№780 13-19-октябрь, 2017-ж.
Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгынан улам каза тапканына байланыштуу президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды эми биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектейт. Мындай буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Темир Жумакадыров 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 2015-жылдан тарта Коопсуздук кеңешинин төрагасы, 2017-жылдын август айынан тарта коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп эмгектенип келе жаткан. Жумакадыров өкмөттүк жыйындарда өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдирип, көйгөйдү жоюу үчүн тапшырмаларды берип келген. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |