонуп, бери ойлонуп калчап отуруп, балдарымдын тың чыкма апасын үйгө алып келгем. Кайрадан чогуу түтүн булатып жатканыбызга жарым ай болду. Үй талаштын эсебинен мен дагы, жубайым дагы юрист болдук. Азыр кимде үй маселеси болсо «консультацияны» укмуш берем. Мен дагы үйлөнүп, ал төрөп, кайра бала бакчага каттап жүрөмбү. Анын психологиясын түшүнүп, арам-адал ойлорун жаттап, жүрүм-турумун тактап отурбай, балдар чоңоюп калганда, буларды жер каратпайын деп аялым менен жараштым. Балдарым эртең эле турмуш жолуна аттанышат, ошондо тойдо «атам келет бекен?» деп кыжалат болушун каалаган жокмун.

«ТАКЫР КЕКЧИЛ ЭМЕС ЭКЕНМИН»

– Аялым мени 8-9 гезитке жамандап чыкканда, мен кырк күндүк дааваттан келгем. Ошонун мага аябай пайдасы тийди. Гезитке чыкканымды жөн гана кабыл алдым. Көпчүлүк «Майрамбек, эр жигиттин башына эмнелер келбейт, сынбай, чөкпөй, сабыр кыл, жеңип кетесиң, бул деле унутулуп калат» дешти. Башымды жерге салып алып бекингеним жок. Тескерисинче, башымды бийик көтөрүп алып элдин жакшылыгында кызмат кылдым. Ырларымдын эки-үчөө хит болду, наам алдык.
Келинчегимдин мени жамандаганынын негизги себеби кызганыч болду го дейм. Балким, мени башкага бергиси келбегендир. Ага болгон мамилемдин башкага арналышын алдын алып, жан дүйнөсүндө будуң-чаң болгондур. Мен азыр аялым менен жарашып эрдик кылдым дейм. Ушундай оош-кыйыш жашоомдон кийин өзүмдүн кекчил эмес экенимди түшүндүм. Азыр жашообуз мурункудай эле уланып жатат. Укмуш өзгөрүүнү деле байкай элекмин, анткени чогуу жашаганыбызга жарым ай болбодубу. Азыр жарнама, кино баштала элек дебейинби. Жалпысынан бири-бирибиздин сырыбызды билебиз. Ал эмоцияга алдырып сүйлөй баштаганда эле «уруштун сөзүн сүйлөбөчү, мен тынч жашагым келет» деп тыйып жатам.

«АЗЫРКЫНЫН ЭРКЕКТЕРИ АЯЛЫН УГУП КАЛЫШЫПТЫР»

– Азыр биздин эркектер энесине кылбаган жакшылыкты катынына кылып, энесине айтпаган жакшы сөздү аялына айтып калышыптыр. Аялы кыл десе кылат, кылба десе кылбайт. Ар ким өзүнүн оорусунун дарысын издейт дегендей, мен ушуга аябай иликтөө жүргүзүп, апаларыбыз менен көп сүйлөштүм. «Апа, келиниңиз кандай чыкты?» деп сурасам «келин кара жерге кирсин, балам ошонун этегине кирип алган» деп калышат. «Санаторийге ким алып келди?» десем, көпчүлүгү «кызым» дешет. Ата-энеге кыз киши күйөт экен. Өзүмдүн эле агаларым «жеңеңден сура» дешкенин билем. Аял кишилер үйдөн бир нерсе ысырап болуп, талаага чачылып кетсин дешпейт. Бирок кайненеге келгенде жакшы ниеттерин жабышат экен. Мен муну аябай көп көрдүм. Апам менен жубайымдын ортосунда кайым айтышуу деле болгон эмес. Психологдук жайым күч, аялым сүйлөй электе эле анын турпатынан, кыймыл-аракетинен апамды жаман көрүп жатканын билчүмүн. Апам тарсылдаган, бетке айткан, ичине эч нерсе жашырбаган адам. Элдешкенден кийин жубайым менен апам жаткан ооруканага бардык. «Садага болоюн, арыктап кетипсиң» десе, тигинин көзүнөн жаш тегеренди. Кандай болгон күндө да эрди-катын урушуп жатканда эч качан ата-энени аралаштырбаш керек. Ушул нерсе жаман экен.

"Аялым эмоцияга алдырып уруш баштаганда тыйып турам".
«Улуу балам 7-класста окуйт, футболго кызыгат. Кызым 5-класста билим алат. Андан сырткары англис, кытай тилдерин өздөштүрүп жатат. Кичүүм 3-класста окуйт, эмки жылы бул да футбол ойнойм деп жүрөт».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(57)
17.10.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
аялы жаш корунот экен, менимче майдачыл эмес ушундай адамдар болот кобунчо тамашага салып суйлоп жаман корунуп алат бирок ичинде кири жок андайлардын, Майрамбек агабыздын да кудуулдук сапаты бар, мен коп созун тамаша катары кабыл алып окудум
17.10.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Майрамбек ичинде кири жок бала, ракмат бактылуу бол уй-булон менен!
17.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушкон жери жакшы болсо кара катын ак болот!!!
17.10.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдан жакшы иш болуптур
17.10.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Майдачылдыгын мен да байкагам. Сармерденде улам эле рааматылык Гулбу эжеге кычып суйлой берген"Элмирбек келбей калды да"-деп кайра-кайра без людей, сурабаса деле. Канткен кундо да аялыныз мн жарашып туура кылыптырсыз. Бактылуу болгуча!
17.10.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurhan2702,"Безилдеп "-деп жазсам, без людей болуп калыптыр. Бактылуу болгуча!
17.10.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ажыга барган Адам ушундай болсо ,билбейм не дешти. Аялына сабырдуулук тилейм
17.10.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ортодо жаш аял ала койдуле.Ага талагын бериптирби,кызык?)
17.10.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай сактасын
17.10.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ото майдачыл киши экени билинип турат, кор жемечи болсо керек аялын кууратат окшойт,жарашканына аз эле болуптур кайра айланып келип эле аялын жамандап атат,бул эл алдына созун ондоп маек берип аткандагысы ушул анан элестетип коргуло уйундо оздору болгондо аялына кылган мамилесин, эркек кишинин мынчалык майда болгону жаман корунуш,эркек киши уйдогу иштерге аралашпай анча-мынча нерсеге коз жумуп койгону дурус.
18.10.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аялыныздын жаман жактарын эле коро бербей,жакшы жактарын да эстей журун.Жандай коргон балдарынды тууп берген и учун да сыйлашын,жакшы коруун керек.Сен апанды кандай жакшы корсон,балдарын да апасын ошончолук жакшы короорун унутпаш керек!!!
18.10.2017. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмне үйүңүз аялыңыздын пайдасына чечилип калдыбы? Жарашканыныздан улам келген ой.))
18.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тоба жарашканы Жакшы болуптур балдары бар экен
18.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялы байкуш балдары учун кайра жарашкандырда.Бактылуу каарылык каалайм экооно,бирок Майрамбек агабыз ото эле начар кишидей, мындай эркек менен жашаш чон эрдик деп ойлойм. Элестеткиле бар жогуна киришип атса. Эркек деген коп нерсени кормоксон,билмексен болуп жашаш керек
18.10.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майрамбек байке суйкайган сулуу аялдын баркын ал жетип жашаныз. Сизге чыдаган аялынызга рахмат. Ал да сиз үчүн эмес, балдары учун эле жарашкандыр.Аялга тенелбей ЭРКЕКТЕЙ болуп жашаныз.
18.10.2017. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тамашалап айтып коет экен да ичиндегисин. Бул жакшы сапат деп ойлойм. Аябай таланттуу мырза. Жарашканынар эн жакшы. Молодцы.
18.10.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп буткучо неррррв болуп кеттим озун таза мактаптыр го.озун мактагандан олгончо кач дейт эле.уч баланы тороп берген аялын да ушинтип жазабы.отто майда адам экен.просто жакшынакай аялына жалко ушундай эркек бешенесине туш келгенине.майрамбек озун асманда жок акылдуу сезетго.келининиз кандай чыкты деп бир гана катындын созу.мындай пейили мн аялына сабыр сабыр.
18.10.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AT ailanyp kazygyn tabat degen tura kep eken daa, nee bolso dagy bakyt kaalaim!
18.10.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Кубик Калыковдун аялы жонундо жазганы жакты. Эркек деп ошол байкени айтып. Лишний бир созу жок. Аялы бактылуу деп ойлойм.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-19 11:14:14
18.10.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куноозду которбой эле коеюн дедим)))).
18.10.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынын айтсам нормальный аялга кечке кемчилигин издеп мээсин жесе ошол аял жинди ажаан болуп чыгат. Ай эркектер 1 жакшы мактоо созунорду айтпайсынар дагы аялдын кемчилигин айтканга жол болсун.
19.10.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
откондо эле жамандат жатты элего
19.10.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстуу жансыз аке, бактылуу болгула
19.10.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,аялынын жамандаган интервьюсун Кайсы жерден окуса болот.
20.10.2017. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Кайрадан аял алып, аны торотуп, бала бакчага каттап эмне кылам" дегенине кошулам, мончоктой болгон балдары бар экен, ошолордун жакшылыгын корушсун жубайы экоо. Эрди катын урушат, эси кеткен болушат, элдешиптир, бакыт каалап койгула да, ким кандай экенин териштирбей.
20.10.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз, айалын жамандабай Эле негизи ата- эне биринчи орунда, болгонун болгондой Эле айткан, апасын ошончолук сыйлайт экен сыйлайм.
20.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аялым менен уй талашып деп жазбайле койсо болмок, настоящий мужчиналар уйун талашпай эле таштап кетишетда ажырашые кетсе ...
20.10.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Merin,
20.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында ойлонбойт кетем деше берет аял кишинин акылы кыска терен ойлонушбайт сиз чындыкты айтыныз эрдик кылыпсыз алып келип сизге таазим арга жок балдарыныз учун жашайсызда
21.10.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун семьясы чытырман токой.Ким кирсе адашат!Так что,жон гана бакыт каалап койолук.
23.10.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракча. Эн туура айттын
25.10.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбай балдарынан аялынан уй талашып юрист болгонун айтыптыр! ХХХХ Сулуу жылдыздуу аял экен ,канчасы жетпей жүрөт мындай аялга !
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-25 11:14:46
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо